Кантип коомдук сайттардын кулуна айландык?

Окумуштуулар адамдын мүнөзүнө карап эле, коомдук сайттарга өнөкөт болуп калган көз карандылыгын, берилгендигин аныктаса болот деген тыянакка келген.

Жаңы иликтөөлөр көрсөткөндөй, мындайга өтө эле берилип алгандар технологиянын берилген мүмкүнчүлүктөрүн сая кетиришпей, ар дайым коомдук сайттарга, электрондук почталарына сак-сактап турушат.

Учурда коомдук сайттарды Жер шарынын 40 пайызга чукулу колдонот. Болжолу үч миллиард киши коомдук сайттарга кирип, орточо алганда алар күнүнө эки саат убактысын коомдук сайттарга коротушат.

Нью-Йорк штатындагы Бингемтондогу университеттин окумуштуулары соңку иликтөөсүндө, АКШдагы чоң окуу жайлардын 275 студентинин жана бүтүрүүчүсүнүн сурамжылоосун анализдеп чыккан. Сурамжылоого катышкандар, орточо алганда коомдук сайттарды соңку он жылдан бери колдонуп келишкенин, жок эле дегенде күнүгө бир жарым саат убакыт коротушканын айтышкан.

Окумуштуулардын пикиринде, мындай иликтөөгө дал келген максималдуу топ - университетте окуган студенттер эле. Студенттер "башкаларга караганда көбүрөөк бош убактысы болгондуктан коомдук сайттарга көңүлү бөлүнүп, бат эле берилип кетишет жана аны көп учурда иденттүүлүгүн өнүктүрүү үчүн колдонушат" деп айтылат илимий макалада.

Изилдөөчүлөр "чоң бештик" деген психологиялык үлгүгө таянышкан. Ал ыкмада инсанды негизги беш сапаты менен баалайт: ак көңүлдүүлүк, ак ниеттүүлүк, эмоционалдык туруксуздук - невротизм, социалдык чөйрөдөгү мамиле - экстраверсия жана тажрыйбага даярдык.

Буга чейин окумуштуулар кишилердин өнөкөт болуп калган алкоголго, баңгизатка, тамекиге көз карандылыгын иликтеп, ага көбүрөөк кабылгандар - эмоционалдуу туруксуз (невротизм), зиректигин жоготкон адамдар деген тыянакка келген.

Иликтөөчүлөр мындай гипотезаны карманат: эмоционалдык туруксуздук (невротизм) көз карандылыкты күчөтөт, ал эми зиректик (ак ниеттүүлүк) смартфондун кулу болуп калууну төмөндөтөт.

Ошол эле учурда иликтөөчүлөр башка дагы тыянакты таап чыгышкан. Эгерде сизде ушул эки сапат тең жакшы өнүккөн болсо, эмоционалдык туруксуздук (невротизм) сиздеги коомдук сайтка болгон көз карандылыкты өзүнө тартып кетет.

Муну менен ак ниеттүүлүгү начар өнүккөн кишилер "кат кабар алышкан" (WhatsApp, Messenger сыяктуу) коомдук сайттарга (instant messaging) баш-оту менен кирип кетүүгө жакын.

Эгерде сизде ак ниеттүүлүк, ак көңүлдүүлүк да начар өнүккөн болсо, сиздин берилип кетүү мүмкүнчүлүгүңүз дагы жогору. Деген менен иликтөөчүлөр өтө эле ак көңүл жана ак ниет болсоңуз дагы коомдук сайттарга берилүү ошончолук жогору деп тыянакка келген.

Иликтөө авторлорунун бири Исаак Вагефинин айтымында, мындай күтүүсүз натыйжа "билип туруп берилүүнүн" жыйынтыгы болушу мүмкүн. Башкача айтканда, зирек жана ак ниет кишилер атайын эле коомдук сайттар аркылуу берилген маалыматтарды көбүрөөк алууга аракеттенишет. Жыйынтыгында алардын көз карандылыгы өнүгө берет.

Кимде ак ниеттүүлүк сапат өзгөчө бийик болсо, алар коомдук сайттарга көңүл ачуу максатында эмес, кесибине байланышкан маалыматтарды издөө үчүн колдонот деп белгилейт окумуштуулар.

Вагефи белгилегендей, бул сыяктуу иликтөөлөр кишинин мүнөзүндөгү сапаттарга гана басым жасабай, бул сапаттардын бири-бирине кандай таасир этерин эсепке алат.

Стресстин негизги булагы?

Ушул эле маселе боюнча норвегиялык изилдөөчүлөр: коомдук сайттарга көз каранды болуу коркунучуна - жалгыз бой жаш энелер; өзүн абдан жакшы көргөндөр; ошондой эле өзүн төмөн баалагандар кабылышы мүмкүн деп тыянакка келет.

Окумуштуулар 23 миңдей кишинин маалыматтарын анализдеп көрүп, "коомдук сайттарга байланып калуу (аддиктивдүү колдонуу) - эгону азыктандыруу жана өзүн өзү басынтуудан арылуу үчүн" деген тыянакка келет.

Башка иликтөөчүлөр болсо, коомдук сайттарга көз каранды болуунун өөрчүшүндө коомдук демографиялык факторлор чоң роль ойнойт деп эсептейт. Алардын тыянагында, киреше канчалык аз болсо, билим деңгээли канчалык төмөн болсо, адам ошончолук бул сыяктуу көз карандылыкка кабылышы мүмкүн.

2015-жылдагы Pew Research Center иликтөөсү көрсөткөндөй, коомдук сайттарга берилүү, көз каранды болуу стресске дагы байланыштуу. Бирок бул байланыш дайыма эле негативдүү мүнөзгө ээ боло бербейт. Айталы, коомдук сайттар эркектерге салыштырганда аялдарга көбүрөөк терс эмоцияларынан арылууга, өзүн жакшы сезүүсүнө жардам берген учурлары бар.

Коомдук сайттарга көз каранды болуу башка өнөкөт адатка айланган көйгөйлөргө себеп болуп калышы мүмкүн. Мисалы, смартфондорго көз каранды болуу, номофобия (телефонсуз калгандагы коркунуч), ошондой эле FOMO (fear of missing out -кызыктуу окуялардан кур калуу маанисинде) деп аталган коркунуч.

Америкалык психиатр Ашвини Надкарни жана Стефан Гофман түшүндүргөндөй, коомдук сайтка көз каранды болуунун негизинде бири-бирине байланышкан эки нерсе жатат: коомго таандык экенин сезүү жана өз пикирин билдирүү каалоосу.

Тынчсыздандырган белгилер

Коомдук сайттарга көз каранды болуу бир дагы өлкөдө психиканын бузулушу катары таанылган эмес. Аны интернетке көз каранды болуунун бир бөлүгү катары эсептесе болот. Бул деле азырынча бир дагы өлкөдө оору катары эсептелбейт.

Азырынча тажрыйбаларды жүргүзүп жаткан медицина дүркүрөп өсүп жаткан онлайн-дүйнөнүн артынан жетишүүгө аракет кылып жатат. Окумуштуулар бул сыяктуу көз карандылыкты аныктоо үчүн диагностикалык үлгүлөрдүн үстүнөн иш алып барууда.

Интернетке көз каранды болуунун белгилери байкалган тизмени карасак:

  • Интернетте эмне болуп жатканы тууралуу такай кабатырлануу;
  • Мурда алектенген жумуштарын жана коомдук мамилелерин интернетти такай колдонууга алмаштыруу;
  • Интерентти көп колдонорун түшүнүп туруп, бирок андан баш тартуу же убактысын кыскартууга эрки жетпей калуу;
  • Интернетте олтурганда жаман маанайын жана стрессти жок кылып жатам деп кабыл алуу;

Коомдук сайттарга баш-оту менен байланып калган учурдагы мына ушул сыяктуу белгилер сизди дарыгерге кайрылууга жана жашоо образыңызды өзгөртүү үчүн ойлонууга түртөт. (AbA)