Volvo электр унааларына гана басым жасайт

Volvo car charging

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Унааларды өндүргөн гиганттардын бири Volvo 2030-жылга чейин бир гана электр жана гибрит унааларын чыгарат. Ошол эле учурда швециялык компания унааларын интернет аркылуу сатууга басым жасайт.

Учурда дүйнөдө электр унааларына талап кескин өсүп жатат, өзгөчө Кытай эң ири базарга айланды. Андан тышкары көптөгөн мамлекеттер унаа бөлүп чыккан зыяндуу газдарга чектөөлөрдү катаалдаштырып, айлана-чөйрөнү булгабаган унааларды көбөйтүү долбоорун жарыялоодо.

Унаа өндүргөн компаниялар болсо буга жооп кылууга аргасыз болууда. Мисалы, Британияда 2030-жылдан кийин бир гана бензин же дизель менен жүргөн унааларга тыюу салат. Европанын бир нече мамлекети дал ушундай кадамга барарын маалымдаган.

"Ийгиликке жетүү үчүн кирешени көбөйтүү керек. Ошондуктан азайып бараткан базарга басым жасабай, келечекке инвестиция салдык. Ал электр унаа менен онлайн бизнес",-деп белгиледи Volvo компаниясынын башчысы Хакан Самуэлссон.

Electric Vehicle in Park Charging station in UK Street

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Онлайн бизнес дегени, эми кардарлар дүйнөнүн башка бурчунда туруп өзү каалаган унааны интернет аркылуу сатып алса болот. Бирок мындай соода лицензиясы бар дүкөндөр аркылуу гана жасалат.

Volvo мунайдын ордун басат делген суутек менен жүргөн унааларга инвестиция жасабайт. Себеби компания мындай унааларга талап жогору болбойт деген пикирде. Буга суутек менен топтоочу жайларды куруу, электр унааларды кубаттандыруу жайлардан кыйла кымбат болгону дагы себеп.

Видеонун түшүндүрмөсү, Бишкектеги электр унаасы

Февраль айында Volvo кытайлык унаа өндүргөн гигант Geely компаниясы менен биригиши мүмкүн деген жаңылык тараган. Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганы менен, эки компания электр унааларына тетиктерди биргеликте жасоого макулдашкан. Бул тетиктерди эки компания өз унааларына колдонот.

Унаа өндүргөн компаниялар башка ишканалар менен биригип, бензин же дизелден электр унааларына өтүүдө. Мисалы, январь айында Fiat Chrysler компаниясы менен франциялык PSA Group биригип, дүйнөдөгү төртүнчү эң ири унаа өндүргөн ишкана түзүлгөн. Жаңы Stellantis компаниясы дагы электр унааларына басым жасай турганын жарыялаган.