You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түркиядагы жер титирөө: 21 киши каза таап, ондогону уранды алдында калды
Түркиянын чыгышында болгон кубаттуу жер титирөөдөн кеминде 21 киши каза тапты, миңдегени жаракат алганы кабарлады.
Жер титирөөнүн очогу Элязыг провинциясындагы Сивриже шаарына жакын аймакта катталып, күчү 6,8 баллга жеткен. Жер титирөөдөн турак-жайлар урап, айрымдары жараксыз абалга келди. Тургундар үй-жайын таштап качып чыкты.
Жер титирөө болжолу 20:55те катталып, 15 секундага созулган. Элязыг жана Малатья провинциясыналарына кошумча күчтөр, "Тез жардам" унаалары жана медициналык тик учактар жөнөтүлдү, деди саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожо.
Ошондой эле жабыр тарткан аймакка гумжардам жүктөлгөн жүздөгөн унаалар жөнөп кетти. Аймак Анкаранын чыгышында жайгашып, 550 чакырым аралыкта. Сивридже шаарынын төрт миң жашоочусу бар. Популярдуу туристик жай эсептелип, Хазар көлүнүн жээгинде.
Жердин силкинүүсү Сирия, Ливан жана Иранда дагы байкалды.
Түркиядагы эң үрөй учурган зилзала 1999-жылы болгон эле. Анда Измит шаары зилзаланын очогу болуп, күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөөдөн 17 000 киши каза тапкан. (AbA)