You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
К. Мамбеталиев: "Эрдоганга Түркия татыктуу, Гүленге дүйнө татыктуу"
- Author, Кубатбек Чекиров
- Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Түркиянын президент Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга сапарынан кийин диний аалым Гүлендин жолун жолдогон адамдарды кармап берүү, "Сапат" мектептерин жаап, анын мүлкүн "Маариф" фондуна өткөрүп берүү жөнүндө Түркия тараптын койгон талабы кыргыз коомчулугунда талкуунун чордонунда турат.
Улуу Британияда мурда Кыргызстандын элчиси болуп иштеген, атайын жана толук ыйгарымдуу элчи, филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиев Би-Би-Сиге Түркиядагы Эрдоган менен Гүлендин ортосундагы саясий күрөштүн себептерин, алардын идеологиялык айырмачылыктарын түшүндүрүп берди.
К. Мамбеталиев: Эрдоган конституцияны өзгөртүп, Түркияда президент азыр эл менен шайланып калды. Мурда шайлоодо жеңген партиянын лидери премьер-министр болуп башкарган система келаткан Түркияда. Бул Мустафа Кемалдан башталган парламентаризм. Президентти парламент шайлачу, муну президенттик мамлекет дебейт, бул парламенттик мамлекет. Германияда да ошондой, канцлер башкарат, анан президент парламенттен шайланат. Ал тартип боюнча партия жеңсе белгилүү бир чектелүү мөөнөттө премьер-министр болот. Демирел премьер-министр болуп турганда, Тургут Озал президент болду, ушинтип алмак-салмак башкарып турушкан Түркияны. Булар эң мыкты инсандар болгон. Ошол кездеги Түркия дагы өзүнчө үлгү болгон. Биз ошондо сыймыктанчубуз Батыш өлкөлөрүнө чоң үлгү болгон Түркия менен. Эрдоган келгенде бул тартипти бузду. Анын себеби, өзүнүн бийлигин узартыш керек болду. Канча жылдан бери башкарып жатат Түркияны. Премьер-министр болуп башкарды, эми президент болуп башкарууда. Эми түбөлүк болуп калчудай турат. Ататүрк түзүп кеткен моделди азыр Энвер-пашанын моделине өткөрүп атат, муну "осмонизм» деп коет. Ошон үчүн Фетхуллах Гүлен буга убагында каршы чыккан.
Би-Би-Си: Бул эки ишмер башында бири-бирин колдоп келишкени белгилүү. Дал ушул бийлик маселесине келгенде экөө ажырашып, касташып калдыбы?
К. Мамбеталиев: Фетхуллах Гүлен убагында муну колдогон, себеби Гүлен дин уюмдун жетекчиси болгон, а Эрдоган диний партия менен келген да бийликке. Бирок анын жанагындай диктаторлук жагын көргөндөн кийин бул тескери бата берип каршы чыкты. Фетхуллах Гүлен 1938-жылкы, эми 80ге чыгат, а Эрдоган жашыраак. Фетхуллах Гүлен 30 жылдын ичинде Түркияда чоң иштерди кылып, дүйнөгө атагы чыкты. "Тынчтыктын үнү", "Дүнүйөнүн үнү, жарчысы" деген атка конгон. Азыр аны террорист деп жатат, Рим папасы ошондой террорист менен кезигеби? ФЕТО деп койду. Бул деген Фетхуллах террористтик уюму дегени. Мына БУУнун, ошондой эле чоң мамлекеттердин тажрыйбасында террористтик уюмдардын тизмеси бар. Ал тизмеде "Ислам мамлекети", "Ѳзбекстандын Ислам кыймылы", "Мусулман агайындар", "Хезболла" дегендер бар. Ал жерде ФЕТО деген жок, антип эч ким тааныбайт, тааныгысы да келбейт эч качан. 2004-жылы Осетияда Беслан деген шаарда Шамил Басаев террор уюштуруп, кан төгүлүп, канча киши мерт болду. Ошондо Гүлен буга расмий түрдө каршы чыккан. Террордук уюмдун жетекчиси болсо айтат беле муну: «Страшные террористические акции последних лет нанесли удар не только по тем регионам, где они были совершены, но и по всему миру» ,- дейт. - "Поэтому я гневно осуждаю события в Северной Осетии, входящий в состав России. Кем и с какой бы целью они не были соврешены, я вновь и вновь проклинаю террора». Мына террорго каргыш айтып жатат. Ушуну айтат беле террорист? "Аль-Каида" деген пайда болду, анан Бен Ладен пайда болду. Бен Ладен тирүү кезинде, күчөп турган кезинде аны айыптап сүйлөгөн. Мындай кишинин сөзү бүт тилде чыгат, чоң-чоң медиа уюмдар чыгарат. "Бен Ладен мен үчүн дүйнөдөгү эң жек көргөн адам". Эми мындан артык кайсы сөз болуш керек? "Анткени, ал мусулманчылыктын таза жүзүн булгады". Анан ошондон жыйынтык чыгарып: "бул караңгылыктан болду, анткени билим берүү бул проблеманын алдын алышы керек эле" дейт. Так ошол терроризмден улам ал билим берүүгө көңүл бөлүп, мектептерди уюштура баштады. Анын мектептери бүт дүйнөдө, Африкада да бар. Бизде да бар, мына "Себат" деп иштеп жатпады беле, эми "Сапат "кылып койду. Андай кылбай койсок деле болмок. Мейли эми, аны жаптырып жанчыган жокбуз, башка мамлекетке окшоп.
Түркмөнстандан кетирип тынды, Азербайджан кетирди, алардан кеткен профессорлор азыр Москвада, Алматыда, бизде жүрөт баш калкалап, тиякка кире албайт. Барса эле камап салат аларды. Ошол билим берген адамдар, доцент- профессорлор, мугалимдер - булар террорист болобу? Анын ичинде жарымы аялдар, ошолор террорист болобу? Булар үй-бүлөсү менен кире албай жүрүшөт. Дагы бир нерсени эске алалык. Ислам дүйнөсүндө Гулен чоң имам да. Аалым деп коет, залкар аалым, окумуштуу. Ислам дүйнөсүндөгү өкүлдөрү бирөөсү да ушундай сөздү Бен Ладенге каршы айткан эмес. Бирөөсү да каршы чыккан жок, бир да имам.
Би-Би-Си: Батыштагы айрым басылмалар Эрдоганды мусулман дүйнөсүнүн лидери болууга умтулуп жатат деп жазып жатышпайбы. Демек, Эрдоган менен Гуленди Түркиянын ички саясатында эле эмес, жалпы ислам дүйнөсүндө дагы өзүнчө бир атаандаштар деп караш керекпи?
К. Мамбеталиев: Мисалы, Эрдоганды ислам дүйнөсүнүн лидери деп айта албайм. Түркиянын лидери. Ошон үчүн азыр Түркия ага татыктуу болду. Бирок дүйнөгө, адамзатка Фетхуллах Гүлен татыктуу болду. Айырмасы барбы? Адамзат менен Түркиянын айырмасы барбы? Азыркы Түркияга суктана албаймын. Себеби, азыркы Түркия ушундай бир жеке адамга сыйынып отурат. Фетхуллахда болсо жеке адамга сыйынуу деген жок. Кайдагы сыйынуу? Бүт дүйнөдө китеби чыгып атат, орус, англис, француз тилинде. Андан эң белгилүү журналисттер интервью алып, баардыгы айтып жатат, бул дүйнөнүн, акыйкаттын үнү деп. Ислам динине жаңылык киргизген динаятчы деп атышат, аалым деп. Эмне үчүн Эрдоган айтып койсо эле бул террорист? Биздин гезиттер билбей туруп эле "ооба ушундай, ал жерде маршировка кылат экен, ошол жерде боевиктерди даярдайт экен, анан кийин намаз окуйт экен" деп жазышат. Адегенде барып көрбөйбү ошол мектептерди. Жыйырмадан ашык мектеп, бир килейген университет (Ала-Тоо) бар, көрүш керек адегенде. Мен ошол университетке журналистика боюнча программаны түзүп бергем учурунда. Баарын изилдеп чыккам, баарын жакшы билем. Анын окуу планы 100 пайыз биздин Билим берүү министрлигинин талабына шайкеш келет.
Би-Би-Си: Ошол эле учурда кандай окуу жай болбосун, анын ичинде ушу "Сапат" лицейлерин да айталы, кайсы бир саясий же башкача бир идеологиядан сырткары болушу керек да.
К. Мамбеталиев: Идеологиялык таасир деп айтыш үчүн далил керек. Ал жерде идеологиялык үгүт деген жок. Бир да сабак жок Фетхуллах Гүлен китептери боюнча. Дин боюнча сабак жок. Ал мектептерде, университетте намаз окуй турган жер жок. Анан балдарды өзүнчө окутат экен, кыздарды өзүнчө окутат экен дешет. Ооба 7-класска чейин балдар, кыздар бир класста окуйт. 7-класска барганда бөлүнөт. Кыздардын "Айчүрөк" деген, балдардын Айтматов атындагы лицейи бар. Туура кылышат муну, илгери ушундай тартип болгон. Падышалык Россиянын убагында ушундай тартип болгон. Советтер союзунда эле бир окутуп калышпадыбы. Бөлөкчө окуганы эӊ туура, ошондо сапат болот. Ошондой мектептин берген окуусунун сапаты бийик болуп атпайбы. Мына окуп атабыз гезиттерден. Америкада өткөн олимпиадада жеӊип келиптир, ким экен, а көрсө ошо "Себатта" окуган балдар экен, кыздар экен. "Ала-Тоо" университетин бүткөн студенттер азыр чоӊ-чоң окуу жайларда окуп жүрүшөт. Көрүп атабыз, угуп атабыз. Мына ошолорду айтып атат гезитте, мына момундай эмелерди киргизип коюп, эми булар жанагындай революция кылат, Түркиядагыдай кылып жанчыйт мамлекетти деп. Булар эӊ патриот балдар, жанчыбайт. Тескерисинче ушундайларды көтөрүш керек. Дагы бир мисал айтып коеюн. Алмазбек Бейшеналиев деген бар, азыр Ѳкмөттүн билим, илим, медицина тармактар боюнча бөлүм башчысы. Түркия университетин бүтүп, түрк тилин үйрөнгөндөн кийин ал Германиядан университетти бүткөн. Немис тилин үйрөнгөн. Вашингтондон англис тилинде окуган, англисче китеп жазган. Анын шакирти Фетхуллах Гүлен жөнүндө китеп жазган. Ѳзү Фредерик Стар деген атактуу америкалык окумуштуунун шакирти. Анан ушул жигиттерди кантип айтабыз террористтердин тарбиясында деп? Эмнеге "Сапаттын" мүлкү "Маарифке" берилиш керек. Эчтеке берилбейт - биздин мамлекеттин саясаты ушундай, жообу ушундай болду."Маариф" келсе келип, ача берсин. Паралель түрдө атаандашып иштесин.