You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ухандагы ДССУ эксперттери: коронавирус лабораториядан тараган эмес
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Уханга барган эксперттери алгачкы тыянактарын жарыялай баштады. Алар коронавирус Ухандагы инфекциялык изилдөөлөр институтунан тараган болушу мүмкүн деген божомолду четке какты.
Буга чейин лабораториядан тарашы мүмкүн деген жоромол талкууланып келген эле. Бирок ДССУ эксперттери SARS-CoV-2 жаныбар аркылуу кишиге жугуп, андан тарап кеткенин айтууда.
Биринчи кайсыл жаныбардан кишиге жукканы жана качан, каерде болгону белгисиз. Негизги "шектүү" мурдагыдай эле панголин менен жарганат.
Уюмдун эксперттери пандемиянын очогу Ухандагы базар деп эсептейт. Бирок вирус тараган учур азыр айтылып жаткандан кыйла эрте болгон деген тыянакка келишти. Изилдөөчүлөр жапайы жаныбарларды алып келгендерден баштап, саткандарга чейин иликтеп, чынжырды улай бермекчи. Эпидемиянын кайталанышына жол бербөө үчүн окумуштуулар эки суроонун так жообун табуусу абзел. Биринчи, жаңы инфекция кайдан келди? Жапайы жаратылышта кайсыл жаныбарлар вирусту алып жүргөнүн аныктоо.
Экинчи, жапайы жаныбарда жүргөн вирустун кишиге кантип өтүп, кантип жайыла баштаганын түшүндүрүү. Кандай мутация мындай өзгөрүүгө себеп болду жана кайра кайталанышы мүмкүнбү? Уханга келген эл аралык окумуштуулар тобу мына ушул суроолорго жооп табууга тийиш.
Алар шаардагы негизги объектилерде болуп, жергиликтүү окумуштуулар менен биринчи бейтаптар, алардын дарылагандар менен сүйлөштү.
Изилдөөнүн алгачкы тыянагы тууралуу өткөн басма сөз жыйынында эксперттер алар тарабынын топтолгон маалыматтар 2019-жылдын декабрында эле коронавирустун тароо географиясы мурда айтылгандан алда канча кеңири болгонун билдиришти.
Ошол маалда эле SARS-CoV-2 Ухандагы базардан сырткары аймактарга кеңири жайылып кеткен. Кытайдын Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттерине колдоо көрсөтүп жатканын ишендирүүдө.
2004-жылы SARS чыккан учурда окумуштуулар оорунун экинчи толкунун токтотуп калышкан. Анткени биринчи жайылышынан кийин эле инфекциянын булагын так аныкташкан. Тагыраагы, анын табигый очогун, вирус кишилерге өткөн маалды аныктап, ыкчамдык менен жолун бөгөп калышкан.
Азыркы маалда окумуштуулар ошондогу ийгиликти кайталоого күч үрөп жатышат. Бул жолу андай тапшырманын жообун табуу өтө оор. Бир нече жолу туңгуюкка кептелишти. (AbA)