You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путинди сөккөн журналист иштен кетти
Грузиянын "Рустави 2" телеканалынын жаңы жетекчилиги бир нече журналистти иштен кетирди. Анын ичинде түз эфир учурунда Путинди уят сөздөр менен сөккөн алып баруучу Георгий Габуния дагы бар.
Телеканалдын продюсери жана аналитикалык программалардын алып баруучусу, маалымат бөлүмүнүн жетекчиси, ошондой эле башка дагы бир нече продюсер, алып баруучулар иштен кетти.
"Рустави 2" телеканалынын башкы директору Паата Салия маалымат жыйынында, иштен кетүү себептерин кызыкчылыктар кагылышы деп атады.
Анын айтымында, журналисттер эмгек өргүүсүндө жүрүп, каналдын кызыкчылыгына каршы келген билдирүүлөрдү жасашкан.
Телеканалдын алып баруучусу Георгий Габунияга байланыштуу чуулгандуу окуя 7-июлда болгон. Теле алып баруучу "P.S." берүүсүндө Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, орой, оозго алгыс сөздөрдү колдонгон. Бул окуя өлкөдө Орусияга каршы нааразылык акциялары өтүп жаткан кырдаалга туш келген. Орусиянын Мамдумасынын депутаты Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отуруп, сөз сүйлөгөнү нааразылыктарга себеп болгон эле. Грузиянын бийлиги дароо эле журналисттин билдирүүсүн айыптаган.
"Бул өз өлкөсүнө каршы чыккан чагымчылдардын согушу, мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу менен ойногон жийиркеничтүү оюн",-деген эле Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе.
Мамдуманын депутаттары Путиндин дарегине айтылган мазактоого жооп кылып, Грузияга экономикалык санкция киргизүү сунушу менен чыккан.
Владимир Путин "грузин элине болгон сый-урматынан улам эч кандай каршы санкцияларга барбай турганын" айткан эле.
Екатеринбургдагы форумга барган орус президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, грузин телеканалындагы окуя боюнча пикирин билдирген.
"Эми бирөө чыгып, бирдемени балп этиптир. Ал тууралуу мурда эч ким билген эмес, азыр баары ошону кеп кылып жатат. Бул жагынан алганда максатына жетти. Аны эки айга жумуштан четтетиптир, эс алып келип, жумушун уланта берет",-деген Путин.
Сөгүнгөнү үчүн теле алып баруучуга кылмыш ишин козгоо тууралуу демилге жөнүндө Путин: "Анын баркын көтөрүп эмне кереги бар. Мындайларга кылмыш иш козгоп, барк-баасын көтөрүүнүн кереги жок. Берүүсүн уланта берсин",-дегени бар.
Георгий Габуния Путинди сөккөнү үчүн кечирим сурабай турганын айтты.
"Мен муну оор жана өтө жаман формада айттым. Анткени студияда эле айтылып калбай, даректелген кишиге жетишин каалагамын. Даректелген кишиге жеткенин баары көрдү",-деди журналист.
18-июлда "Рустави 2" телекомпаниясынын ээси алмашып, бизнесмен Кибар Халваши сатып алганы белгилүү болгон. Ушундан кийин телеканалдын жетекчилиги дагы алмашты. (AbA)