Covid-19 глобалдык пандемия катары жарыяланганына жарым жыл болду

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Covid-19 вирусун глобалдык пандемия катары жарыялаганына 11-сентябрда алты ай болду. Алгач Кытайда тарап баштаган вируска 188 мамлекеттеги 28 миллиондон ашуун киши кабылды, 900 миңдей адам вирустан көз жумду.

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер вирустун жайылышын токтотууга ар түрдүү чара көргөнүнө карабастан, Covid-19 дагы деле тарап жатат. Айрым өлкөлөр вирустун жайылышын ооздуктаганга жетишкен, бирок күз мезгили менен инфекция кайрадан тарап жатканы талашсыз.

Мисалы, Францияда соңку бир күндүн ичинде вируска кабылган дээрлик 10 миң жаңы учур катталды. Бул көрсөткүч өлкөдөгү рекордду жаңыртты жана мурдагы эң жогорку статистикадан бир миңге көп болду. Францияда вирустун оор түрүнө кабылгандар саны дагы өсүп жатат. Жума күнү өкмөт коронавируска каршы чараларды күчөтүү боюнча жыйын өткөрөт.

Франциядан тышкары Индия менен Израилде вирус тез жайылууда. Индия жакында эле вируска кабылган жарандардын саны боюнча экинчи орунга чыккан. Өлкөдө күнүнө 90 миң жаңы учур катталууда. Жалпысы болуп Индияда 4.5 миллиондон ашуун киши вируска кабылды, 76 миң адам көз жумду. Израил болсо вирус кеңири жайылып жаткандыктан кайрадан карантин чектөөлөрүн киргизүүнү караштырып жатат. Өткөн аптада өлкөнүн бийлиги вирустан улам айрым аймактардагы мектеп, ресторан жана кафелерди жапкан.

Европа коронавирустун жаңы толкунуна даярданууда

Ал тапта Европа чөлкөмү коронавирус пандемиясынын жаңы толкуну коркунуч жараткан кыш мезгилине даярдык көрүүдө. Бирок бул жолу жаздагыдай карантин чараларын киргизбей туруп абалдан чыгуу жолдору каралууда.

Карантин чаралары коомго жана экономикага өтө оорчулук жаратты. Ошондуктан толук изоляциядан качып, бирок вирусту жайылтпоонун башка жолу зарыл дейт европалык лидерлер. Жай айында карантин чаралары алынгандан кийин көп өлкөлөрдө вирустун жайылышы күчөп, жоготуулар көп болгонун билебиз.

Европалыктар вирус менен жашоого акырындап ыңгалайшууда. Мисалы, беткап кийүү, жумуштун көбүн үйдө олтуруп иштөө, социалдык аралык сыяктуу эрежелер орноду. Медицина дагы оор сыноодон өттү. Эмоционалдуу италиялыктар менен испандар дагы өздөрүн токтоо мүнөз скандинавдар сыяктуу алып жүргөнгө көнүүдө. Ошондуктан экинчи толкундан шведдердин жолу менен өтөбүз деп турат. Бул деген дүкөн, кафе, офис жана чек араны жаппай эле вирустун жайылышын токтотуу.

Кыргызстандагы абал

11-сентябрга карата Кыргызстанда 77 жаңы учур катталды. Расмий маалыматка ылайык, жалпысы болуп 44 761 киши вируска кабылып, 1063 киши көз жумду. Бирок эксперттер чыныгы көрсөткүч мындан кыйла жогору болушу мүмкүн экенин белгилеп келишет.

Өлкөдө жай мезгилинде абал курчуп, дары-дармек менен медицина кызматкерлери тартыш болду, ооруканалар вирусту жуктурган бейтаптарга жык толду. Ыктыярчылар атайын стационар борборлорун уюштуруп, абал жайгарылган. Ага карабастан жарандар коронавирустан коргонуу чараларын унутта калтыргандай. Беткап кийүү, аралыкты сактоо сыяктуу эрежелер көз жаздымда калды. Дүкөн, соода борборлорунан тышкары, өкмөт мекемелери деле беткап кийбеген кишилерди имаратка эркин киргизүүдө. Коомдук транспортто эрежелер эч сакталган жок. Маршруттук таксилер мурдагыдай эле кишилерди жык топтоп жатат, беткап кийген жүргүнчүлөр дээрлик жок.

Парламенттик шайлоого үгүт иштери кызуу жүрүп жаткан чакта, саясий партиялар дагы коронавирустан коргонуу эрежелерин сактабай сынга кабылды. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аргасыздан шайлоого катышып жаткан саясий партияларга кайрылуу жолдоп, Covid-19 вирусунун тарашына жол бербей, этият болууга чакырды.

Кайрылууда 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде партиялар көп элди чогултпай, сактык чараларды көрүшү зарылдыгы айтылган. "Расмий маалыматтарда коронавирустун жаңы учурлары азайганы менен Covid-19 эч кайда жоголуп кетпегенин белгилегибиз келет",-деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн аптада өкмөт ушул айдын соңунда эл арасында вирус массалык жугушу мүмкүн деген божомолун айткан.

"Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден-соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айып пул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз Covid-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек", - деген өкмөт башчы Кубатбек Боронов.