Музейдеги өрттүн себеби тактала элек

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

Мамлекеттик тарых музейинин жетекчилиги өрттөн баалуу экспонаттар жабыркаган жок деп жатат. Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себеби менен кесепеттери изилденип жатканын билдирди. 300 чарчы метр жери күйгөнү айтылган музейдин жоготууларын музей тармагынын адистери да изилдемекчи.

Ремонттон улам тегереги тосулуп турган Мамлекеттик тарых музейине жакын барсаң дале түтүн жыттанып турат. Өрттүн себеби дале тактала элек.

Музейдин директору Анаркүл Исиралиева менен байланыштык. Ал баалуу экспонаттар башка жакта болчу, азыр аны элге далилдеш үчүн музейге алып келип койдук деди.

“Боз үйдүн кийизи күйүп, ошол жактан түтүн чыгыптыр. Андан креслолорго өткөн, килемчелер күйгөн. Түтүн алдына кете берген. Бардык баалуу эскпонаттар чыгарылып, башка жерде сакталып жаткан. Аларды бүгүн алып келип, сырткы ороосун ачып журналисттерге көрсөттүм”, - деп ишендирди Исиралиева.

Анаркүл Исираилеванын айтымында, өрт биринчи кабаттагы жыйындар залында башталып, анын тушундагы экинчи кабатка өткөн. Залда оңдоого берилет жана жок кылынат деген экспонаттар калган, дейт ал.

22-июлда кечки саат ондон өткөндө өрт тууралуу өрт өчүрүүчүлөргө билдирүү түшкөн. Аны таңкы төрт жарымдан өткөндө өчүрүп бүтүшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр маалымат каражаттарына алар кирип барганда коюу түтүн каптап, эч нерсе көрүнбөгөнү тууралуу айтып берип жатышат.

Бишкек шаардык өрткө каршы кызматынын бөлүм инспектору Талант Омурбаевдин билдиришинче, өрттү өчүрүүгө ар райондон, куткаруучу кызматтан жана куткаруучуларды даярдоо борборунан бир канча топ барган.

Жалпысынан беш өрт өчүрүү унаасы, 150дөй киши тартылган.

Мамлекеттик тарых музейинин сыртын жана тегерегин оңдоо долбоору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекеттик тарых музейинин сыртын жана тегерегин оңдоо долбоору

Омурбаев өрт өчүрүүчүлөр жабыркаганын тастыктады.

“Түтүндөн көрбөй, бир темир түшүп кеткенде Данияр Ибраимов деген жигит тизесинен жаракат алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир куткаруучусу да жараланган. Ошондой эле уулангандар да болду, аларга биринчи жардам берилген”, - деди Омурбаев.

Музейдин жетекчилигинин айтымында, өрттүн себептерин териштирүү үчүн тергөө жүрүп жатат. Маданият министрлиги иликтөөгө музей тармагынын адистери да тартылып жатканын билдирди.

Ал эми Тарых музейинин директору Анаркүл Исираилова музейдин экпонаттар сакталган жеринде жумушчулар түнөп жатканы жана өрттүн себеби тууралуу сурообузга мындай жооп берди:

“Жумушчулар күнү-түнү иштеп жаткандыктан кирип эс алып, кайра чыгып жатышат. Ишти убагында бүтүрүү үчүн азыр да иштеп жатышат. Ал эми өрттүн себебин экспертиза аныктамайынча айтыш кыйын, өзүм да таң калып жатам, мен электр зымдарынан деп божомолдоп жатам”, - дед Би-Би-Сиге Анаркүл Исиралиева.

Мамлекеттик тарых музейи марттын аягында ремонт үчүн жабылган. Түркиянын ТИКА башкармалыгынын каржылоосу менен үч этапта оңдолуп түзөлөт. Ушу тапта биринчи этабы жүрүп, анда музейдин сырты, тегереги, алдындагы Манас эстелги оңдолууда. Ремонт иштеринин буюртма ээси саналган Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги сырты ремонт болуп жаткандыктан өрттөн алардын иши жабыркабаганын айтты.

Мамлекттик тарых музейинин ичи, 2011-жыл

Сүрөттүн булагы, BBC World Service

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекттик тарых музейинин ичи, 2011-жыл

Экинчи этапта музейдин ичи ремонттолот, үчүнчүсүндө жалпы жасалгалоо, экспонаттарды жайгаштыруу жүрөт. Биринчи этабы Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүп, “Ала-Тоо” аянтынан тарта Манастын эстелигинин артына чейин оңдолот.

Ремонт иштерине жалпы 15 миллион доллар бөлүнөрү кабарланган.

Музей 1925-жылы түзүлүп, азыркы имараты 1984-жылы курулган. Ал жерде 135 миңден ашык артефакттар бар. Материалдык жактан эң баалуу делгендери алтын, күмүштөн жасалган экспонаттар. Ошондой эле мумия, мамлекеттин тарыхына тиешелүү документтер сакталган.