“Антисанитария жана адам чыдагыс абал” – Газадагы бомбалоо учурундагы төрөт

- Author, Йогита Лимайе
- Role, BBC News, Jerusalem
"Согуштан улам балама ат кое элекмин. Туулганына төрт күн болду", - дейт Кейфая Абу Ассер. Кейфая кызыл жуурканга оролгон ымыркай кызын кучактап саман төшөнчүдө олтурат. Алар Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында БУУнун баш калкалоочу жайга айланган мектебинин бир бурчуна жайгашкан.
Анын жүзүнөн стресс жана чарчоо байкалат. Биринчи жолу эне болуу дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун оор, бирок Кейфая ойго келгис психологиялык травма астында төрөгөнгө аргасыз болду.
Израил аскерлери жарандарды өз коопсуздугу үчүн түштүккө көчүп кетүүнү эскерткенден кийин 24 жаштагы газалык Кейфая үй-бүлөсү менен бирге аймактан чыгып кеткен. Кейфаянын ай-күнү жакындап калган эле.
"Мен чуркап, бир жерден экинчи жерге качып жүрдүм. Аябай чарчадым. Башында Нусейрат лагерине бардык. Бирок бизге жакын жерде бомбалоо болду. Колу-буту үзүлүп кеткен сөөктөрдү көрдүм. Абдан оор болду", - деди ал, окуясын Би-Би-Си үчүн Газада иштеген эркин журналистке айтып берип жатып.
Кейфая жана анын үй-бүлөсү Газанын түндүгүнөн качкан жүз миңдеген кишилердин катарында. Башка көптөгөн адамдар сыяктуу эле ал бомбалоодон качып, бир нече чакырымга жөө басууга аргасыз болгон.
"Ичимдеги балам үчүн абдан кооптуу болду. Такай коркуп жаттым", - дейт ал.
Акыры анын үй-бүлөсү Рафах шаарындагы Кувейт ооруканасына жеткен, бирок анын төрөт бөлүмү жабылып калган эле. Кейфая андан соң жакын жердеги Эмираттын ооруканасына көчүрүлгөн.
"Абдан кыйын болду, анткени төрөп жаткан аялдардын саны көп болчу. Алар Газанын бардык аймактарынан, түндүктөн, түштүктөн жана жакын жерлерден келип жатышты," - дейт ал.
"Ооруну басаңдатуучу дарылар жетишсиз болчу. Андыктан, алар дарыны оорусу чыдагыс болуп, эң муктаж болгондорго гана колдонушту," - деп кошумчалайт ал.
Ал эч кандай ооруну басаңдатуучу дарысыз төрөдү."Согуштан улам балама ат кое элекмин. Туулганына төрт күн болду", - дейт Кейфая Абу Ассер. Кейфая кызыл жуурканга оролгон ымыркай кызын кучактап саман төшөнчүдө олтурат. Алар Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында БУУнун баш калкалоочу жайга айланган мектебинин бир бурчуна жайгашкан.

БУУ Газанын саламаттыкты сактоо системасы "толугу менен кыйраган" абалда экенин жана ооруканалардын үчтөн бир бөлүгү жабылып, иштеп жаткан калган мекемелерге басым күчөгөнүн билдирди. Уюм болжол менен 50,000 кош бойлуу аял конфликттин чордонунда калганын жана ооруканалардын абалына карабастан, күнүнө болжол менен 160 аял төрөп жатканы айтылат.
Көптөгөн кош бойлуу аялдар үчүн коопсуз төрөт кызматтары жок, анткени ооруканалар жарадарларга толуп, генераторлор үчүн күйүүчү май, дары-дармектер жана негизги каражаттар жетишсиз. Ага кошумча, төрөт учурундагы өзгөчө кырдаалдарды жайгаруу да мүмкүн эмес.
Төрөгөн аялдардын бири Ола Абу Оали.
"Менин балам эки жумалык. Ал согуш жүрүп жатканда, дал ушул мектепте төрөлгөн", - дейт ал Би-Би-Синин Газадагы штаттан тышкаркы журналисти Мажди Фатхиге.
Оланын дагы бир уулу бар. Алар учурда Рафахтагы качкындарга толгон башка БУУнун мектебинде баш калкалоодо.
"Эки балам тең ооруп жатат. Ашказаны көөп, ичтери катуу өтүп жатат. Баламды эмизген сайын кусуп атат. Башка баламды үч жолу ооруканага алып барып даары тамыздым, бирок анын абалы өзгөргөн жок", - дейт Ола.
Газадагы жер которгондор үчүн эң чоң көйгөйлөрдүн бири таза суу болууда. БУУнун айтымында, ар бир адам бардык муктаждыктары үчүн күнүнө болгону үч литр гана суу колдоно алат.
"Бизде суу жок. Балама сүт жок. Ал эми ажатканалардын абалы киши чыдагыс. Ал жактын жытын айтпа, аны колдонуу үчүн кезек күтүшүбүз керек", - дейт Ола.

Вафаа Юсуф Фахри Ахмед бир мектепте Ола менен бирге баш калкалоодо.
"Кош бойлуумун. Баламдын өмүрү үчүн коркуп жатам. Төрөт күнүм жакындап калды. Жашап жаткан чөйрөдөн кабатырмын, ооруларга чалдыгып калуудан кооптонуп жатам. Бизде жөпжөнөкөй тазалык үчүн суу жок ", - дейт ал.
Вафаа Газанын түндүк чек арасына жакын Бейт-Ханун шаарынан болот, ал башкалардай эле коопсуз жай издеп бир жерден экинчи жерге көчүп-конуп келген.
"Биринчи, биз Аль-Муаскар аймагындагы мектепке бардык. Ал жактан да кетүүнү талап кылышты, андан түштүккө келдик. Биз жолдун бир бөлүгүн араба жана эшектер менен басып өттүк. Бирок көбүнчө жөө жүрдүк. Жаныбызда ичкенге суу жок болчу, ошондуктан деңиздин суусун ичүүдөн башка арга калбады. Күйөөм, бизге суу ичүүгө бир бөтөлкө табам деп аябай чуркады," - дейт ал.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жетишерлик камкордуктун жоктугунан Газада энелердин өлүмүнүн көбөйүшү күтүлүп жатканын билдирди. Алар согуштук аракеттердин кош бойлуулукка түздөн-түз, өлүмгө алып келчү кесепеттери бар экенин белгилеп, мындай абалда стресстен улам боюнан түшүп калуу, өлүү төрөт жана мөөнөтүнөн мурда төрөп коюу көбөйөрүн айтышкан.
Асма Газа шаарынан, бирок ал азыр үч кичинекей баласы менен Газанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Дейр Аль-Балах шаарындагы Аль-Акса оорукана комплексинде чатырда жашап жатат.
Ал кош бойлуу. Үйүнөн качып чыгууга аргасыз болгонго чейин Газа шаарындагы Аль-Шифа ооруканасына текшерүүгө барып турган.
"Бомбалоолордун тынымсыз үнүнөн улам Аль-Шифада көптөгөн аялдардын боюнан түшүп калды. Мындай абал, өзгөчө, кош бойлуу энелер үчүн такыр чыдагыс. Мен ичимдеги балам үчүн корком. Боюмдан түшүп калбаса экен деп абдан тынчсызданып жатам. Күн сайын уйкудан сөөктөрүбүз ооруп ойгонобуз. Биз антисанитардык шарттарда жашап жатабыз," - деп билдирди Асма.
Асма чарчаганын, согуштун токтошун каалап жатканын айтат.
"Мен ок атышууну токтотууну суранам. Ушунчалык кыйналгандай балдардын эмне күнөөсү бар? Менин жарык дүйнөгө келе элек баламдын күнөөсү эмнеде?" (ДО)
Кошумча маалымат Газадагы Мажди Фатхи жана Иерусалимдеги Ханин Абдинден алынды.










