You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапониядагы суу ташкыны: 100 киши мерт кетти, курмандыктар өсүүдө
Жапониянын батышындагы суу ташкындоо жана жер көчкүдөн кеминде 100 киши мерт кетип, 50гө жакын киши дайынсыз болууда.
Суунун деңгээли абдан бат көтөрүлгөндүктөн көптөр үйүнөн чыга албай калышкан.
Каза тапкандардын көбү Хиросима префектурасында. Бул аймакта бейшембиден бери нөшөрлөгөн жамгыр токтобой жатат. Суу ташкындоодон жүздөгөн үйлөр жапа чекти. Жарым миллион тургун коопсуздук үчүн үй-жайын таштап чыгып кетүү буйрук алган. Андан сырткары дагы үч миллион кишиге бийлик убактылуу коопсуз жайга чыгып кетүүгө кеңеш берди.
"Биз мындай нөшөрлүү жамгырды мурда көргөн эмеспиз. Түзүлгөн кырдаал өтө кооптуу",- деди өлкөнүн Метеорология агенттигинин (JMA) өкүлү басма сөз жыйынында.
Премьер-министр Синдзо Абе куткаруучулар бел чечпей иштеп жатканын айтты. Жапон бийлиги бул суу ташкыны соңку ондогон жылдар ичиндеги эң кесепеттүү табигый кырсык болуп калышы мүмкүн деп кооптонууда.
Өкмөт атайын штаб түздү. Бул штаб аркылуу куткаруу иштерине тартылган аскер, куткаруу, өрт өчүрүү, тез жардам кызматтарында иштеген 54 миң кишинин аракети жөнгө салынып турмакчы. Куткаруучулардын көбү өлкөнүн батыш жана түштүк-батыш аймактарына жиберилди.
Жапон бийлиги аба-ырайын кылдаттык менен байкап, маалымат берип турууга аракет кылып келген. Өлкөдө калктын жыш жайгашканы, тоолуу аймактарда дагы калктуу конуштардын көп экени табигый кырсыктан сактанууга мүмкүнчүлүк бербеди. (AbA)