Жапон императору тактыдан баш тартты

Жапон императору Акихито тактыдан баш тартты. Мындай учур соңку 200 жылдан бери болгон эмес.

85 жаштагы император ден-соолугуна жана жаш курагына байланыштуу кызматын аркалай албай калган үчүн тактыдан баш тартууга макулдук сураган. 2017-жылы парламент атайын мыйзам кабалы алууга аргасыз болду. Ошону менен императордун тактыдан баш тартышына расмий уруксат берилген.

Жапонияда император саясий бийликке эгедер эмес. Бирок конституция боюнча мамлекеттин бүтүндүгү жана биримдигинин маанилүү символу.

Акихито тактыда турган учурда өлкө оор күндөрдү башынан кечирип, император бардык учурда букараларына күйүмдүү жана кайрымдуу боло алды. Ошонусу менен жапондордун сүйүүсүнө, урмат-сыйына татыды. Шейшембиде тактыдан баш тартуу боюнча расмий салтанат өтөт.

Баш тартуу салтанаты

Расмий салтанат император сарайында болот. Ага 330 чамалуу киши катышат. Император элге кайрылуу жолдойт.

Акихитонун 59 жаштагы уулу, мураскер Нарухито кийинки күнү тактыга олтуруп, таажы кийет. Жапонияда "Рэйва" деген аталыштагы жаңы доор башталат. "Хэйсэй" доору ошону менен бүттү деп саналат.

Акихито Жапониянын 125-императору. Ал дүйнөдөгү эң узак жашаган династиянын урпагы. Тактыга 1989-жылы 7-январда олтурган.

Акихито соңку 200 жыл ичинде өз ыктыяры менен баш тартып кеткен биринчи монарх болуп калды. Андан мурунку мындай учур 1817-жылы болгон.

Акихито тактыдан кеткенден кийин "дайдзе тэнно" наамы берилет. Мурдакы артыкчылыктарын сактап калат жана мамлекеттин камкордугуна алынат. (AbA)

*