You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Норвегиядагы НАТОнун масштабдуу машыгуусу. Сүрөт.
Кансыз согуш жылдарынан бери биринчи жолу НАТО масштабдуу аскердик машыгуу өткөрүүдө. Норвегияда өткөн машыгууга 31 өлкөдөн 45 миң аскер кызматкери тартылган.
Аскердик машыгуу 25-октябрдан 7-ноябрга чейин болот. Машыгуунун сценарийи боюнча НАТО өнөктөштөрү менен "агрессор кол салган чакан өлкөнү куткарат".
10 миңдей аскер техникасы жана 250 учуучу аппараттар, 65 аскердик кеме тартылды.
Шейшембиде машыгууда аба жана деңиз чалгынчыларынын десанттык операциясы көрсөтүлдү.
НАТО башкы катчысы Йенс Столтенберг билдиргендей, альянс машыгуу тууралуу алдынала Орусияны кабардар кылып, орусиялык байкоочуларды дагы чакырган. Башкы катчынын айтымында, машыгуулар коргонууга багытталган.
Машыгуу Норвегиянын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө, Орусия менен чек арадан 200 чакырым алыстыкта өтүүдө.
Норвегиянын климаты жана рельефи согуштук аракеттерди жүргүзүүгө өтө татаал өлкө деп белгилейт эксперттер.
Мындан бир нече апта мурун Орусия СССР тарагандан берки эң ири машыгуусун өткөргөн эле. "Чыгыш-2018" аталган бул машыгууларга Кытай дагы катышкан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги НАТОнун машыгуусун "антиорусиялык багытта" өткөрүлгөн, "аскердик потенциалын даңазалоо" деп мүнөздөдү.
(AbA)