Эмне үчүн өкмөттөр TikTok коопсуздугуна тынчсызданууда?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Джо Тайди
- Role, Кибер кабарчы
Кытайда жайгашкан ТикТок аттуу видео бөлүшүү платформасынын башкы аткаруучу директору суроолорго жооп берүү үчүн АКШ конгрессиндеги угууга биринчи жолу катышты. Ушул эле учурда айрымдар улуттук коопсуздук жаатындагы санааркоону туудуруп жатат деп эсептелген ТикТок тиркемесине жалпы улуттук тыюу салуу чакырыктары да күчөп жасалып келет.
АКШ, Улуу Британия, Канада жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн расмий жетекчилери мамлекеттик кызматкерлердин уюкфондорунан ТикТок аттуу видео бөлүшүү платформасын өчүртүп жаткан кезеңде, Европанын бир катар өлкөлөрүндө ага тыюу салышты. Ал эми ТикТоктун башкы директору Шоу Цзы Чью болсо ТикТок коопсуз экендиги тууралуу өз жүйөөсүн айтып, бир нече ай бою билдирүүлөрдү жасап келди.
Кытай АКШны тез өнүгүп келе жаткан ТикТок компаниясын муунтуу үчүн киберкоопсуздуктан коркуу сезимин өтө апыртып баяндап жатат, деп айыптады.
Ал эми Кошмо Штаттар интернеттеги бул коомдук тармак тыңчылык максатта колдонулушу ыктымал деген санааркоого батып турат. Бул кырдаалда ТикТок платформасы АКШда мажбурлоо менен сатылышы же ага таптакыр тыюу салынышы ажеп эмес.
ТикТоктун аткаруучу жетекчилерине көңүл буруңуз.
2020-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Доналд Трамп тарабынан аз жерден ТикТок тиркемесине тыюу салына жаздаган. Бирок ТикТок тиркемесинин болжолдуу коркунучу тууралуу улам жаңы санааркоо сөздөрү бул платформанын жетекчилигинин дарегине ырааттуу айтылып келүүдө.
Көптөгөн өтө татаал укуктук жана мыйзамдык күрөштөрдүн натыйжасында талаш-тартыштар акырындап токтоп калды, анткени 2021-жылы бийликке келген президент Жо Байден мурдагы президент Трамптын ТикТок тиркемесине тыюу салуу жөнүндөгү сунушун жокко чыгарган эле.
Ошондо ТикТоктун өзүнүн башчылары да, бул социалдык медиа колдонмосуна таянган миллиондогон таасирдүү кишилер да жеңилдене дем ала түштү.
Бирок азыркы тапта ТикТок видео тиркемеси эски туңгуюкка кайрадан кептелгендей кырдаал жаралды.
Мурдагыдан айырмасы - эми тыюу салуунун ыктымалдыгы өзгөчө өсүп чыкты.
Үч жылдай мурда президент Трамп сунуштаган тыюу салуу учурунда дүйнө жүзү боюнча кардарлар ТикТок тиркемесин дээрлик 800 миллиондой ирет өз уюкфондоруна жүктөп алышкан болчу. Ал эми азыркы тапта бул тиркемени 3,5 миллиард жолу уюкфондорго жүктөштү. Бул тууралуу Sensor Tower деп аталган жана тиркемелер жаатын иликтеп келе жаткан компания шардана кылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Буга Кытай менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы геосаясий тирешүүлөрдүн күчөп жатышын кошсок, ТикТоктун жалпы дүйнөлүк келечеги болуп көрбөгөндөй кооптуу кырдаалга кептелип тургандыгын аңдайбыз.
Эми ТикТоктун киберкоопсуздукка зыян келтириши боюнча үч кооптуу өңүттү айта кетели. Бул үч санааркоого ТикТок тиркемесиин башкарган компания эмне деп жооп кайырат?
1. ТикТок "ашыкча" көлөмдөгү маалыматтарды чогултат
ТикТоктун басма сөз катчысы болуп иштеген Брук Оберветтер (Brooke Oberwetter) деген айым Би-Би-Сиге курган маегинде бул тиркеменин маалымат чогултуу тажрыйбасын заманбап өнөр жай тажрыйбаларына толук дал келет деп баса айтты.
Сынчылар ТикТок тиркемесин өз кардарларынан өтө зор көлөмдөгү маалыматтарды жыйнап алып жатат, деп айыпташат.
Internet 2.0 аттуу австралиялык киберкомпаниянын изилдөөчүлөрү тарабынан 2022-жылдын июлунда жарыяланган киберкоопсуздук баяндамасы, адатта, далил катары келтирилип жүрөт.
Окумуштуулар ТикТок тиркемесинин булактык баштапкы кодун изилдеп чыгышты. Алардын баяндашынча, бул тиркеме чын эле "ашыкча маалымат чогултуу" менен алектенүүдө.
Талдоочулардын айтымында, TikTok компаниясы өз кардарларынын жайгашкан жери, алар кайсы жабдууну колдонуп жаткандыгы жана кардардын жабдуусунда башка кандай тиркемелер бар экендиги сыяктуу кошумча маалыматтарды чогултуп жатат.
Бирок, Citizen Lab тарабынан жүргүзүлгөн окшош тест: "башка популярдуу социалдык медиа платформаларына салыштырмалуу, TikTok колдонуучулардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө үчүн окшош маалыматтарды чогултат" деген жыйынтыкка келген.
Арийне, Citizen Lab компаниясы жана Жоржия Технология институту жарыялаган соңку иликтөөдө бул сыяктуу маалымат чогултуу иш-аракети интернеттеги башка тиркемелер жана программалар аркылуу деле жүзөгө ашырылып келет, деген бүтүм чыгарылган.
2. Кытай өкмөтү ТикТокту тыңчы катары колдонушу мүмкүн
ТикТоктун жогоруда эскерилген басма сөз катчысы Брук Оберветтер Би-Би-Сиге өз компаниясы Кытай өкмөтүнөн толугу менен көз карандысыз экенин белгиледи жана "Кытай өкмөтүнө кардарлардын жеке маалыматтарын берген эмеспиз жана сураса деле биз эч качан бербейт болчубуз", - деди.
Бул жооп купуялык боюнча адистердин кыжырын келтирсе да, арабызда көпчүлүгүбүз купуя маалыматтарды берүүнү интернеттин коомдук тармактары менен ар бир кардар түзүп жаткан келишим катары кабыл алабыз.
Бизге өз тейлөө кызматтарын акысыз сунуштоо үчүн алар биз жөнүндөгү билимди чогултушат да, бул билимди өздөрүнүн платформасын жарнамалап сатуу үчүн колдонушат, же интернеттин башка барактарында бизге өз өнүмүн жарнама кылууга аракет кылып жаткан башка фирмаларга биз тууралуу маалыматтарды сатышат.
Көйгөйдүн жөнү мындайча: ТикТок тиркемесини ээси - Бээжинде жайгашкан ByteDance технологиялык дөө-шаа компаниясы.
Ал эми дүйнө жүзүнө кеңири таркалган башка негизги тиркемелер (Facebook, Instagram, Snapchat жана YouTube) деле окшош көлөмдөгү маалыматтарды чогултушат, бирок ТикТоктон башка бардык компаниялар АКШда негизделген.
Көптөгөн жылдар бою АКШнын мыйзам чыгаруучулары дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен бирге толук ишеним деңгээлине ээ болушкан: бул америкалык платформалар чогулткан маалыматтар улуттук коопсуздукту тобокелге салышы мүмкүн болгон карасанатай максатта эч качан колдонулушпайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Доналд Трамптын 2020-жылдагы буйругу ТикТоктун маалыматтарын чогултуу Кытайга "федералдык кызматкерлердин жана алардын өнөктөштөрүнүн жайгашкан жерлерин аныктоого, шантаж үчүн жеке маалыматтардын куржунун толтурууга жана тар корпорациячыл тыңчылыкты жүргүзүүгө" мүмкүндүк берет деген шектенүүнү өзүнө камтыйт.
Буга чейинки далилдер бул шектенүү - теория жүзүндөгү тобокелдиктин ишаарасына жатаарын гана көрсөтүп турат, бирок 2017-жылы Кытай тарабынан кабыл алынган жаңы мыйзамдын бүдөмүк бөлүгү кооптонууну жаратууда.
Кытайдын Улуттук чалгындоосу жөнүндө мыйзамдын жетинчи беренесинде Кытайдын бардык уюмдары жана жарандары Кытайдын чалгындоо аракеттерин "колдоосу, аларга жардам берүүсү жана алар менен кызматташуусу" керек деп белгиленген.
Бул сүйлөмдү ТикТок тиркемесинен гана эмес, бардык башка кытай компаниялардан да шектенген кишилер көп ирет мисалга алышты.
Бирок, Жоржия Технологиялык институтунун изилдөөчүлөрү бул сүйлөм контексттен жулуп алынган деп ырасташат жана мыйзамда тиркемени колдонуучулардын жана жеке компаниялардын укуктарын коргогон эскертүүлөр да бар экенин белгилешет.
2020-жылдан бери ТикТок тиркемесинин жетекчилери калайыкты кытай кызматкерлери кытайлык эмес колдонуучулардын маалыматтарына кире албайт деп бир нече ирет ишендирүүгө аракет кылышкан.
Бирок 2022-жылы декабрда ByteDance компаниясы өзүнүн Бээжинде жайгашкан бир нече кызматкерлери жок дегенде эки америкалык журналисттин жана "аз сандагы" башка кишилердин купуя маалыматтарын окууга жетишкендигин мойнуна алды. Бул мыйзамсыз кирүү тыңчылык максатында жасалган: ал кызматкерлер айрым кардарлар компаниянын ички маалыматын медиага жарыялап салуу үчүн ТикТок тиркемесинин кызматкерлерине жолугушту беле же жокпу? деген маселени тымызын тактоо далалатын жасашкан сыяктуу.
ТикТоктун басма сөз катчысы Оберветтер айымдын айтымында, маалыматтар кампасына тымызын кирген кызматкерлер былтыр декабрда иштен бошотулган.
ТикТок тиркемесин башкарган фирманын ырасташынча, кардарлардын купуя маалыматтары АКШда жана Сингапурда сакталат жана эч качан Кытайда сакталган эмес. Компаниянын айтымында, ал башка жерлерде да маалымат кампаларын жайгаштыруунун үстүндө иштеп жатат. Маселен, ал Ирландияда курулуп жаткан маалымат кампасында Улуу Британиянын жана Евробиримдиктин бардык кардарларынын маалыматтарын 2024-жылга карата иштетүүгө беленденүүдө.
3. ТикТок тиркемеси "маңкурт кылчу" арга катары колдонулушу ыктымал
ТикТоктун басма сөз катчысы Оберветтер айым: "Биздин Жамааттык өзөккү жоболорубуз өз коомубузга же алда канча кеңири алкактагы коомчулукка зыян келтирчү туура эмес маалыматты жайылтууга тыюу салат", - деди.
2022-жылдын ноябрында АКШнын Федералдык Тергөө бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй америкалык мыйзам чыгаруучуларга: "Кытай өкмөтү... таасир көрсөтүү амалдары үчүн колдонулушу мүмкүн болгон сунуштоо алгоритмин көзөмөлдөй алат", - деп айткан.
ТикТоктун жергиликтүү шериги болгон Доуин (Douyin) тиркемеси Кытайда гана иш-аракет жүргүзөт жана бул тиркеме кытайлык бийликтер тарабынан өзгөчө катаал цензураланып келет. Бул жагдай да кооптонууну ого бетер күчөтүүдө.
Негизинен, Кытайдын ичиндеги бардык интернеттик коомдук тармактар бийликтер тарабынан катаал цензурага алынган. Эгерде шойкомдуу делген маалымат тиркемеге чыкчу болсо, интернет полициясынын кезметте турган жоокерлери бул тиркеменин тиешелүү мазмунун өчүрүп салат.
ТикТоктун жогорку сереге чыгаарынын алдыңкы мезгилинде бул тиркемеде чуу жараткан цензуралык учурлар катталган. Маселен, АКШдагы бир кардар Бээжиндин Шинжаң-Уйгур автоном районундагы мусулмандарга жасаган ырайымсыз мамилесин белгилеп, талкуулаганы үчүн эле анын ТикТок тиркемесиндеги эсеби убактылуу тоңдурулган.
Citizen Lab компаниясынын изилдөөчүлөрү ТикТок менен Доуинди бири-бирине салыштырышты. Алар ТикТок тиркемеси Доуиндин саясий цензурачыл турумундай турумду ээлебейт экен, деген жыйынтыкка келишкен.
"ТикТок платформасы кардардын катын ачык-айкын окуй турган цензураны колдонбойт", - дешет изилдөөчүлөр.
Жоржия Технология институтунун окумуштуулары ошондой эле Тайвандын көз карандысыздыгы же Кытайдын премьер-министри Си Цзиньпин тууралуу азилдер жаатындагы темаларды издеп, мындай жыйынтыкка келишкен: "Бул темалык түрлөрдүн бардыгы жөнүндөгү видеолорду ТикТокто оңой тапса болот..."

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Теориядагы тобокелдик
Мындагы жалпы сүрөт, демек, теория түрүндөгү коркунучтардын бири жана теория жүзүндөгү тобокелдик болуп саналат.
Сынчылар болсо ТикТок тиркемесин авторитардык Кытай демократиялык Батышка жөнөткөн "троялык ат" катары мүнөздөшөт. Балким, тынч маалда ТикТок чөптөн жапыз болоор, бирок тагдыр чечээр учурда ал кубаттуу куралга айланышы ажеп эмес.
АКШнын ТикТокко тыюу салышы бул тиркемеге олуттуу кесепетин тийгизиши мүмкүн, анткени, адатта, АКШнын үзөңгүлөштөрү анын мындай чечимдерин колдоого алып келишет.
Албетте, бул тобокелдиктер бир багыттуу көчөгө тете экендигин баса белгилей кетүү керек.
Кытай, маселен, АКШнын аракеттеги тиркемелери жана интернет барактары жаатында дээрлик эч "кабатырланбашы" керек, анткени Бээжин КЭРдин жарандарына АКШнын далай интернет барактарына кирүүгө бөгөт койгон жана бул тыюулар бир катар жылдардан бери күчүндө калып келүүдө. (TT)







