"100 айым": "Оскарга" жеткен мугалим, Ооганстанда мэр болгон Зарифа

Би-Би-Синин «Жүз айым» долбоору 2019-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады. Быйыл "100 айым" өнөктүгүндө "Дүйнөнү аялдар башкарганда келечек кандай болмок?" деген суроо коюлуп жатат.

Тизмеде 16 жаштагы экологиялык активист Грета Тунбергден тартып 21 жашында эркектердин абагында жатып чыккан транс-аял Ниша Аюбка чейинки кыз-келиндер бар.

Бул тизмедеги аялдар дүйнөнүн булуң-бурчундагы кыз-келиндерге дем берүүдө. Алардын аракети аркылуу 2030-жылы жашообуз кандай болорун элестетүүгө мүмкүн.

Тизмедеги көпчүлүк аялдар өтө чоң байлыкка ээ эмес, дүйнөлүк кинонун жылдызы дагы эмес. Ал тургай өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча дагы алдыңкы позицияларды ээлебейт. Бирок дал ушул аялдар коомдун өнүгүшүндөгү заманбап тенденциянын чагылышы.

"Жүз айымдын" толук тизмеси алфавит боюнча Би-Би-Синин англис тилиндеги сайтына жарыяланды.

Биз тизмедеги айрым кыз-келиндер тууралуу айтып беребиз.

Ялица Апарисио - актриса жана укук коргоочу, Мексика

Кенже класстардын мугалими Ялитца Апарисио күтүүсүз жерден кино жылдызына айланып, мексикалык режиссер Альфонсо Куарондун үч "Оскар» алган «Рома» тасмасына тартылган.

Ялитца Апарисио өзүнүн кош бойлуу эжеси менен кастингге катышып, өзүнүн талантын көрсөтө алды. Американын түпкүлүктүү калкынын өкүлү катары "Оскар" алган алгачкы актриса болгон.

Азыр укук короочулук менен алектенет. Мексиканын түпкүлүктүү калкынын укугу, гендердик теңсиздик үчүн күрөшүп келүүдө.

Зарифа Гафари - шаар мэри, Ооганстан

26 жаштагы Зарифа Гафари Ооганстандагы аялдардан чыккан биринчи мэр. Президент аны Вардак провинциясындагы Майданшар шаарына мэр кылып дайындады.

Вардак - өтө консервативдүү провинция. Тургундардын көбү «Талибан» кыймылын колдойт. Ошондуктан Зарифага бул кызматта иштөө оңой болгон жок. Биринчи эле күнү жумушка чыкканда, мэриянын мекемесине таш ыргытылды. Анын айтымында, мындай абалда жанын оозуна тиштеп иштөөгө туура келет.

Зарифанын алдындагы негизги тапшырмаларынын бири - ооган коомундагы аялдарга карата көз карашты өзгөртүү. Аялдар билим алыш керек, иштеш керек жана жетекчилик кызматтарда болушу керек дейт ал.

Ража Мезиане - ырчы, Алжир

Ырчы Ража Мезианенин "Allo le Système!" деген аталыштагы саясий клиби YouTube сайтынан 35 млн жолу көрүлгөн.

Ража чыгармасында социалдык теңсиздик жана коррупция боюнча өкмөттү сындайт. Ырчы өз өлкөсүн таштап чыгууга аргасыз болду. Учурда Прагада жашайт. Ал 2019-жылдын февраль жана апрель айларындагы Алжирде болгон толкундоолордо жаштардын активдүү катышуусун колдогон. Нааразылык акциясында өлкөнү 20 жыл башкарган президентти отставкага кетирүү талабы айтылган эле.

Александрия Окасио-Кортес - конгресвуман, АКШ

Бул жылы 29 жаштагы Александрия Окасио-Кортес АКШнын конгрессиндеги эң жаш айым болду. Ал Нью-Йорктогу Бронкс районунда колу жука бүлөдө чоңойгон. Бостон университетинде стипендия менен окуган. 2016-жылы демократтардын талапкери Берни Сандерстин штабында ыктыярчы болуп иштеген.

Конгресске болгон шайлоо учурунда каржылык жактан өзүн камсыздоо үчүн Окасио-Кортес официант болуп иштеп жүргөн. 2018-жылдагы шайлоодо конгресске утуп келди. Аны Демократиялык партиянын келечеги деп аташкан.

Би-Би-Синин «100 айым» долбоору

Жыл сайын Би-Би-Си миллиондогон кишилерге шык берген дүйнөдөгү жүз айым тууралуу баяндамаларды сунуштап келүүдө. Белгилүү болгондой быйылкы суроо: Эгерде дүйнөнү аялдар башкарса, келечек кандай болмок?

Тизме менен бул жерден кеңири тааныша аласыз. (AbA)