You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Тунистин командасы беттеш учурунда кантип ооз ачат?
Тунистин футбол боюнча курама командасы оюн жүрүп жатканда ооз ачуу үчүн адаттан тыш ыкма колдонушту.
Португалия менен Түркияга каршы достук беттеште, Тунис командасынын дарбазачысы Муэз Ассен ооз ачаар учурда "жаракат" алдым деп жыгылып калат. Ага жардам көрсөтүлүп жатканда, башка оюнчулар курма жана суу ичип, оозун ачып алышты.
Кызыгы, оозун ачып алган оюнчулар дароо гол киргизишти. Европанын чемпиону Португалияга каршы беттеште Тунис 2-1 эсебине утулуп жаткан. Оозун ачып алган оюнчулар алты мүнөттүн ичинде гол киргизип, беттеш 2-2 эсебинде бүттү.
Бир нече күндөн кийин Тунис-Түркия беттешинде дагы дарбазачы кайрадан ооз ачар учурунда "жаракат" алып калды. Кайрадан дарбазачыга жардам көрсөтүлүп жатканда башка оюнчулар футбол талаасынын четине жүгүрүп келип, суу жана курма жеп алышты. Бул беттеш дагы 2-2 эсебинде жыйынтыкталды.
Бул окуяны биринчилерден болуп Тунис футбол күйөрмандары коомдук сайттагы баракчасына жазып чыкты. Ал эми Тунистеги футбол эксперттери дарбазачы беттештин 58-мүнөтүндө жана 48-мүнөтүндө "жаракат" алганын айтып, бул убакыт ооз ачар учурга дал келет деп билдиришти.
Тунистин футбол федерациясы болсо бул тууралуу үн ката элек. Бирок дарбазачы Муэз Ассен "чын эле жаракат" алганын "Твиттер" баракчасына жазып, күлүп турган эможилерди кошкон.
Эми футбол күйөрмандары Тунистин 9-июнда Испанияга каршы достук беттешине көңүл буруп жатат. Дарбазачы ооз ачар учурда кайрадан "жаракат" алабы деген суроолор дагы берилүүдө.
Түндүк Африкалык команда тарыхта биринчи жолу Дүйнөлүк чемпионатка катышмакчы. Тунис чемпионаттагы биринчи беттешинде 18-июнда Англияга каршы ойнойт. Ага чейин Орозо дагы бүтүп калат.
Эң узак орозо кайсыл өлкөдө тутулууда?
Азыркы учурда дүйнөдөгү мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда. Эң узак орозо сааттары Гренландияга туура келет.
Бул өлкөдөгү мусулмандар ооз бекитилгенден баштап ооз ачылганга чейин 22 саат орозо кармап жатышат.
Гренландиядан кийинки узак сааттар Дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан Орусияга мүнөздүү. Аймагы чоң бул өлкөнүн айрым жерлериндеги орозо убактысы 20 сааатка чейин созулат. Орусия аймагында Кыргызстандык эмгек мигранттарынын көп эмгектенишет эмеспи. Кыргызстандын өзүндө болсо 17 саат орозо тутулууда.
Бул жылы дагы орозо айы ысык аптаптуу күндөргө туура келди. Былтыры мындан дагы ысык күндөрү өткөн. Бирок ошого карабастан көпчүлүк дени-карды соо кишилер орозо кармоого аракет кылышат.
Австралиядагы мусулмандар 11 саат орозо кармап жатышат. Бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң аз убакыт.
Исламда орозонун маанисин бир эле тамак-аштан баш тартуу эмес, аң-сезимди дагы тазалоо деп айтылат.