You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сатымкулов: Майдын айынан дагы канча балык кырылаарын айтуу кыйын
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Ош-Бишкек унаа жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган унаанын сууга кулашы балык чарбасына чоң зыян алып келип, балыктар өлүп жатат деп айтып чыкты жергиликтүү бийлик. Унаа кырсыгы кечээ түндөсү катталып, бир киши мерт кеткен эле.
"Мен азыр балык чарбасында турам. Ушул саатка чейин бир жарым тоннадан ашык балык өлдү. Айрым булактар 7 тонна балык өлдү деп, туура эмес маалымат таратууда. Азырынча дагы канча балык өлөрүн айтуу кыйын. ӨКМдин жергиликтүү тобу толугу менен бул жерде турат. Дагы бир жагдай кулаган унаадагы 38 тонна май толугу менен төгүлдүбү же калдыбы аны жеринен тактайбыз. Кулаган унааны чыгарып алууга атайын техникалар тартылды. Биз азыр бул жактан чыгып ошол жерге барабыз. Унаанын ээлери келди, жүктүн ээси ким экенин азыр тактап жатабыз. Юридикалык териштирүү жүргүзбөсө болбойт. Себеби бул абдан чоң чыгаша. Бул ишкерге атайын жеңилдетилген насыя да алып бергенбиз. Унаа кулаган жер менен сөз болуп жаткан балык чарбасынын аралыгы болжолдуу алганда, 7-8 чакырым болот",-деди Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов.
"Түнкү саат 12лер чамасында бензин ташыган унаа сууга кулаганы тууралуу уктук. Төрт сааттан кийин балыктар өлүп баштады. Чычкан суусу эң таза суу. Мындан башка булактарыбыз жок. Эми балыктарды кантип сактап калабыз азыр айта албайм. Төрт ай балык сатпайбыз, суу тазаланганча. Банктан алынган насыя, айлыкты, жемди кантебиз азыр билбей турабыз. Мындан мурун дагы ушундай кырсык болуп, күйүүчү май төгүлүп 500 кг балык өлгөн. Анда да төрт ай саткан эмеспиз",-деди балык чарбасынын ээси Аманжан Борбиев.
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 20-январда түндөсү 23:15те Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында "Фредлайнер" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдон чыгып Чычкан суусуна кулап түшкөн. Жол кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.
"Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркагандарды жана каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан алып чыгышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Унаада 38 тонна бензин болгон",-деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.
"Ушул кырсык катталган Ош-Бишкек жолундагы көпүрө абдан опурталдуу көпүрө. Бул атайын долбоор менен курулган. Ошондуктан ага эч кандай дооматым жок. Бирок өкмөт менен облус жетекчилигине атайын кат даярдап жатам. Ушул көпүрө боюнча атайын изилдеп көрсөк деген ой бар. Бул жерден аккан суу Токтогул суу сактагычына барып куят",-деди район акими.