“Өзүм энемин, бирок көп баланын энесинин канына забын болдум”

1994-жылы Руандадагы геноцидге он миңдеген аялдар катышкан. Бирок алардын кыргындагы ролу тууралуу көп деле сөз айтылбайт. Журналист Наталья Ожевсква геноцидге катышып, абакка кесилген аялдар менен сүйлөшүп келди.

Таң атпай суу алып келейин деп чыккан Фортунэйт Муканкуранга ошол күнү кылмышкерге айланды. Учурда түрмөдө отурган Фортунэйт 1994-жылы 10-апрелде болгон окуяларды эстеди.

Ал сууга басып бара жатканда топтошкон кошуналары эки эркекти сабап жатканын көргөн.

"Эки эркек жерге кулаганда колума чыбык алып, "Тутсилер өлүшү керек" деп кыйкырдым дагы аларды уруп кирдим. Бейкүнөө эки адамды өлтүргөн кылмышкерлердин бири менмин",-дейт 70 жаштагы Фортунэйт.

Бул эки киши этникалык кагылышууларда каза тапкан 800 миң тутси менен кыргынды колдобой койгон хутулардын катарына кошулган. Геноцид жүз күнгө созулган.

Эки адам өлгүчө сабалгандан кийин этникалык хуту болгон Фортунэйт үйүнө, жети баласына кайтып келген. Ал кылмышка өкүнүп, көзүн жумса эле ошол окуяларды элестете берген экен.

"Өзүм энемин, бирок көп балдардын энелерин өлтүрдүм",-дейт ал.

Эки күндөн кийин эки этникалык тутси бала эшигин каккылап, жардам сураган экен. Алардын ата-энесин өлтүрүп кетишкен, өздөрү калчылдап, ыйлап эмне кыларын билбей турган.

"Толкундай болгон өкүнүч"

Фортунэйт балдарды үйүнө киргизип, жашыруун кармаган. Алар кыргында аман калды.

"Эки тутси баланы куткарып калганым менен, эки адамды өлтүрдүм. Эки балага жардам бергеним, күнөөмдү жууп кетпейт",-дейт ал.

Фортунэйт Муканкуранга күнөлүү деп табылган 96 миң аялдардын бири. Алардын айрымдары чоң кишилерди өлтүрсө, башкалары балдардын өмүрүн кыйды. Көптөр эркектерди сексуалдык зордук-зомбулукка барууга тукурду.

1994-жылы 6-апрелде Руанданын теги хуту болгон президентинин учагы атылып түшүрүлгөн. Кылмышка ким барганы белгисиз калганы менен, экстремисттик хуту кыймылы этникалык тутсилерди күнөөлөп, өч алууга чакырган.

Бир нече сааттын ичинде, өмүр бою тутсилер жөнүндө жаман сөз угуп келген хутулар чогулуп, кыргынды баштаган. Геноцидге аялдар дагы катышканы талашсыз.

"Өз балдарына мээримин төгүп, кошунасынын үйүнө барып анын балдарын өлтүргөн эненин психологиясын түшүндүрүү абдан татаал",-дейт Регина Абанузе. Ал геноцид учурунда жабыркагандарга көмөк көрсөткөн Never Again уюмунда иштейт.

Руанданын мурдагы үй-бүлө жана аялдардын өнүгүүсү боюнча министри Поулин Ныйрасавухуко өлкөдө күчтүү аял лидерлердин бири эле. Ал геноцид жүрүшүнө катышып, 2011-жылы Эл аралык сот тарабына күнөлүү деп табылган. Поулин Ныйрасавухуко сексуалдык зомбулук жана адамзатка каршы кылмыш жасаганы үчүн соттолгон биринчи жана жалгыз аял.

Поулин Ныйрасавухуконун буйругу менен хуту аскерлери миңдеген тутси аялдарды полиция бекитине камап, зордуктаган эле. Бирок саясатчы менен бирге башка аялдар дагы эркектерди зомбулукка барууга тукурган.

Кыргынга карата эки башка көз караш

Марта Мукамушинзимана беш баланын энеси. Ал 15 жыл бою кылмышын жашыруун кармап келип, 2009-жылы өзү полицияга кайрылып, кылмышын мойнуна алган.

Эне катары көптөгөн аялдар мындай зомбулукка барганын айтуудан тартынат. Бирок аны ичинде кармай албай, кыйынчылыкка туш болушат.

"Күнөөсүн мойнуна алгандан кийин убакыт керек. Биз алардын сөзүн, өкүнүчүн угабыз. Алар күнөөлүү экенин түшүнүп, кечирим сурагысы келет",-дейт Руанданын Нгома аймагындагы абактын башчысы Грэйс Ндаваний.

"Менин үйүм негизги жолдо жайгашкан. Эшиктен ышкырышып, кыйкырып жаткан топту уктум. Көчөгө чыксам тутси кошуналарымды чиркөөгө киргизип жатышыптыр",-дейт Марта.

Чакан чиркөөгө миңдеген тутсилер киргизилип, алар бир жума бою өмүрү үчүн күрөшкөн. 53 жаштагы Станислум Кайтера чиркөөдөгү кыргында аман калгандардын бири. Анын колунда граната жарылгандан кийин калган тырыктар көзгө урунат.

"Аялдар таш чогултуп, эркектерге берип жатышты. Эркектер болгон күчү менен биз тарапка ыргытты. Андан кийин ок чыгара башташты, граната ыргытышты, айрым кишилерди бирден кармап бензин чачып, өрттөп салышты. Бир учурда чиркөөнүн ичине кирип, союл менен бизди сабап киришти",-деп эстеди Станислум.

Марта болсо башка хутулардын буйругун аткарганын айтат.

"Ымыркай баламды артыма байлап, башка аялдардай эле таш чогултуп кирдим. Эркектер бул таштар менен чиркөөдө жашынып тургандарды өлтүрдү",-дейт ал.

Марта 2009-жылы абакка отурганда, анын туугандары беш баласын карабай коюшкан.

"Геноцид бүтүндөй коомго болгон кылмыш. Жабыркагандардан тышкары, кылмышка баргандар дагы жардамга муктаж болот",-дейт Руанда улуттук биримдик уюмунун башчысы Фиделе Ндайсаба.

Геноцидге катышкан аял кылмышкерлер жабыркагандарга ачык кат жолдоп, күнөөсүн мойнуна алат. Алар көп жылдан кийин гана кошуна тутсилердин ишенимине кирет.

Абактан бошогон аялдар кайрадан коомго аралаша албай кыйналат. Себеби алардын балдары чоңоюп кеткен, күйөөлөрү кайрадан үйлөнгөн, коомчулук түрмөдөн чыккан аялдарга терс көз карашта. Ошол эле учурда этникалык жек көрүүдөн арылуу жараяны абдан татаал. Айрым аялдар кечирим сураганы менен, теги тутсилерге карата жек көрүүсүнөн баш тартпайт.

"Ооба, айрым аялдар кылмышын мойнуна албайт. Бирок алардын саны азайып бара жатат",-дейт Ндайсаба.

"Көз жашымды кармай албай койдум"

Фортунэйт Муканкуранга төрт жыл абакта отургандан кийин гана күнөөнү мойнуна алган. Ал биринчи жолу көчөдө өлтүргөн кишинин уулу менен жолукканын эстеди.

"Ал көңүлү ачык жигит экен. Аны көрүп ыйлап жибердим, кечирим сурадым, кучактап алып ыйладым",-дейт Фортунэйт.

Эми Фортунэйт абактан чыккандан кийин үй-бүлөсү менен аралашып кетүүнү ойлоп жатат.

"Абактан чыгып, үйгө барганымда аңсезим тынч болот. Бир гана үй-бүлөмдү ойлоп, балдарымды, жакындарымды карайм. Кылмышка барганым үчүн жоопко тартылдым, азыр жазамды алып жатам. Эне катары түрмөгө отурганыма өкүнөм",-деп кошумчалады ал.