Бизде кычыраган кыш, Австралия рекорддук ысыктан айласы кетүүдө

Австралияда соңку эки аптадан бери күн өтө катуу ысып, Цельсия боюнча 45 градустан жогору болду. Кишилер жана жаныбарлар мындай аптаптан кантип жан сактоонун айласын издеп жатат.

Бейшембиде Аделаидада Цельсия боюнча 47,7 градус температура катталды. Аба ырайына байкоо салган жылдардан бери мындай рекорддук ысык болгон эмес эле.

Тургундардын көпчүлүгү суу жээгине барып, эптеп ысыктан качууда.

Аделаида тургуну Эндрю Корелл кенгуру анын участогуна кирип келгенин айтып берди. Жаныбар көлөкө издеп жүргөн. Эми аны саат сайын суу чачып, сергитип жатышат.

Айрым жаныбарлар ысыкта араң жашап жатышат. Жердин катуу ысыгы, нымдуулуктун жетишсиздиги аларды өлтүрүп салышы да мүмкүн.

Тасманияда өрт өчүргүчтөр катуу ысыктан улам тутанган токойлордогу 50гө чукул өрттү өчүрүүгө аргасыз болду.

Бир нече шаарда тургундар өрт коркунучунан улам үйлөрүн таштап чыгып кетти.

Мельбурндагы Australian Open деп аталган теннис мелдеши ысыктан улам бир нече ирет токтотулду. Күйөрмандар мындан пайдаланып, сууга түшүп жеңилдеп алышты.

Аделаида зоопаркында жаныбарларга тоңдурулган азыктарды берип жатышат. Бул күндүн ысыгынан күйүп кетпесин деген арга.

Башка жаныбарлар, мисалы пандалар тынымсыз сууга түшүп турууга аргасыз болуп жатат.

Эгерде сууга түшүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, башты сууга малып дагы жеңилдеп алса болот.

Сидней тургундары дагы суу жээгинде көп убактысын өткөрүшөт. Бирок башка аймактарга салыштырмалуу күн өтө ысык эмес.

Бул жолку январда Австралиянын аба ырайына байкоо салган учурунан бери бешинчи ирет катуу ысык катталды. (AbA)

*