Атамбаев: Кыргызстан ГЭС куруу боюнча Орусия менен келишимдерден чыгат

Сүрөттүн булагы, b
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн 24-декарбда өткөн басма сөз жыйынында Орусия менен жетишилген айрым, айрыкча гидроэлектростанциялар боюнча келишимдер аткарылбай калышы мүмкүн экенин билдирди. Ал башка инвесторлорду тартууну сунуштады.
"Менин оюмча айрым долбоорлор ийгиликтүү аяктабай калышы ыктымал. Россия менен биз үч өкмөт аралык келишимге кол койгонбуз: “Газпром” боюнча келишим мыкты, эми биз быйыл декабрда бир жакка барып газ сурабайбыз. Эки келишим ГЭСтер боюнча. Мен Орусия президенти, корпорациялардын жетекчилери менен жолуктум. Бирок учурдагы кризис маалында объективдүү себептер болгон үчүн ал келишимдер аткарылбай да калышы мүмкүн. Биз аны түшүнөбүз. Биздин орус кесиптештерибиз аларды аткара албайт. Кыргызстан бул долбоорлордон чыгып, башка инвесторлорду тартышы керек”, - деди президент.
Ал ошондой эле "Биз Жогорку Нарын ГЭСтер каскады качан курулат деп күтүп жүрө албайбыз. Мен Владимир Владимировичке "кечиресиз, бирок биз башка инвесторлорду издейбиз" деп айттым. Алар түшүндү.
"Камбар-Ата-1" долбоорун эч ким баштаган да эмес. Жаңы инвесторлорду издөө дайыма кыйын. “РусГидронун” жетекчиси Евгений Дод болуп турганда ал жерде жылыштар болуп турган. Бирок мен узак курулуштарды жактырбайм. Путин мени түшүндү. Бул жерде саясат жок", - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.




