You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
GaaSyy: Ишке келбеген жапон депутат-ютубер парламенттен айдалды
- Author, Шайма Халил
- Role, Токиодогу кабарчы
YouTube каналында элге таанылып, анын аркасы менен депутат болгон саясатчы Йошикадзу Хигашитани кесиптештеринин чечими менен эч качан ишке келбегени үчүн Сенаттан чыгарылды.
Көрсө, ал жети ай мурун депутат болуп шайланганына карабастан парламенттин жыйынына бир да жолу келбептир.
Тартип комиссиясы аны көп айлап ишке келбегени үчүн депутат макамынан ажыратты.
Атактуулар ушагы
Шайлоочулар Хигашитанини парламенттин жогорку палатасына өткөн жылы июлда шайлашкан. Ал Youtube каналында GaaSyy деген ат менен атактуулар жөнүндөгү ушактарды чыгарып таанымал болгон.
Парламенттен чыгарып жиберүү - депутат үчүн эң оор жаза. Бул Жапонияда 1950-жылдан бери эки эле жолу болгон. Ал эми көп айлап ишке келбегени үчүн парламенттен айдалган бул биринчи депутат.
Палата өзүнүн чечимин ушул аптада биротоло мыйзамдаштырган жатат.
"Ишке келбеген депутат" атыккан саясатчы Бириккен Араб Эмираттарында жашайт деп айтылууда.
ЖМКлардагы маалыматка караганда, анын парламентке келбей жаткан коркок билиши бар өңдүү. Көрсө, ал атактуулар тарабынан алдамчылык жана жалганчылыкка айыпталып камалып кетишим мүмкүн деп коркуп жатыптыр.
Ал Сейдзика-дзёси-48 оппозициялык партиядан парламентке шайланган эки мүчөнүн бири. Анын партиясы мурда NHK аты менен белгилүү эле. Ал Жапониянын коомдук телекөрсөтүүлөрүн реформалоого чакырып келатат. Аталган партия жарнама максатында атын байма-бай алмаштырууда, дейт «Асахи Симбун».
Акыркы шанс
Өткөн аптада парламент Хигашитаниден Токиого учуп келүүүнү, ишке келбей жатканы үчүн кечирим суроону талап кылган. Мыйзамчылар бул анын күнөөсүн кечиргенге акыркы шанс деп жарыя айтышкан.
Бирок Хигашитани пленардык жыйынга келбей койду. Анын ордуна ал Түркияга барарын, өзүнүн эмгек акысын жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам катары бергени жатканын өзүнүн YouTube каналынан бейкапар гана кабарлады.
Сенаттын мүчөлөрүнүн ого бетер жаны кашайып, ушул аптада аны чыгарып жиберүүгө добуш беришти. Башка партиядан шайланган бир гана кесиптеши Хамада Сатоши чырылдап, Хигашитанинин өзү жокто парламенттен чыгарып салуу мыйзамсыз болот деп каршы болду. Бирок комитет бир добуштан аны чыгарып жиберүүгө чечим кылып добуш берди. (КС)