You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мусулман-рохинжалардын кыргыны боюнча иликтеген журналисттер абактан бошоду
Мьянмада Рейтердин журналисттери эркиндикке чыкты. Аларды мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган деп айыпташкан.
Журналисттер башка абакка кесилгендер менен чогуу президенттин жылдык амнистиясы менен эркиндикке чыккан. Жыл сайын Жаңы жыл майрамын белгилөөнүн алдында президенттин амнистия боюнча жарлыгы чыгат.
33 жаштагы Ва Лон жана 29 жаштагы Кья Со Оо 500 күндөй абакта жатты. Бир ай мурун Мьянманын Жогорку Соту аларды доо арызын четке каккан эле.
Журналисттердин камакка алынышы сөз эркиндигине урулган сокку катары каралып, көптөгөн уюмдар, дипломаттар аларды колдоп чыгышкан.
Абактан чыккан Ва Лон Би-Би-Сиге берген маегинде, эч качан журналистиканы таштап кетпей турганын айтты.
Мьянмалык журналисттер жасаган репортаж өткөн айда журналистика тармагындагы эң абройлуу сыйлыктардын бири болгон Пулитцер сыйлыгын алды.
Алар эмнени иликтеген?
Журналисттер 2017-жылы сентябрда Ракхайн аймагынын түндүк тарабында ондогон мусулман-рохинжалардын аскерлер тарабынан өлтүрүлүшү боюнча далилдерди чогулткан.
Ва Лон жана Кья Со Оо репортажын жарыялоонун алдында турганда камакка алынган эле. Полиция журналисттерди кылтакка илүү үчүн атайын чагым уюштурганы айтылат.
Киийн бийлик массалык адам өлтүрүү окуясын өз алдынча иликтеп, жети жоокерди жазага тартты.
Рохинжалар Мьянмадагы мусулман азчылыгын түзгөн эл. Аларга карата ырайымсыз мамиле өлкөдө аскердик өкмөт бийлик кылган 1962-2011-жылдары башталган.
БУУнун маалыматы боюнча он миң киши массалык кыргындын курмандыгы болду. Качкындар саны 700 миң киши деп айтылган.
Өткөн жылы БУУ Мьянма өкмөтүнүн рохинжа элине карата жасаган ырайымсыз мамилесин геноцид деп атаган.
"Көптөгөн бирмалык репортерлор үчүн бул окуянын таасири чоң болгон. Алар дагы жазгандары бийликке жакпай калчу болсо, абакка камалып калабыз деп коркушат",-дейт Би-Би-Синин Мьянмадагы кабарчысы Ник Бик. (AbA)