Ысырапкорчулук менен күрөштү бизнеске айланткан айым

    • Author, Адриенне Мёррей
    • Role, Би-Би-Синин бизнес боюнча кабарчысы

Би-Би-Синин The Boss (Босс) программасы дүйнөдөгү бизнес лидерлер жана алардын кызыктуу окуялары жөнүндө баяндайт. Бул жолу сергек жашоого үндөгөн жана ысырапкорчулук менен күрөштү бизнеске айланткан Метт Лайкке тууралуу сөз кылабыз.

Ай сайын туруктуу маяна алган ишти таштап, жаңы бизнес баштоого белсенүү оңой чечим эмес. Метт Лайкке бир эмес, эки ирет ошондой кадамга барган.

2007-жылы Метт абройлуу McKinsey фирмасында иштеген. Бирок коомдун өнүгүүсүнө, элдин аң-сезимин туура багытка бурууга эч кандай салым кошпой жатканына бушайман болуп, иштен кеткен. Кызыгы, анын колуна бейтааныш адам жарнама баракчаны карматкандан кийин ушундай чечимге келиптир. Жарнамада "кандай гана кыялың болбосун, ал колдогу мүмкүнчүлүктүн четине да жетпейт" деп жазылган экен.

Метт көп өтпөй McKinsey компаниясындагы кесиптештери Кристиан Бирк жана Жэйкоб Жонк менен бирге, сергек жашоого үндөгөн Endomondo смартфон тиркемесин иштеп чыгышкан.

38 жаштагы Метт жаш кезинен спортко жакын болчу, профессионал чабандес болууга умтулган. Ал тиркеме аркылуу спортту оор көнүгүү эмес, көңүл ачуу же ыракат алуунун бир жолу экенин көрсөткүсү келген. Албетте, бул оңой болгон эмес.

Endomondo 13 жыл мурун жаралган. Ал учурда ар бир смартфондо GPS программасы жок эле. Ошондуктан башында эч ким бул идеяга кызыккан эмес. Бирок Метт ишкерлик кылган үй-бүлөдө чоңойгону үчүн кыйынчылыктар болорун алдын ала билген.

"Ата-энемдин жыгач бизнеси бар. Ошондуктан кыйынчылык ийгиликти коштоп жүрөрүн жакшы билем. Көп учурда башыңды көтөрбөй иштешиң керек. Бирок бизнести баштап жатканда эки жыл бою пайда көрбөйсүң деп айтышса, мен макул болмок эмесмин",-дейт ал.

Ишкер катары Метт ар дайым "позитивдүү" болуу зарыл экенин айтат. "Ар дайым эмдиги айда пайда көрөбүз деп жашадык",-дейт ал.

Apple компаниясы 2008-жылы тиркемелерди жүктөп алууга App Store программасын ишке киргизгенде смартфондор кеңири тарай баштады. Бул Endomondo үчүн жагымдуу жаңылык болду. Бирок ошондо да, тиркеме алты жылдан кийин киреше таба баштады.

2015-жылы Endomondo тиркемесин 20 миллион кардар колдонуп, ага америкалык кийим саткан Under Armour компаниясы кызыккан экен.

"Алар Европа базарына кирип, өзүнүн кийимдерин кеңири жарнамалоону көздөп турушкан. Биздин кардарларыбыздын көбү Европада жайгашкан болчу. Ошондуктан биздин компанияны сатып алгысы келди".

Америкалык компания Endomondo тиркемесин 85 миллион долларга сатып алган. Ал учурда Метт 33 гана жашта болчу. Компанияны чогуу баштаган кесиптештери менен, Метт бир күндүн ичинде миллионерге айланды.

"Өзүң жараткан бизнести саткандан кийин бир кызык болосуң. Тиркемени мыкты баага сатканыбыз менен, өзүмдүн баламды сатып жаткандай эле болгом. Өтө кызык сезимдер болду",-дейт Метт.

Жаш ишкер Endomondo тиркемесин сатканы менен, компаниянын жетекчиси болуп кала берген. Америкалык компания мурдагы жетекчилерди алып калууга умтулган экен.

Бирок 2016-жылы даниялык ишкер сергек жашоодон тышкары дагы бир мүдөөсүн бизнеске айлантууга белсенген. Ал ысырапкорчулук менен күрөшүү. Метт учакта отурган кезинде, жанындагы жүргүнчү менен баарлашып, Too Good To Go деген тиркеме тууралуу угуп калган.

"Ысырапкорчулукту жактырбаганым менен, ал тууралуу көп деле маалыматым жок болчу. Бирок кеңири изилдесем, анын климаттык өзгөрүүгө болгон таасирин түшүнүп несс болдум",-дейт Метт.

Компанияны беш даниялык ишкер баштаган. Ресторан жана дүкөндөр жакын арада ыргытылчу азык-түлүктү жарыялап, аларды кайсыл убакытта алып кетүүгө мүмкүн экенин жазышат. Тургундар болсо Too Good To Go тиркеме аркылуу аларды арзан баада сатып алат.

Ошондо ашыкча тамак ыргытылбайт, ресторан, дүкөн, тиркеме жана кардар пайда көрөт.

"Чоң көйгөй менен күрөшүп жаткан учурда, бардык тарап пайда көрүп жатканы мени катуу кубандырат",-дейт Метт.

Метт мурда түзүлгөн компанияга инвестиция салып, бир нече айдан кийин Under Armour фирасынан кетип, Too Good To Go компаниясынын аткаруучу директору катары ишин баштаган.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдөгү азык-түлүктүн үчтөн бири таштандыга ыргытылат. Ысырапкорчулук көмүр кычкыл газынын бүркүлүшүнүн дагы чоң себепкери. АКШ менен Кытайдан кийин эле ысырапкорчулук эң көп көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат десек болот.

Бир нече жылдан бери ысырапкорчулук менен күрөшкөн Olio, Foodcloud жана Karma сыяктуу көп компаниялар пайда болду. Адистер мындай тиркемелер элдин көңүлүн ысырапкорчулукка буруп, аны менен күрөшүүдө заманбап жолдорун сунуштап жатканын айтышууда.

Меттин жардамы менен тиркеме кеңири тарап, учурда компания Европанын 13 башка мамлекетинде ишин баштады, 450 кишини жумуш менен камсыз кыл

"Endomondo үч жылдан кийин гана бир миллион колдонуучуга ээ болгон. Too Good To Go тиркемеси болсо 15 айдын ичинде бир миллион кардарга ээ болду. Азыр технология өнүктү, бул багытта бизнес кылуу туура чечим болот",-дейт Метт.

Бүгүнкү күнү Too Good To Go тиркемесинин 18 миллион кардары бар жана Европанын эң тез өсүп жаткан компанияларынын бири. Тиркемеге күнүнө 45 миң жаңы кардар кайрылат. Алардын арасында арзан азык-түлүк издеген студенттерден тарта айлана-чөйрөнү ойлогон тургундар бар. Технологияны өздөштүргөн карыялар дагы тиркеменин жаңы кардарларына айланууда. Учурда компания 30 миңден ашуун ресторан, дүкөн жана мейманканалар менен бирге иш алып барууда.

Метт болсо тиркеме коомго салым кошуп жатканына өзгөчө кубанат.

"Азыркы жетишкендигибиз башталышы эле. Максатка жетүүгө дагы көп убакыт бар. Алдыңкы беш жылдын ичинде кардарлардын акчасын үнөмдөп, ысырапкорчулук менен күрөшүүдө чоң салым кошобуз деп үмүттөнөм",-дейт Метт.