You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Владимир Путин согуш кылмыштары доосуна ылайык камакка алынышы мүмкүнбү?
- Author, Роберт Пламмер
- Role, BBC News
Эл аралык кылмыш соту (ЭКС / ICC) Орусиянын азыркы таптагы президенти Владимир Путинди согуш кылмыштары үчүн камакка алуу тууралуу буйрук чыгарган соң, Түштүк Африканын өкмөтү 2023-жылы августта өтөөрү белгиленген ири жыйынга Путинди чакыраар-чакырбастыгы тууралуу суроону караштырууда.
Деги ЭКС чыгарган буйрук чыныгы күчкө ээби, ар кандай өлкөнүн өкмөтү Путинди чындап камакка алууга жөндөмдүүбү? деген суроолор да абага калкып чыкты.
Деги президент Путин эмне жоругу менен доого кабылууда?
ЭКСтин 2023-жылдын 17-мартында жарыяланган буйругу Орусиянын президенти Владимир Путинди гана эмес, бул өлкөнүн балдардын укуктары боюнча комиссары (акыйкатчысы) Мария Львова-Белова айымды да да камакка алууну талап кылат.
ЭКСтин буйругунда алар 2022-жылдын 24-февралында Орусиянын Украинага каршы кеңири өлчөмдө улантылган баскынчылыгынан кийин Украинадан Орусияга мыйзамсыз көчүрүлгөн (депортацияланган) украин балдары үчүн экөө тең жеке жоопкерчиликке ээ экендиги айтылат.
ЭКСтин буйругу ошондой эле Путинди украин балдарын согушуп жаткан өлкөнүн ичкерки аймагына мыйзамсыз депортациялоону токтотуу үчүн өзүнүн президенттик ыйгарым укуктарын колдонгон жок деп айыптайт.
Украинанын Улуттук маалымат бюросунун маалыматына караганда, бул өлкөдөн 16 221 бала Орусияга күч менен алынып кеткен.
Расмий Киев тарабынан Украинанын аймагында жасалган согуш кылмыштарын иликтөөгө Эл аралык кылмыш сотуна (ЭКСке) атайын ыйгарым укук (юрисдикция) берилгендиктен, ЭКС бул ишти колго алды.
Бул эл аралык сот БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн биринин мамлекет башчысына каршы тарыхта алгачкы жолу буйрук чыгарганы коомчулук назарын бурдурду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Эл аралык кылмыш сотунун бул кадамын "тарыхый чечим, андан тарыхый жоопкерчилик башталат" деп жогору баалады.
Эл аралык кылмыш соту деген эмне?
Нидерланддардын Гаага шаарында жайгашкан Эл аралык кылмыш соту тукум курут (геноцид), согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыпталган кишилерди иликтеп, сот жазасына тартат.
Ал 1998-жылы Рим статутунун (макамынын) негизинде түзүлүп, 2002-жылдан тартып иш жүргүзө баштаган.
Тергөө иштерине сарптоо үчүн анын жылдык бүжөтү 130 миллион фунт стерлингди түзөт. ЭКС негизделгенден бери 40 ишти карап, 10 кишини сот жазасына тартканы маалым.
Учурда ЭКСке мүчөлүккө 123 мамлекет кол койгон жана алар анын ыйгарым укуктарын кабыл алышат.
Бирок Орусия ЭКСке мүчөлүккө кол койгон эмес. АКШ менен Кытай да ЭКСке кошулган жок.
Эл аралык кылмыш соту Путинди камай алабы?
ЭКСтин шектүүлөрдү өзү эле барып камакка алууга бийлиги жок.
Соттун президенти Пиотр Хофмански Путинди камакка алуу - эл аралык коомчулуктун иши экенин айтты.
Путиндин Орусиядагы саясий бийлиги талашсыз болгондуктан жана Орусия ЭКСке эч качан кошулбагандыктан, анын өз өлкөсүндө эле ЭКС үчүн камакка алынышы ушул тапта мүмкүн эмес.
Кремлдин тышкы саясат мекемесинин басма сөз катчысы Мария Захарова айым Путин менен Львова-Белованы камакка алуу буйруктарын "маанисиз" деп четке какты жана алар "эчтекеге жараксыз" деп баалады.
Анткен менен Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Халид Хан Би-Би-Сиге билдиргендей, ЭКСтин доосуна кабылган бул эки саясатчы Орусия Эл аралык сотту тааныбай койгондугу үчүн эле согуштук кылмыштар боюнча айыптоодон эч кутула алышпайт.
"Бардык мамлекеттер эл аралык мыйзамдарга баш ийүүгө милдеттүү", - дейт Халид Хан.
Өлкөлөр камоолорду ишке ашыра алышабы?
Путин быйыл августта Брикс өлкөлөрүнүн (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканын) жыйынына катышуу үчүн Түштүк Африкага барууга тийиш.
Түштүк Африка жумуриятынын бийликтери Эл аралык кылмыш сотуна мүчө болууга макулдук берип, макамга кол койгон. Демек, бул жумурияттын өкмөтү ЭКСтин Путин мырзага каршы камакка алуу буйругун аткарышы керекпи, же аны сый конок катары урматтап кабыл алууга тийишпи? Мына ушул оор суроо Түштүк Африка жумуриятынын өкмөтүн түйшөлтүүдө.
"Түштүк Африка өз мыйзамдарыбыздын аракеттеги жоболорун карап чыгышы керек", деди өлкөнүн тышкы иштер министри Наледи Пандор айым.
Бирок, ал ошондой эле Эл аралык сотту кош стандарттуулук үчүн айыптап чыкты:
"Чыр-чатактар болгон учурларда өтө олуттуу кыянаттыктарды жүзөгө ашырган көптөгөн өлкөлөр жана мамлекет башчылар деле бар, бирок алар суудан кургак чыгышты", - деди Пандор айым.
Түштүк Африка менен Орусиянын достук карым-катнашы бар жана алардын аскер деңиз флоттору быйыл февралда биргелешип машыгуулар өткөрүштү.
Түштүк Африка жумурияты буга чейин эле Эл аралык кылмыш сотунун камакка алуу буйруктарын көңүл сыртында калтырып жүргөн.
ЭКС Судандын президенти Омар ал-Баширди адамзатка каршы кылмыштары доосуна ылайык камакка алууга 2009 жана 2010-жылдары буйрук чыгарган.
ЭКС сотунун буйруктары 2003-жылы 300 000 кишинин кыргынга учурашына алып келген Дарфурдагы жаңжалга байланыштуу чыгарылган болчу.
Бирок Омар ал-Башир 2015-жылы Түштүк Африка жумуриятына барганда, Түштүк Африканын бийликтери аны камакка алуудан баш тартышкан.
Путин мырза 2023-жылы июнда индиялык Уттар-Прадеш штатына караштуу Варанаси шаарына келип, мында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышаары жана ушул эле жылы күзүндө Индияга дагы бир жолу келип, сентябрдагы "Чоң жыйырмалыктын" (G20) саммитине катышаары белгиленген.
Бирок, Индия ЭКСке кол койгон эмес жана ЭКСтин камакка алуу буйруктарын ал дагы аткарбай коёт ко деп күтүлүүдө.
Орусия менен достук мамиледе болгон Венгриянын өкмөтү өзүнүн ЭКСке кол койгондугуна карабастан, Путин мырзаны өз аймагында камакка албай тургандыгын билдирди.
Мажар өкмөтүнүн айтымында, бул камакка алуу - өлкөнүн Башмыйзамына каршы келмек.
Путин Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушу башталгандан бери сегиз өлкөгө - мурдагы советтик жети жумуриятка жана Иранга барып келди. Алардын бардыгы тең Орусия менен достук мамилелерин улантып келишет.
Путин өзүнүн камакка алынышы мүмкүн болгон кайсы бир өлкөгө барышы деле өтө күмөн иш.
Бирок Путиндин кайсы бир чет өлкөдө камакка алынышынын ыктымалдуу коркунучу келечекте анын чет жерге саякаттоо эркиндигин олуттуу чектеши мүмкүн.
Путин чындап эле сот жоопкерчилигине тартылышы мүмкүнбү?
Эгерим Путин камакка алынса деле, анын ЭКС тарабынан соттолушуна бир катар укуктук тоскоолдуктар келип чыгышы ыктымалдан алыс эмес.
Бул эл аралык кылмыш соту (ЭКС) өзүн негиздөө жөнүндөгү документке кол койгон жана анын укуктук макамын кабыл алган өлкөлөрдүн атынан доолорду кароо үчүн түзүлгөн эмеспип. Арийне, Орусия мындай өлкөлөргө жатпайт.
Ал эми Украина ЭКСтен Орусиянын бул болжолдонгон согуш кылмыштарын иликтөөнү суранганына карабастан, расмий Киев, иш жүзүндө, ЭКСтин өзүнө мүчө өлкө боло элек (Киев ЭКСтин Рим статуттарына коюлган колду алигиче ратификациялай элек).
Арийне, ЭКС Орусиянын президенти Владимир Путин мырза менен бул өлкөнүн балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белова айымды камакка алуу жөнүндөгү өзүнүн 2023-жылдын 17-мартындагы буйругун туура чечим катары коргоп чыкты.
ЭКСтин айтымында, Украинага каршы адилетсиз согуш ачкан Орусиянын согуштук кылмыштары дагы эле улантылып жатат жана бул буйрук аркылуу ЭКС Украинадагы баскынчы орусиялык аскерлердин андан аркы согуштук кылмыштарына бөгөт коюуга далаалат жасоодо. (TT)