Орусияга чуу түшүргөн көкбөрү: кыргыздар ойлоно турган стратегия

    • Author, Калыйнур Калмурза уулу,
    • Role, Москва

Орусиянын Тергөө комитети 24-февралда кыргыздар Москвада өткөргөн көкбөрү оюну боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттигине аталган комитеттин расмий өкүлү Светлана Петренко билдирген.

«Москвада уюшулган оюн жана анда жаныбарларга кордук көрсөткөн маалыматтар ММК жайылгандыгы боюнча текшерүү иштери башталды» - деген Петренко.

24-февралда мекенди коргоочулардын күнүнө карата Москва шаарынын ат майданында кыргыздын улуттук көк бөрү оюну ойнолгон эле. Аны кыргызстандык мигрант Нурбек Курманалиев уюштурганы айтылган.

Кийин айрым орусиялыктар бул оюнга карата терс пикирлерин коомдук сайттарга жазып чыгып, ал кызуу талкууларга жем таштады. "Оюн талаасында аттар жаракат алды", "Аттарды кордоп, жапайы мамиле кылды" деген ачуу сөздөрдөн кийин айрым активисттер бул оюнду аргымактарга таш боор мамиле катары баалап, change.org сайтында петиция жарыялаган.

Учурда петицияга кошулгандар саны алты миңден ашты. Активистер "аттарга зулумдук көрсөткөн оюнду өткөрүүнү МБИ колдобош керек эле" деп нааразы болуп жатканы айтылууда.

Көкбөрү федерациясынын мурдагы жетекчиси Жыргалбек Саматов бул оюнга өзү да катышкан.

"Ар бир спорттун түрү кооптуу. Ошол сыяктуу эле аттар дагы оюн таласында трамва алышы мүмкүн. Спорт көрүмдүү болуш керек. Көкбөрү ушунусу менен күндөн күнгө өсүп, көрүүчүлөрү көбөйүп, популярдуу спортко айланып баратат",-дейт Жыргалбек Саматов.

Этно оюндардын башка эксперттери Москвада өткөн оюндун сабак боло турган жагын белгилеп жатышат.

"Себеп дегенде, башка өлкөгө чыкканда тек гана көкбөрүнү уюштуруу эмес, балким биз биринчи көкбөрүнүн жумшак вариантын көрсөтүшүбүз керек. Орусия бизди билет, ал эми Европага чыкканда кандай кылабыз. Алар бул оюнду көргөндө "шок" болмок түгүл планетардык деӊгээлде орустар петиция койгондой эле буларда каршы чыгышы мүмкүн да. Андыктан биз көкбөрү оюнун кандай болсо ошодой көрсөтсөк муну дүйнө жүзү кабыл алганга даяр эмес экенин Орусиянын мисалынан байкасак болот",-дейт этно оюндардын эксперти Максат Чакиев.

Көкбөрү оюнун Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Афганистанда ойношот. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген. Көчмөндөр оюндарынын кезегин алган Түркияда да өткөрүлмөкчү. Бирок көкбөрүнүн эл аралык баркын көтөрүү үчүн мунун баары жетишсиз. Бул жерде Кыргызстан жана башка өлкөлөр көкбөрүнү өнүктүрүүнүн стратегиялык саясатын иштеп чыгышы керек болууда.

"Учурда көкбөрү бурулуш жасоо убагына келди. Буга чейинки келе жаткан жолу менен көкбөрү мындан ары өнүгө албай турганын көрсөттү,-дейт Максат Чакиев. - Ар бир спорт дүйнө жүзүндө стратегия жана саясаты менен өнүгүп келген. Жапондор ошондой жол менен улуттук оюнун дүйнө жүзүнө таратышкан. Эгер биз да көкбөрүнү дүйнө жүзүнө таратабыз десек, анын философиясын, тарыхын, спорттук пайдасын, мамлекеттик деӊгээлде бардыгынын башын бириктире турган миссиясы бар экенин көрсөтүшүбүз керек. Тек гана аттардын салгылашуусу, же улакчылардын серкелерди тайказанга ыргытуусу эмес, бул жерде профессионлдык спорттун потенциалы бар экенин алып чыгышыбыз керек. Ат оюндарына байланыштуу дүйнөдө толгон токой уюмдар бар ошол уюмдарга мүчө болуш керек. Дүйнөлүк лиганы түзүш керек, ага мамлекеттерди тартсак анын артынан федерациялар өздөрү эле тартылмак. Мунун баары стратегия жана саясат".