Иерусалим: Трамп Аббасты сүйлөшүүлөрдөн баш тартпоого чакырды

АКШ Иерусалимди Израилдин борбор калаасы деп тааныгандан кийин мамлекеттин өнөктөштөрү президент Трампты кескин сынга алышты. АКШ болсо Палестинаны вице-президент Майк Пенс менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартпоого чакырды.

Вашингтондун айтымында, айдын аягында пландалган Палестинанын лидери Аббас менен Пенс мырзанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү токтотуу тынчтык жараянына терс таасир этет.

Буга чейин Палестинанын жогорку даражадагы расмийлери Пенс мырзаны кабыл албайбыз деп жарыялаган.

Президент Трамп чечими аркылуу АКШнын Иерусалим шаарына карата ондогон жылга созулган саясатын өзгөрттү.

1948-жылдан бери АКШнын бир нече лидери Иерусалимдин макамы диолог аркылуу чечилет жана анын натыйжасына таасир этпөө үчүн сүйлөшүүлөргө катышпайбыз деп белгилеп келген.

Бейшемби күнү Газа тилкесинде демонстрациялар уюштурулуп, кагылышууларда кеминде 31 палестиналык жаракат алды. Израилдин аскерлери көздөн жаш агызган газ колдонуп, ок атышты.

Бул кагылышууларга Трамптын жарыялоосу себеп болду. Палестинада бүгүн дагы демонстрациялар өтмөкчү.

Палестинанын "Хамас" тобу жаңы "интифада" же көтөрүлүш жарыялады.

Ирзаил жүздөгөн арскерлерин Батыш Жээкти көздөй жылдырганы дагы маалым болду.

Вашингтондун эң жакын өнөктөштөрү АКШнын жаңы саясатына каршы чыгып, Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши жана Араб лигасы жакын арада жыйын өткөрүп, АКШга жооп кайтармакчы.

Эмнеге Иерусалимдин макамы талаш жаратып келет?

Бул көйгөй Палестина менен Израилдин ортосундагы конфликттин негизги себептеринин бири.

Иерусалимде иудейлердин, христиандардын жана мусулмандардын ыйык деп санаган жайлары жайгашкан.

1967-жылы Жакынкы Чыгыштагы согуштан кийин Израил Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-жылы шаарды Израилдин "түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору" деп жарыяган.

1993-жылы Израил-Палестина тынчтык келишимине ылайык палестиналыктар Иерусалимдин чыгышын өз мамлекетинин борбор калаасы катары жарыялоону көздөгөн. Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.

Иерусалимди Израилдин борбор калаасы катары эч бир мамлекет тааныган эмес. Израилдин эң жакын деп сыпаттаган өнөктөшү АКШ дагы элчилигин Тель-Авив шаарында жайгаштырган.

1967-жылдан бери Израил шаардын чыгышында ондогон конуштарды курган. Ал жерде 200 миңге чукул жөөт тургундары жашап келет. Эл аралык уюмдар айтылган конуштарды мыйзамсыз деп атаган.