You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мадриддин борборун басып алган койлор
Жекшемби күнү Мадрид шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу эки миңден ашуун кой өттү. Көрсө, бул байыркы замандан бери келе жаткан салт экен.
Fiesta de la Trashumancia аттуу фестивалда койлор Мадриддин борборун кесип чубап өтөт. Чабандар мурда кыштын алдында малын түштүктү көздөй айдап, шаар аркылуу өтүүгө укуктуу болгон экен.
Fiesta de la Trashumancia фестивалы 1994-жылы башталган. Ал аймактын элеттик тарыхын даңазалайт.
Шаардын борбору аркылуу өтүү мыйзамы орто кылымдарда эле пайда болгон. Жыл сайын чабандар акча төлөп, Мадридди айланып өткөндүн ордуна, шаардын ортосунан мал айдашат.
1418-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, чабандар 50 maravedís al millar же ар бир миң башка 50 тыйын төлөшү керек. Бул мыйзам азыр дагы күчүндө.
Айрым чабандар улуттук кийимин чечпей, малын айдап өтөт. Фестивалды көрүүгө дүйнөнүн булуң бурчунан туристтер дагы агылып келет.
"Кызыктай болот экенсиң. Мадрид шаарын койлор басып алгандай сезилет. Биз кечээ келдик. Жыл сайын көрүп кетчү фестивал экен",-деди туристтердин бири.
Сүрөттөрдүн автордук укугу сакталган.