Тарых музейин реконструкциялоо башталат

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Кыргыз мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштери башталуу алдында турат. Буга чейин кыргыз-түрк президенттери келишип, түрк тарап музейди ремонт кылууну өз жоопкерчлигине алып, 15 млн $ акча бөлөрүн айткан. Бирок реконструкция иштери башталардан мурда, долбоор коомдо кызуу талкууга жем таштоодо. Айрымдары, ремонт иштери бүтүндөй тарыхты бурмалайт дешсе, дагы бирилери, эскилиги жеткен Тарых музейи сөзсүз заманбап стилде ремонттон өтүшү керек дешет.
“Дубалдарга жабыштырылып жасалган сүрөттөр, бир катар экспонаттар кандай болуп нагыз келбетин сактарына кыжалтмын. Ремонт болгондо алардын баары талкаланып, ар жерде калабы деп корком. Бул кийинки муундардын алдында дагы абдан жоопкерчиликтүү иш. Эски доордон калган байлыктардын ошол бойдон калганы жакшы, бир аз суу тамган, клей аккан жерлерин оңдоп койсо жетиштүү”, - дейт философия илимдеринин доктору Клара Ажибекова.
Деген менен Тарых музейинин жетекчилиги коомчулукту эч кандай кооптонбоого чакырууда. Анткени сакталып келген бардык элементтер сөзсүз, кылдаттык менен кайра коюлмакчы.
“Баарыбыз көрүп, билип тургандай музейдин эскилиги жеткен. Жамгыр жааса ичине чейин суу кирет, клейлери агып, ыңгайсыздык жаратат. Ичи да абдан суук. Булар реконструкция учурунда эске алынчу жагдайлар.
Совет доорунда кыргыз маданияты эң гүлдөп турган учуру болгон. Аны бурмалоого эч кимдин акысы жок. Андан сырткары, музейдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан, азыркы экспозиция Кыргызстандын өнүгүү тарыхынын негизги этаптарын чагылдыра албайт. мындан улам музейде сакталган уникалдуу 135 миң экспонаттын көпчүлүк бөлүгү экспозицияга коюлбай, көрүүчүлөргө жетпей жатат. Буюрса алардын баары камтыган музей жасалмакчы”, - дейт Тарых музейинин жетекчиси Анаргүл Исраилова.
Кыргызстанда азыр 44 мамлекеттик музей бар. Алардын ичинен эң чоңу Тарых музейи. Ага акыркы 30 жылдан бери эми гана ремонт иштерине көзгө толорлук акча бөлүнүп отурат. Ошол акчага кыргыз тарыхын нагыз чагылдырган музей жаралабы, же Совет учурунан калган экспонаттардын талкаланган элестери калабы азырынча белгисиз. (SA)






