Жабриге аңчылык: саудиялык атайын кызматтын чалгынчысы эмнеден жазды?

    • Author, Фрэнк Гарднер
    • Role, Би-Би-Си, эл аралык коопсуздук боюнча кабарчы

Көп жылдан бери Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары менен падышачылыктын байланыштарын түзүп келген Сауд Арабиясынын атайын кызматынын жогорку даражадагы кызматкери бийликтин куугунтугуна кабылды. Анын үй-бүлөсү, жакындары дагы куугунтукка алынганы тууралуу маалыматтар айтылууда.

Доктор Саад Жабри өз маалында "Аль-Каиданын" Батышка душмандыгын ачыкка чыгарууга көмөктөшкөн. Ал үч жыл мурун Батышка качып, Мохаммед бин Салмандын колуна өткөн бийликтин катаал тазалоосунан кутулуп кетет.

Бирок анын балдары Сауд Арабиясында режимдин барымтасында калды, деп кабарлады Жабринин тун уулу Халид.

"Омар менен Сараны 16-мартта таңга маал үйдөн уурдап кетишкен. Элүүгө чукул атайын кызматтын агенттери жыйырмадай автоунаа менен келип, алар уктап жаткан жеринен басып калышкан",-деп айтты Халид.

Эр-Рияддагы үйүндө тинтүү жүрүп, видео байкоолордун баары өчүрүлгөн. 21 жаштагы Омар жана 20 жаштагы Сара Жабри абакка камалып, сырткы дүйнө менен байланышсыз калды.

"Аларга эч кандай расмий айыптоолор тагылган эмес. Камакка алуунун себептерин түшүндүрүшкөн жок",-деди Халид Жабри. Ал 2017-жылдан бери Канадада атасы менен чогуу жашайт.

"Менин иним жана карындашым тууралуу эч нерсе биле албай жатабыз".

Жабринин тун уулунун пикиринде, Омар менен Саранын кармалышы - атасына каршы бийликтин колундагы көзүр болушу мүмкүн. Бозгундагы офицер эгер мекенине кайтып барса, анда камакка алынарына көзү жетип турат.

"Алар атама каршы ар кандай жалаа жабышы мүмкүн. Бирок анын эч кандай айыбы жок",-деди телефон аркылуу байланышкан Жабринин тун уулу.

Би-Би-Синин Саад Жабринин жакындарына жана кызматкерлерине кандай айыптар тагылганы айыптар тууралуу суроосуна Сауд Арабиянын расмий бийлиги жооп берген жок.

Саад Жабри деген ким?

Жабри көп жылдар ханзаада Мохаммед бин Найефтин оң колу жана кеңешчиси болуп жүрдү.

Жабри саудиялык чалгын кызматы менен "чоң бештиктин" - АКШ, Улуу Британия, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландиянын чалгын кызматтарын байланыштырган негизги киши эле.

Батыштын чалгын кызматынын булактарынын маалыматында, Жабринин көмөгү менен 2010-жылы жүздөгөн кишилердин өмүрү сактоого мүмкүн болду. "Аль-Каида" террордук уюмунун агенттери Йеменден Чикагону көздөй сапар алган жүк ташыган учакка өтө кубаттуу бомбаны жүктөшкөн. Жардыргыч заттар компюьтердин тетиктерине жашырылган.

Саудиялыктардын "Аль-Каидада" тыңчылары болгон. Алар МИ-6га жардыргыч заттар тууралуу маалымат гана бербестен, тетикердин (картридж) сериялык номерлерин дагы көрсөткөн.

Британдык террорго каршы күрөшүү бөлүгү бомбаны таап, зыянсыздандырган. Учак орто жолдон Англиянын Ист-Мидландс аэропортуна конгон учурда жардыргыч заттар шыкалган жүктү табышкан.

"Эгерде алар пландагандай учак Чикагонун үстүндө жарылганда, жүздөгөн кишилер бейажал өлмөк",-деди менин маектешим.

"Доктор Жабри саудиялык террорго каршы күрөшүү саясатын кайрадан түздү",-дейт батыш чалгын кызматынын отставкадагы офицерлеринин бири.

"Моюнга алдырууну кыйноо жолу менен гана ишке ашырып келген зомбулуктун орой машинасы заманбап жогорку технологиядагы системага айланды. Генетикалык экспертиза жана компьютердик чалгын усулдарын колдоно баштады. Жабри биз кызматташкан саудиялык кызматкерлердин ичиндеги эң эле акылдуусу болчу. Калгандары ишенимсиз эле",-дейт маектешим.

Көз айнекчен, өтө тынч жүргөн бул киши Эдинбург университетинин жасалма интеллект боюнча доктору наамын алган эле. Ал саудиялык өкмөттө өтө тездик менен көтөрүлдү: министр даражасында болуп, генерал-майор наамын алган.

Бирок баары 2015-жылы өзгөрдү. Падыша Абдалл каза тапкандан кийин такка анын агасы Салман келди. Бийликке жаңы келген монарх мамлекеттик иштерде тажрыйбасы жок уулу Мохаммед бин Салманды коргоо министри кылып дайындайт.

Жаңы дайындалган министр Йемендеги аскердик кийлигишүүсүн баштаган. Өкмөттөгү Жабри баштаган бир катар кишилер буга каршы эле. Эр-Рияддын коңшу өлкөдөгү жарандык согушка аралашуусун колдошкон эмес.

Чынында эле арадан беш жыл өтсө дагы Сауд Арабия мурдагыдай эле Йемендеги аскердик аракеттери үчүн миллиондогон каражаттарды сарптап, согуштан чыга албай келүүдө.

2017-жылы Мохаммед бин Салман атасынын батасы алып, мураскер ханзаада болуп калды. Ордо кутуму кансыз ишке ашып, мурдакы мураскер Мохаммед бин Найефти четке сүрүп салышты.

Тактынын мураскерлигинен сүрүлгөн ханзаада камакка алынып, банк эсептери тоңдурулган. Ага берилген кишилердин баары кызматтарынан алынды.

Ошондо Саад Жабири Канадага качып кетет. Кыязы, Мохаммед бин Салман аны коркунуч катары көрдү окшойт.

Жабринин жакындары саудиялык бийлик менен сүйлөшүүлөргө барууга аракет кылган. Майнап чыкпагандан кийин алар баарын ачык айтууга аргасыз болгон.

Саад Жабриге кол салуу даярдалып жатышы мүмкүн деди уулу.

"Бизди ушундай жолго барууга аргасыз кылышты. Биз өз өлкөбүздүн патриотубуз, мекенибизди сүйөбүз, биз Сауд Арабияга жамандык каалган жерибиз жок. Бирок таламандын так түшүндө Омар менен Саранын уурдалышы - мамлекеттик бандитизм",-деди Халид Жабри. (AbA)