Кыргызстан "7-апрель элдик революция күнүн" белгилеп жатат

Сүрөттүн булагы, official

Кыргызстанда 7-апрель элдик революциясына арналган иш чаралар өтүүдө. Эртең менен президент А. Атамбаев баш болгон өлкө жетекчилери «Ата-Бейитке» барып куран окушту, андан кийин Ала-Тоо аянтындагы алты жыл мурдагы окуяда курман болгондордун эстелигине гүл коюп, эскеришти.

Бул иш чарага ошондой эле кандуу окуяда курман болгондордун жакындары, апрель революциясынын катышуучулары, коомчулук өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеӊеш бир күн мурда 7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алды.

Демилгечилердин бири депутат Рыскелди Момбековдун берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу алты жыл мурда болгон революциянын мамлекеттик статусун бекемдөө максатында 7-апрелди Элдик Апрель революциясы күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө сунушталган.

2016-жылдын 4-апрелинде Президент Атамбаевдин “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” Жарлыгын чыгарды.

Ага ылайык, 17-март жыл сайын белгиленүүчү “Аксы окуяларынын күнү” деп, 24-март “2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнү” деп жарыяланды.

Ал эми 7-апрель – «Элдик Апрель революциясы күнү» катары Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталган.

"Ыйык майрамдардын бири болот"

Президент Атамбаев 6-апрелде Элге кайрылуу жасап, "бул ыйык күндөрдү да сасык саясий оюнга айлантам дегендер аз эмес" деп белгилеп, кайгы менен муңга толгон күн кантип майрам болот дегендерге жооп берген.

"Биринчиден, 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөш жолунун үч ашуусу экенин унутпасак. Бир жолдун үч ашуусу, бир күрөштүн, бир кармаштын үч эң маанилүү күндөрү экенин унутпасак. Экинчиден, эзелтен эле дүнүйөдө кандай гана эл болбосун күрөштүн, кармаштын, согуштун башталышын же ортосундагы жеңиштерин майрамдабайт, соңку жеңиш күнүн майрамдайт. Үчүнчүдөн, кандай элди, кандай өлкөнү албайлы, алар азыркы мезгилде майрамдаган тарыхый күнү убагында канчалык кайгылуу, муңдуу күн болсо да, азыр ал күндөр ошол элдер үчүн, ошол өлкөлөр үчүн эң шаңдуу, эң салтанаттуу майрам болуп эсептелинет. Мисалы, Францияда Бастилия чебинин алыныш күнү, бир катар мурдагы совет өлкөлөрүндө 9-май Жеңиш күнү жана башка ушуга окшогон күндөр дээрлик ар бир мамлекетте бар. Албетте, мындай майрам күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы аралаш, көз жаш аралаш болот. Бирок бара-бара эң сүйкүмдүү, шаӊдуу майрамга айланат. Мен ишенем, бара-бара 7-апрель майрамы да кыргыз эли үчүн ошондой салтанаттуу, ыйык майрамдардын бири болот",-деп билдирген президент Алмазбек Атамбаев.

Соттук териштирүүнүн аягы көрүнбөйт

2010-жылы Кыргызстанда көп миңдеген адамдар ошол учурдагы президент Бакиевди үй-бүлөлүк коррупциялашкан режим орнотту деп айыптап, каршылык акцияларына чыгышкан. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана жакындары менен өлкөдөн качып кетип, Беларуска барып баш калка тапкан.

Ак үйдүн алдында демонстранттарга ок атылып, сексенге жакын адам курман болуп, үч жүздөн ашуун адам ар кандай жаракат алышкан.

2010-жылы бийлик алмашууга алып келген кандуу окуялардын ак-карасы ажыратуу боюнча соттук иштер алты жыл өтсө да бүтө элек. Өкмөт үйүнүн алдында кан төгүлгөн окуя боюнча айыпталгандардын иши азыр соттун экинчи инстанциясында каралууда.

Апрель революциясында Өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга ок атылып, кан төгүлүп, сексенге жакын адам курман болгон.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Апрель революциясында Өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга ок атылып, кан төгүлүп, сексенге жакын адам курман болгон.

Соттун биринчи инстанциясы бул ишти үч жарым жыл карады. Байкоочулар соттук териштирүү ар тараптан кысым болгон оор шарттарда өтүп жатканын, көп жагдайлар аныкталбаганын белгилеп, ошол себептүү анын объективдүү бүтөөрүнө көз жетпейт деп келатышат.

Оппозициянын планы

Апрель революциясында бийликке келген күчтөр бүгүн өздөрү кайрадан жаңы оппозициянын сын дооматына кабылууда. Президент Атамбаевди анын каршылаштары мурдакы бийликтин каталарын кайталап, оппозицияга куугунтук салууда деп жатышат.

Бийликти күч менен кулатуу планы боюнча шектелип, оппозициядагы үч саясатчы камакка алынганына аз эле күн болду. Президент Атамбаев өз кезегинде аларды оппозиция эмес, “эл бузарлар” деп атап, алардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтууда.

Ал ортодо бир катар активисттер бийлик менен оппозициянын ортосунда орточулук кылып, эки тарапты сүйлөшүүгө көндүрүп, жолугушууларды уюштурууда. (КС)