"Бизди карабай таштап кетишкен". Афган качкындарынын АКШга жетүү азабы

Shukriah
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибан бийликти колго алгандан кийин Шукрия Афганистандан качып кеткен.
    • Author, Риган Моррис жана Лейре Вентас
    • Role, BBC News, Тихуана

Афган качкындары АКШ менен Мексиканын чек арасында орто жолдо калышты. Талибандан качкан бозгундар АКШнын чек арасына жетүү үчүн Латын Америкасы аркылуу коркунучтуу жолдорду басып өтүштү.

АКШнын чек арасына жакын эле жерде жана Тихуананын сойкуканалар жайгашкан көчөсүнүн эле бери жагында афган үй-бүлөлөрү мусулмандар үчүн гана ачылган биринчи баш калкалоочу жайда өздөрүн коопсуз сезип жатышканын айтышты.

Бирок алар бул жакка жетүү үчүн он бир өлкөнү кезип, жолдо көп запкы жегендиктен, ал жерден алысыраак кетүүдөн коркушат.

Эки жылдан ашык убакыт мурда талиптер бийликти басып алгандан кийин АКШга кетүүнү чечкен бул адамдар алардын Афганистанда келечеги жок экенин айтышат - алар АКШнын союздаштары менен бирге иштегени үчүн Талибандын кысымына кабылышы мүмкүн эле.

Ошентип, алар Иран менен Пакистанда бир нече ай жүрүп, анан ал жактан чыгып кетишкен.

Алар Бразилияга учуп, андан кийин Панаманын кооптуу Дарьен боштугун (ред. токойлуу, саздак чек ара тилкеси) жөө басып өтүп, ал жерден талап-тоноого жана кол салууга кабылышкан.

Афгандардын бир тобу - эркектер менен аялдар - жылаңачтанып чечинүүгө аргасыз болушкан, беткап кийген куралчан адамдар алардын катылган акчаларын издешкен, деп Шукрия көзүнө жаш алып айтып берди.

Мурдагы журналист өз телефонунан көзү көгөргөн тогуз жашар кызынын сүрөттөрүн көрсөттү. Анын айтымында, куралчан адамдар топтон көбүрөөк акча өндүрүп алганга чейин анын балдарын муштум менен уруп сабашкан.

Балдары жакын жерде ойноп жүргөндүктөн "бул тууралуу сүйлөшүү абдан оор" дейт ал.

Albergue Assabil/Mesquita Taybah баш калкалоочу жайында жашоо кайнап, ызы-чууга толгон - көптөгөн жаш балдар ойношуп, кишилер ашканада күрүч, уй эти жана зире менен куркума кошулган буурчак бышырып жатышат.

Балдардын футбол тобу бар бар, бирок чуркап ойногонго жай жок, кичинекей короодо топту ары-бери тээп жүрүшөт. Алар АКШ Афганистандан кетип, талиптер бийликти колго алгандан бери мектепке барыша элек.

A section of the border wall between San Diego, California and Tijuana, Mexico

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Калифорниянын Сан-Диего жана Мексиканын Тихуана аймагынын ортосундагы чек ара дубалынын бир бөлүгү.

Алар Кошмо Штаттардагы жашоосун кайра баштоону чыдамсыздык менен күтүп жатышат - бирок адегенде башпаанек суроонун жолун табышы керек.

Айрымдары эки айдан ашык убакыттан бери АКШнын бийлик өкүлдөрү менен жолугушууну зарыгып күтүүдө.

Кээде мыйзамсыз өтүп кеткен оңой болор деп ойлоп кетишет. Алар башкалардын чек ара дубалындагы бош жерлерден өтүп, документтери тез эле каралганын угушкан. Бирок алар туура жол менен барсак дейт.

Америка Кошмо Штаттары каржылаган Кабулдагы Америка университетинин мурдагы студенти София "бизди карабай таштап кетишкен" дейт.

София өзүнүн чыныгы атын атагысы келбейт - ал баш калкалоочу жайдагы башкалардай эле - бул анын АКШга кирүү мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизет же Афганистанда калган үй-бүлөсүнө кесепети тийип калат деп коркот.

2021-жылы Афганистан талиптердин колуна өткөндө миңдеген афгандыктар Кабулдагы аэропортту каптап, ымыркайларды катардын алдына өткөрүп, АКШ колдогон өкмөт менен бирге иштешкенин далилдөө үчүн документтерин булгалап жатышты.

Алар АКШнын эвакуация рейсине илешип калууга абдан аракет кылышкан.

Софиянын айтымында, АКШ элчилиги ага учуп кетүүнү сунуштаган. Бирок баш аламандыктан улам ал аэропортко жете албай калган.

Анын ордуна ал Иранга, андан кийин Пакистанга кеткен. Ал жерде, анын айтымында, америкалык дипломаттар ага эмиграция үчүн документтерди тапшырууну сунушташкан. Арадан сегиз ай өтсө да эч бир натыйжа болгон эмес, ошондуктан София үй-бүлөсү жана достору менен Бразилияга учуп келип, Американы кыдырып, жөө, автобус, кайык жана такси менен узак сапарын баштаган.

София Шукрия менен бирге болгон эмес, бирок ал дагы биз сүйлөшкөн башка мигранттар сыяктуу эле Панама менен Колумбиянын ортосундагы Дарьен боштугунда тонолгон.

Көптөгөн адамдар контрабандачыларга аларды Панама аркылуу алып өтүү үчүн акча төлөшөт - бул ал жакта өнүгүп жаткан бизнеске айланган. Бирок афгандыктар социалдык медианын көрсөтмөлөрүнө таянып, Дариен боштугунан өтүү үчүн көк түстөгү пластикалык белгилерди ээрчип, коркунучту билдирген кызыл белгилер бар жерден оолак болушкан.

Migrants travelling through the Darién Gap between Panama and Colombia

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Быйыл рекорддук сандагы мигранттар Панамадагы "Дариен боштугу"аркылуу кооптуу сапарга чыгышты

Ошентип алар Кытайдан, Индиядан, Пакистандан, Камерундан келген миңдеген адамдардын артынан ээрчип жөнөшкөн. Учурда эбегейсиз көп сандагы мигранттар өтүүгө мүмкүн эмес деп эсептелген чытырман токойдон өтүп жатышат.

"Жол абдан кооптуу", - дейт София, эгер билсе эч качан мындай жол менен жүрмөк эместигин кошумчалайт ал.

Түнкүсүн алар жапайы жаныбарлардын үнүн угуп үрөйү учкан. Күндүз нөшөрлөп төккөн жамгырдан дарыя ташкындап, көп учурда балдарын, колундагы буюмдарын көтөрүп, тоого чыгууга аргасыз болушкан. Куралчан адамдар алардын акчасын жана зер буюмдарын тартып алышкан. Алар уулуу жыландардын чагып алышынан да коркушкан.

Алар менен бирге бара жаткан бир адам дарыядан өтүүгө аракет кылып, чөгүп кеткенин айтат София. Ал аялдардын зордукталган окуяларын да уккан.

София дарыянын жээгинде кесилген эки колду жана жолдо кишилердин жансыз денелерин көргөнүн айтат.

"Биз ыйлачубуз" дейт ал. "Ал адамдарга эмне болгон? Мүмкүн алар суу ташкынынан өлүп калышкандыр, же жаныбарлар кол салды бекен, же куралчан адамдар атып салдыбы? Эч ким билбейт".

Учурда алар баш калкалоочу жайда, анын сыртынан АКШ көрүнүп турат. Эки жүз кадамдай жөө басса чек ара дубалына жетет. Бирок ушунча нерсе баштарынан өткөндөн кийин да күтүүнүн өзү кыйноо болуп жатканын айтышат.

АКШдан башпаанек издөө үчүн мигранттар CBP One деп аталган мобилдик тиркемени колдонуп, АКШнын Бажы жана Чек ара кызматы менен жолугушууга катталышы керек.

Колдонмо башпаанек алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган, бирок иш жүзүндө андай болгон жок.

Мигранттар жана укук коргоо уюмдары ал тиркеме баш ооруу экенин жана туура иштебей жаткандыктан, аялуу адамдар Мексикада бир нече ай бою жолугушууга кире албай кыйналып жатканын айтышууда.

Men praying
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Латина Мусулман Фондунун" баш калкалоочу жайы адал тамак-аш, эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө жатаканаларды жана күнүмдүк намаз окуу шарттарын түзгөн.

Тихуананын баш калкалоочу жайлары да ошол эле жолугушууну күтүп жаткан адамдарга толгон. Он жыл мурун Азиядан же Африкадан келген мигранттар сейрек кездешчү, бирок азыр бүткүл дүйнө АКШнын түштүгүндөгү чек арада жайгашкан шаарларга келет.

Ошон үчүн "Латина Мусулман Фонду" бул баш калкалоочу жайды 2022-жылы саны өсүп жаткан мусулман мигранттарга кам көрүү максатында ачкан. Анда адал тамак менен баш калка, күнүмдүк намаз окуу шарттары жана эркектер менен аялдар үчүн өзүнчө жатаканалар уюштурулган.

Түз же кыйыр түрдө АКШга иштеген афгандар кайра Афганистанга депортацияланса, аларды өлүм же түрмө коркунучу күтөт, бирок жадагалса АКШга эвакуацияланган афгандар да белгисиз абалга туш болуп жатышат.

Байдендин администрациясы алар үчүн убактылуу визаларды ушул жылдын башында узарткан, бирок алардын көбүнүн иммиграция статусунун келечеги белгисиз бойдон калууда.

Эми жакын арада мигранттар жолугушууга жеткенден кийин да башпаанек суроо ого бетер оор болуп калышы мүмкүн.

Вашингтондо Конгресстеги айрым республикачылар эгер Байдендин администрациясы чек арадагы чектөөлөрдү катаалдатпаса жана АКШдан башпаанек суроону кыйындатпаса, Украина менен Израилге жардам көрсөтүүнү колдобой коёт.

София эки айдан бери баш калкалоочу жайда кезек күтүп, жолугушууга күн сайын аракет кылып жатат.

"Менин күтүүдөн башка аргам жок" дейт ал. София башка барар жери жок экенин жана Афганистанга кайта албай турганын, анткени талиптер анын "АКШнын өнөктөшү" экенин билерин айтат. (ДО)