You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Иранда дарга асылган журналист жана "Инстаграм" жылдызына тагылган айып
Өткөн апта соңунда Иранда Telegram тиркемесин колдонуп, "башаламандыкка тукурган" деп айыпталган журналист өлүм жазасына тартылды. Мунун алдында "Инстаграм" жылдызына айланган, өзүн пластикалык операциянын курмандыгы санап, грим жана сүрөт жасалгасын колдонгону үчүн айыпталган кызга өкүм чыккан эле.
Ирандык журналист Рухолла Зам Жогорку Сот мурдагы өкүмдү күчүндө калтыргандан кийин дарга асылды. Ишемби күнү өлүм жазасы аткарылганы тууралуу мамлекеттик каналда кабарланды.
Францияда бозгунда жашаган Зам кандайча кармалып, Иранга алып келингени тууралуу ачык маалымат жок. Айрым маалыматтарда өткөн жылы Иракка келгенде камакка алынганы айтылат. Ал өлкөдө өтө популярдуу болгон оппозициялык маанайдагы Amadnews сайтын негиздеген. Иран аталган сайтты 2017-2018-жылдагы каршылык акцияларына тукурган деп айыптап келүүдө. Басылманын Telegram кызматында миллионго чукул катталуучусу бар. Ал каршылык жүрүштөрү жана ирандык чиновниктер тууралуу маалыматтарды таратат. Иран өкмөтү порталды жаап салгандан кийин жаңы аталыш менен кайра жарыкка чыккан.
Зам - динаятчы жана Реформа партиясынын мүчөсү Мохаммед Али Замдын уулу. Ага "Жер бетиндеги бузукулугу" үчүн деген айыпты тагып, өлүм жазасына тартышкан. Бирок адам укугун коргоо жаатында иш алып барган Amnesty International уюму аны "басым алдында кабыл алынган көрсөтмөлөрдүн негизинде соттолгон адилетсиз сот жараянынын курмандыгы" атады.
Замга Франция бийлиги журналистке 2009-жылдагы Ирандагы президенттик шайлоодон кийин саясий башпаанек берген эле. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Жогорку Соттун өлүм жазасын күчүндө калтыруу чечимин "Ирандагы сөз эркиндигине олуттуу кол салуу" катары атады.
Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусу буга чейин Замды Франция, Израиль Жана АКШнын чалгын кызматынын "көрсөтмөсү алдында" жүргөн деп билдирген.
Ассошиэйтед пресс маалыматына караганда Зам абакта жатканда ирандык телеканал аркылуу өзүнүн аракеттери үчүн кечирим сураган.
Апта соңунда дагы бир чуулгандуу сот өкүмү чыкты. Ирандык "Инстаграм" жылдызы Сахар Табар коомдук сайттардагы ишмердүүлүгү үчүн 10 жылга эркинен ажыратылды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Сахар Табар өзүн пластикалык операциянын курмандыгы катары көрсөтүп, коомдук сайттарда популярдуулукка жеткен. Кийин анын сырткы көрүнүшү макияж жана фоторедактордун жардамы менен экени ачыкка чыкты.
Бир жыл мурун анын аккаунтуна көптөгөн даттануулар түшкөндөн кийин кудайга акарат келтирүү", "зомбулукка тукуруу" сыяктуу бир нече берене менен кылмыш иши козголгону айтылган. Камакка алынган соң аны мамлекеттик телеканал аркылуу "коомдук сайттарда белгилүү болуу каалоосу реалдуу жашоонун кандай быт-чытын чыгарарына" мисал катары көрсөтүшкөн эле.