You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
World Press Photo сыйлыктары: жеңүүчүлөр жана финалисттер
Калыстар тобу бул жылы 80 миңге чукул эмгектерди көрүп чыгышкан. Ар кандай категориялар боюнча мыкты деп табылган фото сүрөттөрдү сунуштайбыз.
Төмөндөгү сүрөттөрдүн айрымдары окурмандын көңүлүн түшүрүшү мүмкүн экенин эскертебиз.
Биринчи сыйлык Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловко ок атуу болгон учурда тартылган сүрөткө берилди. 2016-жылдын 19-декабрында Associated Press менен кызматташкан түркиялык фотограф Бурхан Озбилиж дагы Анкарадагы сүрөт көргөзмөсүнө чакырылгандар арасында болгон. Бул көргөзмөдө орус элчисине ок атылган.
Сүрөттө түркиялык полиция кызматкери Мевлут Мерт Алтинташ элчини аткандан бир нече секунддан кийинки учуру тартылган. Калыстар тобунун төрагасы Стюарт Франклин бул сүрөткө жогорку баасын берген. Бурхан өзүнүн коркунучун жеңип, көз алдында болгон трагедияны көрсөтө алган деп айтты.
World Press Photo фото сынагы 1955-жылдан бери өткөрүлөт. Бул жылы калыстар 25 өлкөдөн 45 фотографтын эмгектерин жеңүүчү катары атады.
New York Times басылмасынын фотографы Дэниэл Берехулак "Жалпы жаңылыктар" категориясы боюнча биринчи сыйлыкты жеңди. "Бизди айбан сымал өлтүрүшөт" деп аталган сүрөттө Маниладагы (Филипин) полиция участкасындагы абактагылар тартылган.
Лоран Ван дер Стокт Le Monde басылмасына чыккан фото репортажы үчүн сыйлык алды. Сүрөттө 2016-жылы 2-ноябрда Мосулдагы ирак күчтөрүнүн тинтүү жүргүзгөн учуру тартылган.
Сергей Пономарев New York Times басылмасына жарыяланган сүрөтү үчүн "Жалпы жаңылыктар" категориясындагы экинчи сыйлыкты алды. Сүрөттө ирактык үй-бүлө Мосулдан качып баратат.
Валерий Мельников "Украинанын каргашалуу күнү" эмгеги үчүн сыйлык алды. Сүрөттө Луганск станциясындагы жардыруудан качып бараткан аялы менен күйөөсү тартылган.
Бул фотолордун сериясы "Орусия бүгүн" эл аралык агенттигинин буюртмасы менен даярдалган.
Америкалык фотограф Эмбер Брэкен "Замандын көйгөйлөрү" категориясы боюнча сүрөт очерки менен биринчи сыйлыкты алды. Анда Түндүк Дакота штатындагы индейцтердин сиу эли отурукташкан чөлкөм аркылуу өткөн мунай түтүгүнүн курулушуна каршы акциялар чагылыдырылган.
Сүрөттө каршылык акциясы учурунда көздөн жаш агызчу газдан жабыркаган кишиге жардам көрсөтүлүп жаткан учур.
Ямайкалык жөө күлүк Усейн Болт Рио Олимпиадасы учурундагы 100 м. аралыктагы мелдештин жарым финалы учурунда маарага жеткен жерде атаандаштарын жылмайып караганы тартылган сүрөт.
Каи Оливер Пфаффебахтын бул эмгеги "Спорт" категориясы боюнча сыйлык алды.
Френсиз Перез "Жаратылыш" категориясы боюнча сыйлыкка ээ болду. 2016-жылы 8-июнда тартылган сүрөттө деңиз ташбакасы балыкка жайылган торго кирип калганы тартылган.
Ушул эле категориядагы биринчи сыйлыкты National Geographic журналынын фотографы Брент Стиртон "Кериктерге согуш" деген эмгеги үчүн алды. Сүрөттө Мозамбикте кармалган 19 жана 28 жаштагы эки браконьерди абакка каттоо учуру тартылган.
Бул жааттагы экинчи сыйлыкты ушул эле журналдын фотографы Эми Витале пандалар боюнча тартылган фото сериялары үчүн алды. Сүрөттө Кытайдын түштүгүндөгү Волонг коругундагы 16 жаштагы Йе-Йе ысымдуу панда.
Эже-сиңдилер Ольга менен Аделина Ли Хи Кубада жашаган теги кореялык аялдар. Майкл Винс Ким мындай сүрөттөр сериясы үчүн "Адамдар" деген категория боюнча сыйлык алды.
Сыйлык ээлеринин бардык эмгектерин www.worldpressphoto.org сайттынан көрө аласыз.