Трамп АКШнын мусулман дүйнөсүнө мамилесин өзгөртөбү?

    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

АКШнын 45-президенти Дональд Трамп мындан бир жыл мурда мусулмандарды АКШга киргизбей туруу керек деген оюн айткандан кийин дүйнө лидерлеринин катуу сынына кабылган. Бул сөзү үчүн британ премьер-министри Дэвид Кэмерон аны “аңкоо, тажаал жана акылы ордунда эмес” деп жооп кайтарган. Эми ал президент болду, бул учурда дүйнө мусулмандарына, анын ичинде дээрлик 80% мусулман болгон Кыргызстанга карата АКШ саясатын канчалык өзгөртүшү мүмкүн? Бул суроо менен Би-Би-Си Борбор Азиядагы Америка университетинин окумуштуусу, саясий серепчи Эмил Жураевге кайрылды.

Саясий серепчи Эмил Жураев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саясий серепчи Эмил Жураев

Эмил Жураев: АКШнын эки жүз жылдан ашык конституциялык-республикалык тарыхында ар кандай кырдаалдар болуп келген. Бир жагынан алганда Трамптын жеңиши өтө эле тажрыйбадан чыккан, башкача кубулуш болуп жатат. Бирок ошол эле кезде өлкөнүн институттарынын конституциялык түзүмүнүн бекем болгондугуна байланыштуу жалаң бир киши келип, ал мамлекеттин ички жана тышкы саясатын түп тамыры менен өзгөртүп салуусу өтө кыйын.

Би-Би-Си: Трамптын шайлоо өнөктүктөрү учурундагы риторикасын эске алганда, АКШ менен мусулман дүйнөсү ортосундагы мамиле кандай нукта өзгөрүшү мүмкүн?

Эмил Жураев: Менимче, Трамптын бул айткан сөздөрү шайлоо өнөктүгүнүн эң башында болчу. Кийин аны эл сындап, кайра-кайра суроо бергенде, ал кетенчиктеп, сөздөрүн жумшартып айткан жерлери бар. Бирок кандай болгон күндө да Трамптын эң башында мусулмандарга бут тоскоол кылып, киргизбей коюу же аларга көзөмөл жүргүзүү тууралуу айткандары шайлоо арасында айтылган ураан сөздөр бойдон калып калчудай болуп турат.

Менимче, бул жалаң эле калктын арасында кандай ойлор, кандай коркунучтар бар экенин байкап туруп, орточо шайлоочу кандай нерселерге көбүрөөк көңүл бурарына жараша табылган стратегия болчу. Дональд Трамптын күчтүү динчил көз-карашы деле, идеологиясы деле жок деп ойлойм.

Би-Би-Си: Ал эми Ирак, Сирия сыяктуу өлкөлөрдөгү кан төгүүлөрдү токтотууда Трамптын аракети кандай болушу мүмкүн? Анткени, ал үгүт иштери учурунда «Ислам мамлекетине» каршы катаал чараларды көрөм деп айтканы бар.

Эмил Жураев: Бул жагынан ал өзгөчө бүдөмүк жана дайыны жок сөздөрдү айткан болчу. Анткени «Ислам мамлекети» тобуна каршы кимдер гана иштеген жок. Канчалаган күчтүү мамлекеттер аралашып жатат. Мунун оңой же бат чечилчү жолу болсо, жеңил эле болмок. Трамп буга чейин бизнесмен болуп келген, бир күн да армияда болгон эмес, саясатка аралашпаган киши мындай чоң маселени чечип коет дегенге эч ким ишенбейт. Ал мындай сөздөрдү добуш топтоо үчүн шайлоо алдында гана айткан.

Жалпылап айтканда, бир кубулушту байкашыбыз мүмкүн. Бул деген АКШнын тышкы саясаттагы активдүүлүгү, ал Украинанын Орусия менен эки жаат болуп талашканын жокко чыгарышы мүмкүн. Анын ою боюнча, Америкага керек эмес, экономикалык кызыкчылыгына шайкеш келбеген иш-чараларды токтотуу керек.

Бирок ошол эле учурда кайсы жерде болбосун Америка экономикалык кызыкчылык үчүн кийлигишип келет. Президент болуп шайлангандан кийин анын командасы бар, министрлер бар. Алар да Трамптын көз карашына таасир этиши мүмкүн.