You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Пхёнчхандагы Олимпиаданын ачылыш салтанатынан сүртүмдөр
Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанды. Салтанаттуу ачылыш аземине 92 өлкөдөн алты миңден ашуун спортчу катышты. Анын ичинде кыргызстандык чакан топ дагы мамлекеттик туунун алдында жүрүштөн өттү.
Олимпиаданын ачылышы алп жолборсту курчаган балдардын аянтка чыгышы менен башталды. Бул жолборс Түштүк Кореяда өткөн Сухоран олимпиадасынын символу болгон эле.
Олимпиаданын ачылыш аземи беш бурчтуу ачык стадиондо өттү. Ар бир бурчу Түштүк Кореядагы дөөлөттөрдү туюндуруп турат. Булар: маданият, экология, экономика, тынчтык жана IT-индустрия.
Стадионго Түштүк Кореянын мамлекеттик туусу алынып киргенден кийин, өлкө гимни жаңырды. Ушундан кийин спортчулардын парады башталды.
Салт болуп калгандай эле парадды Грециянын командасы баштап берди. Анын артынан Гана чыкты. Өз өлкөсүнүн туусун желбиреткен спортчулар кезек-кезеги менен жүрүштөн өтүштү. Нигериядан келген бобслейчи кыздар бул өлкөнү кышкы Олимпиадада тааныштырган биринчи спортчулар болуп калды. Ошондой эле Африкадан келген биринчи бобслей командасы болду.
Сеун Адигун, Нгози Онвумере жана Акуома Омеога спорттук карьерасын жеңил атлетикадан баштаган. Бирок күтүүсүз жерден эле жөө күлүктөр кышкы спорт түрүнө өтүп кетишкен экен.
Кышкы оюндарга мадагаскарлык 16 жаштагы лыжа спортунун чебери Мьялитьяна Клерк (тууну кармапа бара жатат) катышууда. Клерк - Мадагаскар тарыхында кышкы Олимпиадага катышып жаткан экинчи спортчу.
Орусиялык спортчулар допинг жаңжалына байланыштуу кышкы оюндарга өз өлкөсүнүн туусу алдында чыга алган жок. Алар бейтарап туунун алдында чыгып келишти. Кийимдеринде дагы туунун белгиси түшүрүлгөн эмес.
Оюндарда орусиялык спортчуларды расмий түрдө "Орусиядан келген олимпиадалык атлеттер" деп аташат.
Бирок орусиялык күйөрмандар өз спортчуларын улуттук тууну колдонуп, сүрөөнгө алса болот.
Бул жолку Олимпиаданын чакырыгы: Бүтүкүл дүйнөгө тынчтык! Ошондуктан КЭДР менен Түштүк Кореянын командалары бир туунун алдында чыгууну чечкен. Алар ак түстөгү кийимди атайын тандап алышкан.
Эң экстремалдуу кийинген Тонгонун спортчусу болду. Ачылыш салтанаты өтүп жаткан учурда стадиондо -5 градус суук болуп турган. Айрым күндөрү Олимпиада өтүп жаткан аймакта -25ке чейин суук болот деп күтүлүүдө. Бул тонголук мурда жайкы оюндарда тхэквондо боюнча катышкан. Эми кышкы оюндарда лыжа спорту боюнча күчүн сынап көрүүнү чечкен.
Спортчулардын салтанаттуу жүрүшүнөн кийин стадионго бийчилер чыкты.
Андан кийин кореялык квартет Жон Ленондун Imagine ырын аткарды.
Соңунда кореялык муз бийчиси Ю-на Ким Олимпиада отун жандырды.
Пхёнчхандагы Олимпиада 25-февралга чейин уланат. (AbA)