Москвада өрттөн сегиз кыргызстандык курман болду

Сүрөттүн булагы, AP

Москвада кийим тигүүчү цехте каза тапкан 12 адамдын сегизи кыргызстандык экени, алардын ичинде жашы жете элек бала бар экени белгилүү болду.

Мигранттардын өлүмүнө алып келген өрт Москвада Сромынка көчөсүндөгү кийим тигүүчү цехте болгон. Москвадагы кыргыз элчилигинин алдын ала маалыматка караганда, каза тапкан кыргызстандык жарандардын баары Баткен областынан баргандар, экөө Россияда жашаган этникалык кыргыздар, калган экөө өзбекстандын жарандары.

Өрт кырсыгынан эки кыргыз жараны, бир орус жараны, бир өзбек жараны кутулуп чыккан.

Бүгүн Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев бул окуяга байланыштуу оперативдүү жыйын өткөрүп, каза тапкандардын сөөгүн алып келүү боюнча колдон келген жардамдарды көрсөтүү заырылдыгын айтты. Бул ишке көзөмөл жүргүзүү боюнча жоопкерчиликти өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине тапшырды.

Өкмөт башчы бул окуяны чоң трагедия катары баалады. Ал каза тапкандардын жакындарына да медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Учурда өкмөт башчынын тапшырмасы менен вице-премьер министр Гульмира Кудайбердиеванын Москва шаарына жөнөп кеткени белгилүү болду. Өкмөттүн алдындагы миграция кызматы каза тапкандардын сөөгү мекенине бекер жеткириле турганын билдирүүдө.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги алдынала маалыматрага таянып, өрттөн каза тапкандардын тизмесин жарыялады.

1. Масалиева Сажида Зиёвидиновна, 26.04.1988-жылы туулган. Баткен району, Кызыл-Бел айылы.

2. Салиева Токтокан Маматазимовна, 11.07.1983-жылы туулган. Баткен району, Таян айылы

3. Салиева Уулкан Маматазимовна, 1997-жылы туулган.

4. Иса кызы Айзат, 16.02.1995-жылы туулган. Баткен облусу, Кайыңды айылы,

5. Миликаждар уулу Кошонбай, 04.05.1990-жылы туулган.

6. Козуев Төлөгөн Мухтаралиевич, 15.11.1991-жылы туулган.

7. Манас ысымдуу 1995-жылы туулган жаран. Ал Козуев Төлөгөндүн бир тууганы.

8. Даниель, 4-5 жашта.