You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Мындайды ким көргөн": Саратанда Мексикада жааган кар
Мексиканын Гвадалахара шаарынын жака-белиндеги алты райондо күтүүсүз жерден кар жаады. Айрым жерлерде кардын калыңдыгы жарым метрдей бар.
Мехиконун түндүк тарабында жайгашкан Гвадалахара шаарында беш миллиондой калк жашайт. Жергиликтүү бийлик суу ташкын дагы болгонун кабарлады. Бирок азырынча жабыр тарткандар туралуу маалымат жок.
Күтүүсүз түшкөн кардын алдында эле Гвадалахара шаарындагы абанын температурасы Цельсия боюнча 30 градус эле.
200дөй турак жай жана унаалар жабыр тартты. Штаттын губернатору болуп өткөн окуяны "таң каларлык" деп атады.
"Мындай табияттын кубулушун биз көргөн эмеспиз. Анан эле чынында эле глобалдык климаттык өзгөрүүлөр болуп жатабы деп сурайбыз", -деди губернатор.
Сүрөттөрдүн автордук укугу сакталган.