Афган аялдар эмнеге рекорддук санда өз жанын кыйып жатышат?

Сүрөттүн булагы, ADEK BERRY / Getty
- Author, Валерия Перассо
- Role, Би-Би-Синин социалдык маселелер боюнча кабарчысы
Афганистандын батыш провинциясы болгон Гератта соңку жылда өз жанын кыюу аракеттери эки эсе көбөйдү. Жанынан кечкендердин басымдуу бөлүгү аялдар. Бул көрсөткүч жарандык согуштун курмандыгы болгон аялдардын санынан да жогору. Жарык дүйнөдөн түңүлгөн аялдар көп учурда уу ичип жатышат.
Жамила ( чыныгы аты өзгөртүлгөн) ага күйөөлөгөн жигитти үйлөнөт деп алты жылдан ашык күттү. Бирок анын кыз каадасын кылып албай жатканына ыза болуп, ичи өрттөнүп жатат.
«Ал өзүнүн апасы менен эжелерин алдыга салып, менин колумду сурап келе берди. Ал эми мен мурда башы байланып калган кыз болгонумдан кийин, ал элге көрүнүп, той жасагысы келбей жатат»,-дейт Жамила.
18 жаштагы кыз өзүнүн жашоосундагы мындай кемсинткен, басмырлаган мамилеге чыдабай калган.
«Мен мындан ары жашагым келбейт. Ошон үчүн келемиш уусун ичип, өзүмдүн жанымды кыйгым келди»,-дейт Жамила.
Ал уу ичкенден кийин Гераттагы ооруканага жеткирилип, эки апта дарыланып чыкты.
Бул Афганистандагы көптөгөн аялдардын бирөөсүнүн эле кейиштүү окуясы.
Аялдардын арасындагы өз жанын кыйгандар боюнча Гераттагы көрсөткүч башка жактарга салыштырмалуу эң жогору.
Гераттагы саламаттык сактоого жооп берген жетекчилердин айтымында, 2017-жылы 1800 адам өз өмүрүнө кол салган, анын ичинен 1400 аялдар. Алардын 35 өз жанын өзү кыйып тынды.
Бул андан мурдакы жылга салыштырганда эки эсеге көп. Ал жылы өз өмүрүн кыюуга аракет кылган миңдин тегерегинде адам катталган эле.
Бул көрсөткүч жарандык согуш учурунда курман болуп же жаракат алгандардын санына караганда да алда канча көп. БУУнун расмий маалыматтарына караганда, согуштун акыркы жылы 359 адам курман болуп, 865 жарадар болгон эле.
Афганистандын адам укуктары боюнча комиссиясы жарыя кылып, жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан маалыматтар жылына 3000 афгандык өз жанын кыярын, анын ичинен 80% аялдар экенин көрсөттү. Бул көрсөткүчтүн жарымынан көбү Герат провинциясына туура келет.
Ошол эле учурда укук коргоо уюмдары бул көрсөткүч мындан да жогору болушу ыктымал дейт, анткени «Афганистанда көп адамдар өз жанын кыйган фактыларды көп себептерге байланыштуу эч кимге айтпай жашырып коюшат».
Гераттагы Би-Би-Си кабарчысы Мухаммед Казизаданын айтымында, айыл жериндеги динге катуу берилген үй-бүлөлөрдө өз жанын кыйган фактыларды ачык айтышпайт, эгер ал угулуп калса, ал үй-бүлө ислам айыптаган көрүнүшкө жол бергени үчүн элдин кодулоосуна кабылат.
«Алардын башка дагы көйгөйлөрү толуп жатат, ошондуктан үй-бүлөдө же эл ичинде өз жанын кыюу аракеттерине анчалык деле көңүл бурушпайт, - дейт Казизада.

Сүрөттүн булагы, ADEK BERRY / Getty
Күчтөп күйөөгө берүү
Афганистандын адам укуктары боюнча көз каранды эмес комиссиясынын мүчөсү Хава Алам Нуристани афган коомунда аялдар үй-бүлөдөгү зомбулук, психикалык оорулар жана башка көп социалдык көйгөйлөргө тушугуп жатканын айтууда.
"Герат - салт абдан үстөмдүк кылган провинция",-дейт Нуристани.
Афганистанда психикалык саламаттык маселелери боюнча так маалыматтар жок болгон менен Дүйнөлүк саламаттык уюму миллиондон ашык афгандыктар депрессиядан жабыркай турганын айтууда.
Ѳлкөдөгү куралдуу кагылышуу башталганына 2018-жылы кырк жыл толгонуна байланыштуу, Дүйнөлүк саламаттык уюму иш жүзүндөгү сандык көрсөткүчтөр кыйла эле жогору болот деп жатат.
Ошол эле учурда, мурда айтылгандай эле, аялдарга карата зордук-зомбулук мамиле жайылган көрүнүш болуп калууда.
БУУнун калкты жайгаштыруу фондусунун маалыматтарына караганда, афган аялдарынын 87% физикалык, жыныстык же психологиялык зомбулуктун эң кеминде бир түрүнөн азап тартышат, ал эми 62% ырайымсыз мамиленин көп сандаган формасынан жапа чегишет.
Күчтөп күйөөгө берүү аялдарды өз жанына кыюуга түрткөн эң башкы себептердин бири болуп аталууда.
«Аялдардын өз жанын кыйып жатканына басмырлоо көрүнүштөрү себеп болууда, анын көбү үй-бүлөдө башталат. Мисалы, күчтөп күйөөгө берүү,-дейт Нуристани.
Башка маселелер сыяктуу эле күчтөп күйөөгө берүүнүн масштабы жөнүндө так маалыматтар жок, бирок ЮНИСЕФтин 2017-жылдагы маалыматында афган кыздарынын үчтөн бир бөлүгү 18 жашка чейин эле турмуш курушат.
Жакырчылык жана иштөөгө шарттын жоктугу дагы аялдардын курчуган социалдык көйгөйлөрү. Бул жөнүндө Азия фонду 2017-жылы жарыялаган отчетто айтылат.

Сүрөттүн булагы, HOSHANG HASHIMI / Getty
Келемиш уусу
Гераттагы дарыгерлер Би-Би-Си кабарчысына билдиргендей, өз өмүрүн кыйган аялдар көбүнчө өзүнө өзү атып же келемиш уусун ичип өлгөндөр. Ал эми мурда бул провинцияда өзүн өзү өрттөп жашоодон кеткен аялдар мисалы көп болчу.
"Соңку жылдары адамдар ветеринарлар колдонгон дарыларды жана башка уландыруучу заттарды оңой алып калышты. Азыр алар бардык дүкөндө бар",-дейт Герат ооруканасынын басма сөз катчысы Мохаммад Рафик Ширази.
Уландыруучу заттардын элдин колуна оңой тийип жатканы жергиликтүү бийлик башчыларында кооптонууну күчөттү.

Сүрөттүн булагы, Jonas Gratzer / Getty
"Ѳткөн жылы биз тийиштүү уюмдардын уулуу заттарды көзөмөлгө алуу жөнүндө чара көрүшүн өтүнгөнбүз",-дейт Ширази.
Улуттук план
Гераттагы дарыгерлер алдын алуу иштеринин стратегиясы иштемейинче, өз жанын кыюулардын көрсөткүчү азайбайт деп жатышат.
Доктур Набиль Факьяр сыяктуу адамдар аялдардын өз өмүрүн кыйган себептерди жалпы улуттук деңгээлде карап чыккандан кийин гана психикалык саламаттыктын кризис маселелерин эффективдүү чечүүгө мүмкүн дейт.
Кабулдагы афган саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери алдын алуу иштеринин улуттук планын ишке ашырууну баштап жатышканын билдиришүүдө. Ал планда психикалык оорудан жабыркагандарга терапевтикалык борборлордун кызматын көрсөтүү каралууда.









