You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аргентинадагы жылдыздуу үлпөт: Мессинин балалык сүйүүсү
"Барселонанын" жылдызы, аргентиналык футболчу Лионель Месси бала кездеги сүйүүсү Антонелла Рокуццого баш кошту. Алардын үйлөнүү үлпөтү Аргентинаны борбордук бөлүгүндөгү кичи мекени Росарио шаарында өттү.
Аргентиналык басылмалар муну «кылымдын үлпөтү» деп жазууда. Тойго 260 конок чакырылып, арасында футбол жылдыздары жана атактуулар болду. Коноктордун арасынан Мессинин "Барселона" клубундагы кесиптештери Луис Суарес, Неймар жана Жерар Пике жубайы Шакира менен бирге келген.
Месси менен Рокуццо бала кезинде, 13 жашында болчоктогу футбол жылдызы Испанияга келе электе эле тааныш болгон экен. Азыр эки жаштын ортосунда эки уулу бар. Июнь айында Месси 30 жашка толду, ал эми жубайы андан эки жаш кичүү.
Үлпөт учурунда коноктордун коопсуздугун жүздөгөн полиция камсыздап турду. Жеке күзөт кызматы тойго чоочун бирөө кирип барып, тополоң салбасын деп катуу кайтарууга алды. Үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан City Center мейманканасынын сыртына көп киши чогулуп турган.
Үйлөнүү үлпөтүнө "Барселона" оюнчуларынан сырткары Аргентина улуттук курама командасындагы Мессинин санаалаштары дагы келишти.
Жергиликтүү Clarín басылмасы тойго Мессинин мурунку машыктыруучулары, анын ичинде "Манчестер Ситинин" башкы машыктыруучусу Пеп Гвардиола дагы чакырылганын жазды.
Росарио - Парана дарыясынын жээгиндеги порт шаары. Өлкөнүн баш калаасы Буэнос-Айрестен 300 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Бул жерде дагы бир белгилүү аргентиналык - Эрнесто Че Геваранын балалыгы өткөн.
Месси Испанияга келгенден бери беш ирет Дүйнөлүк футбол бирикмесинин "Алтын топ" сыйлыгын алып, рекорд койду.
2017-жылы май айында Испаниянын Жогорку соту салыкты жашырган деп Мессини 21 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок аргентиналык тор артында олтуруп калбашы турган кеп, бул иш айып пул төлөө менен чечилет деп күтүлүп жатат.