Бүт дүйнөнү алдап, көздөн кайым болгон "Криптоханыша"

Ружа Игнатова өзүн Криптоханыша деп атаган. Ал дүйнөгө Bitcoin менен атаандаша турган криптовалютаны ойлоп чыкканын айтып, миллиарддаган доллар инвестиция кылууга ишендирген. Бирок эки жыл мурда Ружа Игнатова дайынсыз жоголду.

Журналист Жэйми Бартлетт бир нече ай бою иликтөө жүргүзүп, Криптоханышанын жашынган жерин аныктоого аракеттенди.

2016-жылы июнь айында 36 жаштагы ишкер Ружа Игнатова Лондондогу "Уэмбли Арена" спорт сарайында миңдегендердин алдына чыгып, дүйнөдөгү эң чоң OneCoin аттуу криптовалютаны чыгарганын жарыялаган. Ал бул крипто бирдикти "каалаган жерде акча катары эле колдонсо болот" деп айткан.

Bitcoin дүйнөдөгү биринчи жана эң чоң криптовалюта бойдон калды. 2016-жылы анын баасы бир нече центтен жүздөгөн долларга чейин көтөрүлдү. Ал учурда криптовалюта жаңыдан идея катары тарай баштаган жана көптөр арзан кезинде бул бизнеске аралашууга шашты.

Ружа Игнатова OneCoin криптовалютасын "Bitcoin өлтүргүч" деп атаган. "Эки жылдан кийин эч ким Bitcoin тууралуу сөз кылбайт",-деп кыйкырган эле ал.

Дүйнөнүн булуң бурчундагы инвесторлор, кадыресе тургундар чогулткан акчасын OneCoin криптовалютасына салышты. Би-Би-Синин колуна тийген документтер 2016-жылдын жарымында британиялыктар эле 30 милион евро инвестиция кылганын көрсөтөт. 2014-жылдан 2017-жылга чейин Пакистандан тарта Бразилия, Канададан тарта Йеменге чейин төрт миллиард евро инвестицияланган болчу.

Инвесторлордун көбү ошол убакта бир нерсеге көңүл бурушкан эмес. Аны чечмелеп берүү үчүн адегенде криптовалюта деген эмне экенин түшүндүрүшүбүз керек. Бул оңой эмес - интернетте издесеңиз миңдеген макала чыгат. Алардын кайсыны так экенин билбейбиз.

Криптовалютанын негизги мааниси: кандай гана валюта болбосун, башкалар аны баалаганда гана наркына чыгат. Улуттук банк чыгарган бирдик же тыйын, баалуу таштар же үлүл кабыгы болобу - башкалар аны баалаганда, ишенгенде гана бирдик дагы бааланат. Айталы, дал ушул үлүлдүн кабыгы сыяктуу акча тарыхта колдонулган.

Бир нече жыл бою мамлекет түзгөн акча бирдигинен көз каранды болгон санарип бирдигин түзүү аракети жүрдү. Бирок аларды көбү ийгиликсиз аяктады. Себеби калктын басымдуу бөлүгү ага ишенген эмес. Мурдагы криптовалюталарды бирөө көзөмөлдөп турушу керек эле, санарип акчанын жасалма түрүн чыгаруу дагы абдан оңой болгон.

Bitcoin бул көйгөйдү чечүүгө жетише алды. Криптовалютанын чыгарылышы blockchain аттуу маалымат базасына байланган. Жалпак тил менен айтканда, маалымат базаны чоң китеп катары элестетсек болот, анда канча "биткойн" чыгарылганын, ал кимге сатылганын жана кимдин колунда канча "биткойн" бар экенин каалагандар карап тура алат. Bitcoin бирөөгө жөнөтүлсө, бул котормо тууралуу маалымат коруна жөнөтүлөт. Муну эч ким, банк, өкмөт же маалымат базасын түзгөн адам дагы өзгөртө албайт. Маалымат базаны түзүүгө татаал математика формулалары колдонулган. Демек, "биткойндун" жасалма түрүн чыгаруу мүмкүн эмес.

Дал ушул blockchain аттуу маалымат базасы криптовалютага болгон ишенимди жаратты. Эми криптовалютанын жактоочулары банк, өкмөт же башка көзөмөлдөөчү мекемелерден арылып, смартфон аркылуу акча которууга мүмкүнчүлүк алды. Криптовалютаны канчалык эрте (баасы арзан кезинде) алсаңыз, байып кетүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот.

Ружа Игнатова болсо дал ушул идеяны бүтүндөй дүйнөгө сатты. Бирок анын айткандарында бир маселе бар эле. 2016-жылы октябрь айында (Игнатова Лондондогу спорт сарайында сүйлөгөндөн төрт ай өткөндө) blockchain боюнча адис Бьёрн Бьёркеге жумуш сунуштап, телефон аркылуу байланышкан. Ага Болгариядагы криптовалюта боюнча компания "айына 250 миң фунт маяна төлөйбүз, бизге blockchain маалымат базасын түзүп бер" деп айтышкан.

Бьёрн Бьёрке биринчи эле "криптовалюта иштеп жатса, кандайча blockchain дагы деле жок" деген суроо жолдогон. Телефон менен байланышкан адам ошону үчүн адистин "тез арада ишке кириши керек экенин" баса белгилеген. Бьёрке мырза компаниянын атын сураганда, ага OneCoin деп жооп беришкен. Акчасына карабай Бьёрке мырза иштен баш тарткан.

Жен МакАдамздын виртуалдуу миллионерге айланганы

Жен Адам Ружа Игнатованын спорт сарайындагы сөзүн көргөн эмес. Бирок көп өтпөй ага курбусу байланышып, инвестиция кылуу сунушун айткан. Глазго шаарынын тургуну кызыгып, интернет аркылуу OneCoin тууралуу семинарды карап чыккан.

Семинарлар мыкты уюштурулуп, андагы адистер бул криптовалюта эми чоң компания экенин айтышкан. Андан тышкары анын негиздөөчүсү Ружа Игнатова Оксфорд университетинде окуганы, абройлуу компанияларда иштегени жана The Economist журналына маек курганы көрсөтүлгөн.

"Мен семинардан кийин Ружа Игнатова суктандым...аялдар дагы чоң компанияларды башкарат экен, азамат деп калдым",-дейт Жен.

Семинар бүткөндөн кийин Жен миң еврого инвестиция кылууну чечкен. OneCoin криптовалютасын сатып алуу дагы оңой болгон. OneCoin компаниясынын талондорун сатып алгандан кийин криптовалюта өздүк папкага кошулуп калат. Бир күнү криптовалютаны евро же фунтка алмаштырып алуу мүмкүн болору дагы айтылган. Ошондо Жен ойлонуп, беш миң еврого кошумча криптовалюта сатып алган. Кошуна, тааныштары менен сүйлөшүп аларды дагы инвестиция кылууга көндүргөн. OneCoin компаниясы азыр салынган акча бир нече жылдын ичинде он эсеге өсөт деп айткандыктан, Жен жакындары менен биригип 250 миң евро инвестиция кылат.

Инвестиция жасалгандан кийин Жен чет өлкөгө болчу сапарларын, турак-жайын ремонт кылууну пландаган экен.

2017-жылдын аягында Жен Адамзга интернет аркылуу бейтаныш киши байланышып, ал OneCoin компаниясын иликтеп чыкканын, алар кардарларын алдап жатканын айткан.

Бейтаныш кишинин аты Тимоти Карри болчу, ал Bitcoin компаниясынын жана криптовалютанын жактоочусу эле. OneCoin компаниясын дыкат иликтеп чыккандан кийин Тимоти ишкана кардарларын алдап жатканын түшүнгөн.

"Бул дүйнөдөгү эң чоң алдамчылык схемасы",-деп айткан Тимоти. Ошондон кийин аны Женге далилдеп берүүгө аракеттенген. Бьёрн Бьёрке менен сүйлөшкөн Жен компаниянын өзүнө дагы чалган. Бирок, бир нече ай бою кат жазып, телефон аркылуу да сүйлөшүп, жооп ала албай койгон. 2017-жылы апрель айында компания blockchain маалымат базасы дагы деле жок экенин мойнуна алган.

Демек, OneCoin интернет баракчасында криптовалютанын баасы жогорулап жатканын көрсөткөнү жалган, ойдон чыгарылган болчу. Жен сыяктуу инвесторлор акчасын талаага ыргытып кеткендей эле болушкан.

Ружа Игнатова дайынсыз жоголду

Жен МакАдамз чындыкты билгени менен, башкалар криптовалютаны сатып ала беришкен. Ружа Игнатова болсо Дубай, Сингапур сыяктуу шаарларга барып, миңдеген кишилердин алдына чыгып өзүнүн идеясын сата берген. OneCoin компаниясынын баасы өсүп жатты, Игнатова миллиондогон долларга жаңы турак-жайларды, кемелерди сатып ала берди.

Игнатова дүйнөну кыдырып жүргөнү менен OneCoin компаниясына суроолор да көбөйдү. Инвесторлордун саны көбөйгөн сайын, инвестициясын ойлоп беймаза болгондордун саны дагы өстү.

2017-жылы октябрь айында Игнатова Португалиядагы жыйынга катышмак. Ар дайым жолугушууларга эрте келген Игнатова ал күнү келген жок.

Компаниянын өкүлдөрүнө Игнатова жыйынга сөзсүз катышарын айткан экен. Бирок ошондон бери ал дайынсыз жоголду. Айрымдар банк же криптовалютага каршы өкмөттөр аны атайын жок кылды деп айтышкан.

АКШнын чалгындоо агентиги Игнатова 2017-жылы 25-октябрда Португалиядан Грецияга учканын билдирген. Бирок ошондон бери Игнатова дайынсыз бойдон.

Акчанын изи

OneCoin компаниясына канча инвестиция салынганы белгисиз. Би-Би-Синин колуна тийген документтер 2014-2017-жылдары компанияга төрт миллиард доллар инвестиция салынганын көрсөтөт. Бирок айрым адистер инвестициянын көлөмү 15 миллиардка чейин чыгышы мүмкүн экенин айтышууда.

Бул акчанын изине түшүү дагы оңой эмес. Маселен, Игнатова София шаарынын борборунда турак-жай сатып алган. Ага One Property аттуу компания ээлик кылат. Ал эми One Property компаниясына Risk Ltd., Risk Ltd. компаниясына ысымы жашырылган панамалык адам ээлик кылат. Ал аз келгенсип, бул компанияны Peragon аттуу ишкана башкарат, аны өз кезегинже Artefix аттуу компания башкарат. Artefix ишканасына Игнатованын энеси ээлик кылган, бирок 2017-жылы компания жыйырма жаштагы белгисиз адамга сатылган. Айтор, акча каякка кеткенин аныктоого көптөгөн жылдар керек.

Журналисттер акчанын изине түшүү аракети менен жүрүп, OneCoin компаниясынын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышын аныкташты. Журналисттер иликтөө учурунда ар түрдүү коркутууларга дагы туш болгонун айтышкан.

OneCoin азыр деле айыптарды четке кагып келет. Компания Би-Би-Сиге "бир тараптуу журналисттик иликтөө чындыкты чагылдырбайт. Биздин өнөктөштөр, кардарлар жана адвокаттар бул дооматтарга каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүп келет. Биз жаңы системаны сунуштап, финансалык революцияны ишке ашырып жатабыз" деп билдирген эле.

Ружа Игнатова дайынсыз жоголгондо компанияны анын иниси Константин Игнатов башкарып калган. АКШнын Юстиция министрлиги Константин Игнатовду Европанын чыгышындагы уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары тааныган. 2019-жылы 6-мартта АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Константинди аба майданында камакка алган. Ага OneCoin компаниясындагы көз боемочулук боюнча айыптар тагылган. Кызыгы, Ружа Игнатова дайынсыз кетип, компаниянын жаңы жетекчиси камакка алынганына карабастан, инвесторлор акчасын компанияга сала беришкен.

2019-жылы 5-ноябрда Константин OneCoin АКШда 400 миллион долларды алдамчылык менен уурдаганын мойнуна алган. Константин бир тууганы Ружа Игнатова шектүү кишилер менен байланышып компанияны ачканын, кийин укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштаганда дайынсыз жоголгонун айтып берген.

OneCoin мурда белгилүү болгон "пирамида схемасына" санарип өңүтүн кошуп, миллиондогон адамды алдады. Технология өтө тез өнүккөндө, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен кошо жаңы коркунучтар жана кыйынчылыктар пайда болот. Ружа Игнатова коомдун талуу жерин аныктап, алдамчылык менен миллиардаган долларды уурдады. Ал чындык менен калптын ортосундагы ажырым ичкерип баратканын түшүндү. Эң кейиштүүсү, Игнатова уурдалган акча менен өз убагында качып кеткенди дагы билген экен.