You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Гонконг депутаттарынын мушташы. Сүрөт
Дүйшөмбүдө Гонконгдун Мыйзам чыгаруу кеңешиндеги жыйында мушташ чыкты. Өкмөттү колдогон депутаттар менен демократиялык реформаларды жактагандар мушташты.
Ага шайлоо комитетинин төрагасын дайындоо маселесинен келип чыккан талаш себеп болду. Бул комитет Гонконгдогу карама-каршылыктарды жараткан Кытайдын улуттук гимнинин административдик округдагы макамын карайт.
Бээжин Гонконгдо Кытайдын улуттук гимнине урмат-сый көрсөтпөгөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөйт. Ошондуктан мыйзам кабыл алынышын каалап турат.
Бирок Өкүлдөр палатасынын комитети бул мыйзамды кароодон мурун төрагасын шайлай албай жатат.
Күзөтчүлөр ортого түшүп, депутаттарды ажыратты. Айрымдарын көтөрүп алып чыгып кетишти.
Эки фракция ортосундагы тирешүү бир нече айдан бери уланууда. Бир палаталуу Мыйзам чыгаруу кеңеши 1843-жылы түзүлгөн. Анда Гонконг Британиянын кол астында болуп, аталган орган губернаторго кеңеш берүү милдетин аркалаган. Мыйзам чыгаруу кеңешинин 70 мүчөсү бар. Азыр эми Мыйзам чыгаруу кеңеши Гонконгдо кеңири укук, милдеттерге ээ болгон бийлик органы эсептелет.
Бюджетти, салык, социалдык жана коомдук чыгымдарды көзөмөлдөйт. Судьяларды дайындап, Гонконг администрациясынын башчысына импичмент жарыялаганга укуктуу. (AbA)
*