You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапониядагы табият кырсыгынан көз жумгандар 140 кишиге жетти
Жапонияда нөшөрлүү жамгырдан кийинки суу ташкыны жана селден каза тапкандар 140 кишиге жетти. Кырсыкка байланыштуу өлкөнүн премьер-министр Синдзо Абэ чет өлкөгө пландалган иш сапарын токтотту.
Ондогон кишилер дайынсыз болуп жатат. Кырсык болгон аймактан эки миллонго чукул кишини коопсуз жайга чыгарып кетишти.
Бир топ аймактарда суу ташкындоо коркунучу сакталып турат. Анын ичинде Окаяма префектурасы дагы бар. Алдыдагы күндөрдө күн ачылат деп күтүлүүдө. Бул куткаруу иштерин жеңилдетет. (AbA)