You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Дүйнөдө дары-дармек тартыштыгы, вирусту токтоткон өлкө
Пандемия саламаттыкты сактоо тармагынын көндүм иш ыргагын бузду. Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирустан улам чек аралардын жабылышы көп өлкөлөрдөгү дары-дармек тартыштыгын пайда кылды деп айтты. Тагыраагы, холера, кызамык, полиомиелит вакцинасы тартыш болуп жатат.
Мунун кесепети калктын жакыр катмары үчүн сокку болуп калышы мүмкүн. Балдары эмдөөдөн өтпөй калса, башка жугуштуу инфекцияларга кабылуу коркунучу бар.
Коронавируска байланышкан дүйнөдөгү башка жаңылыктар тууралуу учкай айтып берели:
- Жаңы Зеландияда карантин чаралары жеңилдетилгени жарыялангандан кийин, миңдеген кишилер жумушуна кайтып келди. Өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн коронавирустун тарашын көзөмөлгө алдык деп жарыялады.
- Швейцарияда чачтарач, гүл саткан дүкөндөр ачылды. Баштапкы класстагы окуучулар мектепке кайтып келишкен.
- Нигериянын калк жыш отурукташкан шаарлары Абуджа менен Лагосто 4-майга чейин киргизилген карантин чарлары жеңилдетилди. Бирок беткап менен гана жүрүү милдеттендирилди.
Бул сүрөт Эль-Сальвадордогу абак жайлардын биринде тартылган. Абак жайдагы текшерүү учуру. Эркинен ажыратылган кишилер бири-бирине өтө жакын олтурушат. Бул жерде социалдык аралык дегенди унутуу керек. Эксперттер Латын Американын башка өлкөлөрүндөгү абак жайлардын абалы деле ушундай экенин айтып, коронавирустун жайылуу коркунучун эскертүүдө.
Качкындардын агымы кескин көбөйдү
Өз өлкөсүнүн ичинде жер которууга аргасыз болгон качкындар саны көбөйдү. Соңку маалыматтарда алардын саны 50 миллионго жеткени айтылды.
Качкындардын дээрлик көпчүлүгү согуш болуп жаткан төрт өлкөгө таандык: Сирия, Конго, Йемен жана Ооганстан. Беш миллион киши табигый кырсыктан улам жер которгон.
Качкындардын көпчүлүгү атайын лагерлерде, убактылуу берилген үйлөрдө же шаардын жакыр аймагындагы райондордо баш калкалап жатат. Эл аралык эксперттер качкындар пандемия шартындагы эң аялуу катмар экенин эскертүүдө.