Индияда мөңгү көчтү: 145 киши дайынсыз, каза тапкандар бар

Гималайда мөңгүнүн ажырап кеткен бөлүгү көчүп түшүп, Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатындагы дамбаны бузуп кетти. Суу ташкындап өрөөндөгү айылдарды каптап, тургундарын коопсуз жайга чыгарууга аргасыз болушту. Азыркы маалда кеминде 11 киши каза таап, 145 кишинин дайыны табылбай жатат.

Бул тууралуу штаттын башкы министри Сингх Рават билдирүү жасады. Куткаруучулар төрт кишинин сөөгүн табышкан. Кырсык болгон аймакта издөө жана куткаруу иштери уланууда деди ал. Куткаруучуларга жардам берүүгө жергиликтүү тургундар, полиция жана аскерлер, тик учактар тартылды.

"Мунун баары заматта болуп кетти. Бул тууралуу кабарлоого мүмкүн болгон жок",-деди суу каптаган аймактын тургуну Санджай Сингх Рана.

Мөңгү Гималай тоо системасынын тутумундагы Индиядагы экинчи эң бийик чоку саналган Нандадивижен түшкөн. Ал жаңы курулуп жаткан эки гидроэлектростанцияга чоң зыян алып келди. Дайынсыз болуп жаткандардын көбү ушул жерде иштеп жаткан жумушчулар.

"Бүт өлкө алардын аман калышын кудай тилеп сыйынып жатат",-деп жазды премьер-министр Нарендра Моди "Твиттер" баракчасына.

Уттар Прадешке коңшу жайгашкан аймактар дагы суу ташкынынан сактануу аракеттерин көрүүдө.

Мөңгүнүн көчүшүнө эмне себеп?

Навин Сингх Хадка, Би-Би-Синин экология боюнча баяндамачысы

Кырсык болгон жер өлкөнүн алыскы аймагында болгондуктан азырынча буга так жооп берүү кыйын. Эксперттер мөңгүдөн жарака кетип, чоң бөлүгү негизги массивден бөлүнүп калышына күндүн жылышы жана жаан-чачын себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

"Ушундай болушу мүмкүн дегенге себептер жөндүү. Анткени өтө катуу жаан жааган,-деди гляциолог Добхал.

Ошондой эле эксперттер мөңгүдөн пайда болгон көлгө муз аралашкан таштар көчүп, андан көл жарылып кеткен болушу мүмкүн деген божомолдорду да айтып жатышат. Дагы башка версия боюнча кар же жер көчкү дарыяны бөгөп калып жарылган болушу мүмкүн. (AbA)