You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сауд Арабия быйылкы ажылык сапарга уруксат бербейт
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабия бийлиги чет жерлик зыяратчыларды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алды.
Мамлекеттик маалымат каражаттары зыяратты миңге чукул киши гана аткара турганын кабарлады. Алар өлкөдө туруктуу жашаган чет жерликтер жана жергиликтүү тургундар.
Жыл сайын ажылык сапар үчүн Меккеге дүйнөнүн булуң-бурчунан 2 миллион чамалуу мусулман келет. Сovid-19 эпидемиясы башталган учурда эле өлкө бийлиги ыйык жайларды убактылуу жапкан эле. Исламдагы беш парыздын бири - Меккеге ажылык зыяратка баруу.
Падышачылык зыратчыларга тыюу салууну вируска байланыштуу абалды көзөмөлдөөнүн бирден бир жолу катары түшүндүрдү. Пандемия башталгандан бери Сауд Арабиясында 161 миң кишиден вирус аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча 1307 бейтап каза тапты. Жекшембиден тарта карантин чаралары жеңилдеди.(AbA)