Британ парламенти Шинжаңдагы окуяларды геноцид атады

Сүрөттүн булагы, PA Media
Британиянын Өкүлдөр палатасы Кытайдын батышындагы Шинжаң аймагында уйгурларга каршы геноцид болуп жатканын биринчи жолу жарыялады. Аймакта миллионго чукул адам камакка алынып, "тарбиялоо лагерлерине" жөнөтүлүүдө.
Парламенттин чечими өкмөттү кандайдыр бир кадам жасоого мажбурлабайт. Бирок бул чечим Кытай бийлигине каршы нааразылык күчөп жатканынан кабар берет.
Бээжин буга дароо жооп кылып Британияны "каталарды тез арада оңдоп чыгууга" чакырды. Буга чейин Канада, АКШ жана Голландия Шинжаңда геноцид болуп жатканын тааныган.
Парламенттик талкууда сэр Ийан Данкан Смит бул кадамды "тарыхый" деп атаса, депутат Нуз Гани "геноцид улутту, этниканы, расаны же диний топту толугу менен же жарым-жартылай жок кылуу аракети" экенин айтып, Шинжаңда ушул "беш критерийге далил болчу фактылар бар" экенин кошумчалады.

Гани айым Шинжаңда стерилизация долбоору дагы ишке ашып жатканын белгиледи.
"Кытай өкмөтүнүн статистикасы мунун тастыктап жатат. 2014-жылы Шинжаңда 200 миңден ашуун аялга төрөттү көзөмөлдөгөн жабдык операция аркылуу орнотулган. 2018-жылы бул көрсөткүч 60 пайызга жогорулады",-дейт Нуз Гани.
Шинжаңда эмне болуп жатат?
Кытайдын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыктары атайын уюштурулган "тарбиялоо лагерлерине" мажбурлап жөнөтүлүүдө. Алар "лагерден" кийин завод-фабрикаларда мажбурлап иштетилип жатканы боюнча дагы далилдер арбын. Адам укугун коргогон уюмдар болсо "тарбиялоо лагеринде" кармалган аялдар зордукталып, кыйноого алынып, стерилизация болуп жатканын ырасташкан.
Шинжаң (тарыхый топоними - Чыгыш Түркстан), Тибет сыяктуу автоном аймак болуп саналат. Демек, аймак өзүн-өзү башкарышы керек эле. Бирок иш жүзүндө Бээжин чектөөлөрдү киргизип, башкарууну өз колуна алган.
Би-Би-Сиге маек курган Турсунай Зиявудун 2018-жылы Шинжаңдагы лагерде кармалган. Аны беткап кийген Кытай эркектери күн сайын зордуктаганын айтып берген. Лагерде иштеген мурдагы күзөтчүлөрдүн бири дагы бул жайларда кармалгандар кыйноого алынганын тактаган.

Кытай Шинжаңдагы жана коронавируска байланыштуу окуяларды чагылдырганы үчүн Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына тыюу салды.
Кытайдын өкмөтү дооматтарды четке кагып, лагерлерди "кесиптик билим берүүчү жай" деп атап келүүдө. Ал эми фабрикаларды "жакырчылык менен күрөшүүгө" багытталган масштабдуу долбоор экенин жана анда кишилер ыктыярдуу түрдө иштеп жатышканын айтууда.












