"Майкрософт": Кытай, Орусия жана Ирандын хакерлери АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө аракеттенүүдө

File photo of computer

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майкрософт" компаниясы президент Трамп менен анын шайлоодогу атаандашы Байдендин штабы кибер чабуулга кабылганын билдирди

"Майкрософт" компаниясынын айтымында, Орусия, Кытай жана Иранга байланышы бар хакерлер АКШнын президенттик шайлоодогу талапкерлердин штаб өкүлдөрүнө каршы кибер чабуул уюштурууда.

Технология жаатындагы компания 2016-жылы демократтардын үгүт иштерине чабуул койгон орусиялык хакердик топ кайрадан кол салып жатканын маалымдады.

"Чет өлкөлүк топтордун аракеттери күчөп жатканы талашсыз",-деп айтылат "Майкрософттун" билдирүүсүндө.

Уюм орусиялык Strontium хакердик тобу Республикачыл жана Демократиялык партияларына байланышы бар эки жүздөн ашуун уюмга чабуул жасаганын кабарлады. Дал ушул топ Британиядагы саясатчыларга дагы хакердик чабуул уюштурган.

Strontium тобу Орусиянын атайын кызматына байланышы бар экени айтылып келет.

"2016-жылдагыдай эле Strontium үгүт иштерине катышып жаткан кишилердин жашыруун сөзүн жана башка маалыматтарын топтоп жатат. Бул аркылуу үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратуу мүмкүн",-дейт "Майкрософт" компаниясы.

"рука Москвы"

Сүрөттүн булагы, Thinkstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия менен Кытай ири кибертыңчылык операцияларды жүргүзгөнү менен белгилүү

Ошол эле учурда компанияга ылайык, Кытай бийлигине байланышы бар хакерлер Байдендин жакын тарапташтарына чабуул уюштурса, Ирандын өкмөтүнө тиешеси бар хакерлер Трамптын үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратууга аракеттенген.

Кибер чабуулдардын көбү натыйжасыз жыйынтыкталган. "Майкрософт" Орусия, Иран жана Кытайдын бийлигине байланышы бар хакердик топтордун түпкү максаты эмнеде экенин аныктоо татаал болуп жатканын кошумчалады.

Трамп менен Байдендин командасы хакердик чабуул уюштуруу аракети болуп жатканы таң калыштуу эмес экенин белгилеп, ага даярдык чаралары көрүлгөнүн билдирди.

2016-жылдагы президенттик шайлоодо эмне болду эле?

2016-жылы АКШнын демократиялык партиясынын серверлерине чабуул уюштурулган. Бул чабуулдун натыйжасында бир канча гигабайт маалымат, анын ичинде электрондук кат алышуулар жана партиянын ички документтери интернетке жарыяланып кеткен эле.

Америкалык компания жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, демократиялык партиянын серверине хакерлер эки жолу киришкен. Эки жолу тең аны Cozy Bear жана Fancy Bear (башкача аты Strontium) деген хакерлер тобу жасаган. Булардын орус мамлекеттик түзүлүш менен байланышы бар экени белгилүү. Алар мурда АКШнын мамлекеттик органдарынын компьютерлерине кирген.

Орусия менен Кытай ири кибертыңчылык операцияларды жүргүзгөнү менен белгилүү. Мындай чабуулдар менен алынган маалымат көбүнчө дипломатиялык жана коммерциялык сүйлөшүүлөрдө, ошондой эле жеке максаттарына жетүүдө колдонулат.