You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Амазон токоюндагы өрт: Бразилия "Чоң жетиликтин" каржылык жардамын четке какты
Бразилиянын өкмөтү Амазондогу чытырман токойдогу өрт менен күрөшүү үчүн "Чоң жетилик" сунуштаган 22 миллион долларлык каржылык жардамды алуудан баш тартканын билдирди.
Франциянын президенти Макрон "Чоң жетилик" саммитинин жыйынтыктоочу күнүндө токой өртү менен күрөшүү үчүн каражат топтолгонун маалымдаган. Бразилиянын расмийлери эмне себептен каржылык жардамды четке какканын түшүндүргөн жок. Бирок өлкөнүн президенти Жаир Болсонару Франция Бразилияга "колониалдык мамиле" кылып жатат деп айыптады.
"Бул каражатты Европанын токоюндагы өрт менен күрөшүү үчүн колдонгула. Президент Макрон тарыхый мурас болгон чиркөөдөгү өрттү токтото албай туруп, биздин мамлекетке акыл үйрөтөбү?",-деди президент Болсонарунун басма сөз катчысы Оникс Лорензони.
Ал эми Бразилиянын коргоо министрлиги токойдогу өрт көзөмөлгө алынганын маалымдады. Министрдин айтымында, Амазон токоюндагы өрт жана экологиялык кылмыштар менен күрөшүү үчүн 44 миң аскер тартылды.
Бразилиянын Амазон чытырман токойлорунда рекорддук деңгээлдеги өрт катталды. Өткөн аптада Франциянын президенти Бразилиядагы токой өртүн "эл аралык кризис" деп атаган.
Бразилия токойдогу өрт менен кантип күрөшүп жатат?
Өткөн аптада эл аралык кысым алдында президент Болсонару токойдогу өрттү өчүрүү үчүн армияны тарткан. Буга чейин Бразилиянын лидери дүйнөлүк коомчулуктун жана айрым мамлекеттердин токойдогу өрт жөнүндө риторикасын сындап, анын өлкөсү тропикалык токойдогу өрт менен күрөшүү жаатында ар бир мамлекетке сабак өтө аларын билдирген. Ошондой эле айрым мамлекеттер Бразилиянын ички ишине кийлигишип жатат деген дооматын дагы айткан.
Бразилияда кургакчылык маалында жыл сайын токойдо өрт чыгат. Бирок спутниктен алынган сүрөттөр быйыл токойдогу өрт 85 пайызга көбөйгөнүн далилдейт. Кара коюу түтүндү космостон дагы көрсө болот. Президент Болсонару кен тармагындагы жана тактай чыгарган компанияларды токойго атайын өрт коюп жатат деп айыптады.
Амазон тропикалык токойлору эмнеге маанилүү?
Дүйнөдөгү эң чоң токой Амазон аймагында жайгашкан. Аны Жер планетасынын өпкөсү деп дагы аташат. Себеби токойдогу бак-дарактар көмүр кычкыл газын сиңирип, кайра кычкылтек бөлүп чыгарат.
Бак-дарактардын жалбырагы ири өлчөмдөгү көмүр кычкыл газын сиңирип, кайра абага кычкылтекти бөлүп чыгарышы - глобалдык жылууланууну басаңдатууга дагы жардам берет.
Окумуштуулар Амазон мындан ары көмүртекти сиңирип, аны сактап тура албай калса айлана-чөйрөгө чоң зыян болорун айтышууда.
Андан тышкары Амазон чытырман токойлору бүтүндөй Түштүк Американын айыл чарбасы үчүн абдан маанилүү. Токойдун эко-системасы аймакта жаан-чачынды пайда кылып, регионду кургакчылыктан сактайт. (AT)