You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сочини азапка салган табият кырсыгы
Орусиянын Краснодар аймагында нөшөрлүү жаандан кийин бир нече калктуу конуштарды суу каптады. Сочи аймагындагы айрым кыштактарда сел жүргөн. Федералдык унаа жолдору бөгөлүп, темир жол иштебей калган.
Туапсин районунда эки киши каза таап, дагы бир киши дайынсыз болууда. Дарыя үстүнөн өткөн көпүрө урап, Сочи менен Краснодарды байланыштырган унаа жолу керектен чыкты.
Коомдук сайттарга тургундар тарткан видеолор жана сүрөттөр жайнап чыгууда.
Орус бийлиги Краснодар аймагына чукул кырдаал абалын киргизди. Мындан мурун Сочиге чукул кырдаал абалы жарыяланган. Орусия президенти Владимир Путин кырдаалды Коопсуздук кеңешинде талкуулады деп кабарлады президенттин басма сөз кызматы.
Сочинин жергиликтүү бийлиги шаарда азык-түлүк запасы жетиштүү экенин, аларды жабыр тарткан аймактарга жеткирүү аракети жүрүп жатканын айтты.
Таза суу, электр жарыгы жана бензин тартыш болуп, чоң кезектер жаралган. Туапсиндин төрт калктуу конушу - 70 миңдей тургун авариядан улам таза суусуз калган. Ал жерге автоцистерна менен суу жеткирилип жатат. (AbA)