You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сирияны "химиялык курал" менен Түндүк Корея камсыздаганбы?
АКШнын медиасы Түндүк Корея Сирияга химиялык курал чыгарууга колдонушу мүмкүн делген каражаттарды жөнөткөнү тууралуу жазып чыкты. Алар бул маалыматтар БУУнун адистеринен алынганын айтып жатышат.
Жогоруда айтылган каражаттардын арасында кислотага туруштук бере алчу кафель, клапандар жана түтүктөр дагы бар. New York Times гезитине жазылган маалыматка ылайык, БУУ коомчулукка жарыялай элек баяндамасында Түндүк Кореянын ракета боюнча адистери Сириянын курал-жарак чыгаруучу ишканаларында байкалганы дагы айтылат.
Жакында эле Сириянын өкмөт күчтөру хлор газын колдонду деген маалыматтар тарады. Сириянын бийлиги бул кабарларды четке кагып келет.
Түндүк Корея болсо өзөктүк курал программасынан улам эл аралык санкцияга кабылган.
Wall Street журналына ылайык, бул каражаттарды Сирияга Кытайдын соода компаниясы бир нече жылдын ичинде жеткирген. Сириянын өкмөтү жасалма компаниялар аркылуу Түндүк Кореяга акча которгон.
АКШнын бир нече таанымал гезити жарыялаган макалаларда бул маалыматты БУУнун адистер тобу чогултканы айтылат. Эксперттер БУУнун резолюциясы канчалык ишке ашып жатканын иликтөөгө алышкан.
БУУнун 2017-жылы сентябрь айында жарыяланган баяндамасында Сирия менен Түндүк Корея "тыюу салынган химиялык, баллистикалык жана кадимки куралдар" боюнча кызматташып жатканын дал ушул адистер тобу тергөөгө алат деп жазылган.
БУУнун басма сөз өкүлү Стефан Дуяррич АКШнын гезиттери жазып чыккан баяндама жарыяланабы же жокпу так айткан жок. Бирок Дуяррич мырза "бул жерде негизги маселе БУУга мүчө болгон мамлекеттердин баары санкцияларды ишке ашырууда жоопкерчилиги бар экенин эске алышы керек" деп белгиледи.
Сириянын өкмөтү болсо БУУга Түндүк Кореядан Сирияга бир гана спорт боюнча машыктыруучулар жана атлеттер келгенин маалымдады.
2013-жылы Гутада зарин газ колдонулуп жүздөгөндөр каза тапкандан кийин Сириянын өкмөтү Химиялык куралдар боюнча конвенцияга кол коюп, мамлекеттеги химиялык куралдарды жок кылууга макул болгон.
Бирок андан бери Сириянын өкмөт күчтөрү жарандык согушта бир нече жолу химиялык курал колдонду деп айыпталды. Сириянын бийлиги дооматтарды четке кагып келет.