You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
11 миллион доллар уурдаган албаниялык топ
Кылмыштуу топ Албаниянын Тирана аба майданындагы Австрия аба жолдоруна таандык учакка кол салып, 11 миллион доллар уурдап кетишти.
Полиция менен атышуу учурунда кылмыштуу топтун башчысы өлтүрүлдү.
Жүргүнчүлөр абага көтөрүлөбүз деп турганда, Калашников автоматтарын көтөргөн куралчандар аэропорттун коопсуздук кызматкерлерин коркутуп, Австриянын учагына киришкен.
Окуя шейшемби күнү саат 15:00 орун алды. Албаниянын маалымат агенттиктеринде ак түстөгү жүк ташыган унаанын аэропорт дарбазасын сүзүп киргенин көрүүгө болот.
Албаниянын Улуттук банкы накталай акча менен депозиттерди кабыл албайт. Өлкөдөгү чет өлкөлүк банктар накталай акчаны учакка жүктөп, чыгарып кетүүгө мажбур. Вена шаарына багыт алган учак Австрия банкынын депозиттерин жүктөп кетмек. Полициянын айтмында, учакка канча каражат жүктөлгөнү тууралуу кылмышкерлердин маалыматы болгон.
Кылмыштуу топ коопсуздук кызматкерлерин курал менен коркутуп, учактын жүк бөлүмүн ачтырган. Алардын операциясы үч же төрт мүнөткө гана созулган. Кыска мөөнөттүн ичинде алар учактагы 11 миллион доллар накталай акчанын көбүн унаага жүктөп, аэропорттон чыгып кетишкен.
Жолдон полиция кызматкерлери менен атышуу болуп, топтун үч мүчөсүнүн бирине ок тийген.
Албаниянын маалымат агенттиги окко учкан кылмышкерди Адмир Муратаж деп атады. Полиция качып кетүүгө үлгүргөн эки кылмышкердин аты-жөнүн дагы аныктады.
Окуяга күбө болгондордун билдиришинче, кылмышкерлер полициядан алыстаган соң жүк ташыган унааны өрттөп, велосипед менен качып кетишкен.
Таң калыштуу жаңылыктардан кийин Улуттук банктын өкүлдөрү Венага накталай акча ташууну токтотуу керек деп айтты.
Албанияда уюшкан кылмыштуу топтор буга чейин да Венага сапар тарткан учакка кол салышкан. 2016-жылы аба майданынан бир миллион евро уурдалган. 2017-жылдын февраль айында кылмышкерлер 3,6 миллион доллар уурдап кетүүгө жетишкен. Полиция бул каражаттын бир бөлүгүн жер төлөөдө жашырылган жеринен таап чыккан. (AT)